Мамлекеттик кызматкерлердин айлыгын көтөрүүгө 7 млрд сомго жакын каралган
Мамлекеттик кызматкерлердин айлыгын көтөрүүгө 7 миллиард сомго жакын каралган. Бул тууралуу Каржы министрлиги билдирди. Мекемеден белгилешкендей, 1-августтан тарта бюджеттик тармакта иштеген 58 миң кызматкердин маянасы жогорулады. Аларга мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер, мамлекеттик мекемелерде иштеген кызматкерлер, кенже техникалык кызматкерлер, ошондой эле күч түзүмдөрүнүн жарандык кызматкерлери кирет.