31-августта Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын толук курамы күчөтүлгөн тартипке өтөт

31-августта Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын толук курамы күчөтүлгөн тартипке өтөт. Бул тууралуу ведомство башчысынын орун басары Байыш Ашырбеков билдирди.   Анын айтымында, Эгемендүүлүк күнүнө карата башкы иш-чаралар Аламүдүн районундагы капчыгайда өтөт. Жол инспекторлору аймакта 30 унаа менен нөөмөт жүргүзөт.   Андан тышкары, капчыгайда 11… Кененирээк…

Нарында президенттин кубогу үчүн көк бөрү боюнча мелдеш башталды

Нарын районунун Эмгекчил айылындагы ипподромдо Эгемендүүлүк күнүнө карата президенттин кубогуна арналган улуттук ат оюндары боюнча республикалык мелдеш башталды. Бул туурасында аймактык кабарчы маалымдады.   Иш-чаранын ачылышына президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Эргешов баш болгон бир катар аткаминерлер катышты. Оюн башталар алдында ат майданына… Кененирээк…

Эртең Бишкектин айрым аймактарында электр энергиясы өчүрүлөт

Эртең Бишкектин айрым аймактарында электр энергиясы өчүрүлөт. “Түндүкэлектрдин” маалыматына ылайык, жарык эртең мененки саат 9дан кечки 6га чейин Юнусалиев, Жантөшов, Шевченко, Күрөңкеев, Калык Акиев көчөлөрүндө, Кара-Жыгач конушунда жана 6-4-кичи райондордо жок болот.   Убактылуу чектөөлөр ремонттук иштерге байланыштуу.

Мектептерде жаңы окуу жылында дагы санитардык талаптар сакталат

Мектептерде жаңы окуу жылында дагы санитардык талаптар сакталат. Ооруларды алдын алуу жана санэпидем көзөмөл башкармалыгынан билдиришкендей, окуу имаратынын кире беришинде милдеттүү түрдө санитайзерлер орнотулуп, социалдык аралык сакталышы керек.   Окуучулардын жанында ошондой эле антисептиктер болушу шарт. Кыргызстанда учурда беткап режими алынган, бирок күзгү-кышкы сезондо вирустар… Кененирээк…

Кыргызстанда быйыл биринчи класска кабыл алынган балдардын саны былтыркыга салыштырмалуу 13 миңге көп

Кыргызстанда быйыл биринчи класска кабыл алынган балдардын саны былтыркыга салыштырмалуу 13 миңге көп.  Бул тууралуу кененирээк Билим берүү министринин орун басары Уланбек Мамбетакунов айтып берет.   “2022-2023-окуу жылына республика боюнча 166 миңге жакын бала биринчи класска келиши күтүлүүдө. Маалымат үчүн берип коеюн, мына 2021-2022-окуу жылында… Кененирээк…

Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолун куруу долбоорунун техникалык-экономикалык негиздемеси кийинки жылы аяктайт

Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолун куруу долбоорунун техникалык-экономикалык негиздемеси кийинки жылы аяктайт.  “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын башкы инженери Роман Спасский билдиргендей, негиздемени даярдоо үчүн Кытайдан 157 адис келген.   Алар эки топко бөлүнүп, Нарын жана Жалал-Абад облустарында иштеп жатат.   Курулушту ким каржылай турганы чечиле элек,… Кененирээк…

Кыргызстанга Азербайжан жана Армениянын премьер-министрлери келишти

Азербайжандын премьер-министри Али Асадов жана Армениянын өкмөт башчысы Никол Пашинян Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынына катышуу үчүн Кыргызстанга келишти. Аларды «Ысык-Көл» эл аралык аэропортунан министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев тосуп алды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады. Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги… Кененирээк…

Аптаптуу ысык аба-ырайы жана кургакчылык европалыктардын айласын кетирүүдө

Аптаптуу ысык аба-ырайы жана кургакчылык европалыктардын айласын кетирүүдө.   Италиянын түндүгүндө жергиликтүү бийлик суу табуу үчүн көз ачыкты жалдады. Мындай кызмат 300 еврону турат жана акчаны мэр өз чөнтөгүнөн берүүгө макул болду.   Көзү ачык шаар жетекчисин бир нече суу булагын тапканына ишендирди. Анын айтканы… Кененирээк…

Эгемендүүлүк күнүнө карата Маданият министрлиги чоң программа даярдады

Эгемендүүлүк күнүнө карата Маданият министрлиги чоң программа даярдады. Майрамдык иш-чаралар Аламүдүн районундагы жайлоодо өтөт. Ал жерде боз үйлөрдөн этно айыл тургузулуп, ар кандай сынактар жана мелдештер уюштурулуп, өлкөнүн булуң-бурчунан 1 миңден ашык адам чогулат.   Элдик сейилдөөлөр ошондой эле Бишкектин ар бир районунда өтөт.  … Кененирээк…

Мектептерде жаңы окуу жылы 1-сентябрда башталат

Мектептерде жаңы окуу жылы 1-сентябрда башталат. Бул тууралуу расмий түрдө Билим берүү министринин орун басары Уланбек Мамбетакунов жарыялады.   “Азыркы учурда өлкөдө жана дүйнөдө санитардык абал турукташып калды. Андан тышкары, ата-энелердин суроолору боюнча министрликтин тарабынан токтомдун долбоору даярдалган. 15-сентябрдан, 1-сентябрга окуу жылын баштоо белгиленген. Мурдагыдай… Кененирээк…