Карим Бензема УЕФА версиясы боюнча сезондун мыкты футболчусу деп аталды

Карим Бензема УЕФА версиясы боюнча сезондун мыкты футболчусу деп аталды. Өткөн сезондо француз оюнчусу “Реал” менен Чемпиондор лигасын жана Испания чемпионатын утуп алган.   Ал Ла Лиганын алкагында 32 беттеште 27 гол киргизип, 12 ийгиликтүү пас берди. Чемпиондор лигасында Бенземанын жеке эсебинде 15 гол бар… Кененирээк…

Алматы менен Ысык-Көл жээгинин ортосундагы легендарлуу тоо маршруту кайрадан туристтер үчүн ачылат

Алматы менен Ысык-Көл жээгинин ортосундагы легендарлуу тоо маршруту кайрадан туристтер үчүн ачылат. Бул тууралуу Туризмди өнүктүрүү фондунан билдиришти. Көптөн бери жабык турган каттамды Сары-Булак аркылуу ашып өтүү пландалууда.   Тоо жолу менен биринчилерден болуп эки өлкөнүн чиновниктеринен, ишкерлерден, депутаттардан, коомдук ишмерлерден турган топ өтөт. Саякатчылар… Кененирээк…

Кыргызстанда мугалимдер жетишсиздиги боюнча маселе дале курч

Кыргызстанда мугалимдер жетишсиздиги боюнча маселе дале курч. Бул тууралуу кененирээк Билим берүү министринин орун басары Уланбек Мамбетакунов айтып берет.   “Өзгөчө табигый предметтер боюнча мугалимдер жетишсиз болуп атат, республика боюна. Министрлик тарабынан жыл сайын анализ-мониторинг жүргүзүлөт кайсы окуу жайында, кайсы мектепте мугалимдер жетишпейт деп. Кыргыз… Кененирээк…

Электр энергиясына чектөөсүз тариф  тиричилик эмес керектөөчүлөрүнө дагы киргизилиши мүмкүн

Электр энергиясына чектөөсүз тариф  тиричилик эмес керектөөчүлөрүнө дагы киргизилиши мүмкүн. Тиешелүү токтом долбоорун Энергетика министрлиги иштеп чыкты.   Документке ылайык, тарифтин баасы 1 киловатт-саатка 5 сом 4 тыйынды түзөт. Техникалык мүмкүнчүлүктөр болсо тиричилик эмес керектөөчүлөр дагы электр энергиясы менен чектөөсүз колдоно алат. Анын ортосунда, энерго… Кененирээк…

Бишкектин бир нече аймагында 5 күн жаратылыш газы өчүрүлөт

Бишкектин бир катар аймагында жаратылыш газы убактылуу өчүрүлөт. Бул тууралуу «Газпром Кыргызстан» ишканасынан билдиришти. Маалыматка ылайык, «Түштүк Парк» турак жай комплексинин керектөөчүлөрүнүн шаардык газ тармагына кошулганына байланыштуу 29-августтан 2-сентябрга чейин Бишкектин айрым аймактарында жаратылыш газын берүү убактылуу токтотулат.   Коопсуздукту камсыздоо максатында иш орто басымдагы… Кененирээк…

Бишкекте милиция кызматкери пара алып жаткан жеринен кармалды

Бишкекте Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын 1-шаардык милиция бөлүмүнүн башчысы Ч.А. пара алууга шектелип кармалды. Маалыматты УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.   Белгиленгендей, кызматкер Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренеси «Опузалап пара талап кылуу» боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган кылмыш ишинин алкагында кармалган.   Ал жарандардан түшкөн арыздарды… Кененирээк…

Кочкордо көпүрөнүн курулушу боюнча кылмыш иши козголду

Нарын облусунда Кочкор-Кара-Тоо айылдарын бириктирип турган көпүрөнүн курулушу боюнча кылмыш иши козголду. Бул жөнүндө Башкы прокуратурадан кабарлашты.   Маалыматына ылайык, Кочкор райондук прокуратурасы тарабынан Кочкор-Коммунизм автожолунун 1-500 чакырымындагы Чу дарыясынан өтүүчү чоң көпүрөнүн курулушу боюнча текшерүү иштери жүргүзүлгөн.   Анда бюджеттик каражаттар мыйзамсыз жеке курулуш… Кененирээк…

Этникалык кыргыздарды ЖОЖдорго кабыл алуу мөөнөтү узартылды

Этникалык кыргыздарды ЖОЖдорго кабыл алуу мөөнөтү 2-сентябрга чейин узартылды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти. Маалым болгондой, 2022-2023-окуу жылына карата Кыргызстандын ЖОЖдоруна чет өлкөдө жашаган этностук кыргыздарды окутуу үчүн 75 квота бөлүнгөн. Сынакка Казакстан, Кытай, Өзбекстан, Тажикстан жана Түркияда жашаган этникалык кыргыздар катыша… Кененирээк…

Чолпон-Атада өткөн Евразия өкмөттөр аралык кеңешинде кол коюлган документтер

Чолпон-Ата шаарында өткөн Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги отурумунун жыйынтыгында бир катар документтерге кол коюлду. Алардын тизмесин министрлер кабинетинин маалымат кызматы жарыялады. Документтер: «Евразия экономикалык биримдигинде өнөр жай кооперациясын каржылоо жөнүндө» буйрук; «Евразия экономикалык биримдигинин алкагында алкоголдук продукция рыногун жөнгө салуу жөнүндө макулдашуунун долбоору боюнча… Кененирээк…

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курамасы ФИФА рейтингинде  95-орунду ээледи

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курамасы ФИФА рейтингинде  95-орунду ээледи. Жаңыланган тизме кечээ жарыяланды. Биздин кураманын жеке эсебинде 1 миң 232 упай бар.   Азиялык футбол концедерациясы мамлекеттери арасында Кыргызстан 16-орунду ээлейт. Кошумчалап кетсек, дүйнөдөгү мыкты курамалардын сап башында – Бразилия, Бельгия жана Аргентина жайгашат.