Оштун Нариман айылында ири өрт кырсыгы катталды

Бүгүн Оштун Нариман айылындагы Ынтымак көчөсүндө ири өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, турак үйдүн 2 кабаттуу сарайы 150 түк чөбү менен толук өрттөнүп, өрттүн жалыны ага жанаша жайгашкан экинчи турак үйдүн ашканасынын жана мончосунун чатырына өткөн. Өрттүн чогу ошол… Кененирээк…

Роза Отунбаева БУУнун Афганистан боюнча атайын өкүлү болуп дайындалды

Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Антониу Гутерриш Ооганстан боюнча жаңы атайын өкүлү жана Бириккен Улуттар Уюмунун Ооганстанга жардам көрсөтүү миссиясынын (UNAMA) башчысы болуп Роза Отунбаеванын дайындалганын билдирди. Роза Отунбаева канадалык Дебора Лайонстун ордуна келди. Роза Отунбаева бул кызматка лидерлик, дипломатия, жарандык активдүүлүк жана эл аралык… Кененирээк…

Казакстандын борборун кайрадан Астана деп атоо сунушталууда

Казакстандын борборун кайрадан Астана деп атоо сунушталууда. Бул тууралуу Tengrinews.kz жазды. “Адамдын көзү тирүүсүндө шаар анын аты менен аталып калганын, анын үстүнө эл борбордун жаңы атын кабыл албай койгонун туура эмес деп эсептейбиз. Ошондуктан, бир убакта биринчи президент тарабынан сунушталган борбордун мурдагы атын – Астананы… Кененирээк…

Элдияр Калдарбеков “Кыргызалтындын” төрагасы болуп дайындалды

Эльдияр Калдарбеков “Кыргызалтын” ачык акционердик коомунун башкармалыгынын жаңы төрагасы болуп дайындалды. Ишкананын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, Кубанычбек Турдукожоев, Кубанычбек Рисбаев жана Бекмурза Өмүралиев төраганын орун басарлары болуп дайындалды. Эске салсак, буга чейин “Кыргызалтын” ААКсынын башкармалыгы толук курамда отставкага кеткен.

Күз-кыш мезгилине даярдык көрүү боюнча республикалык штабдын кеңешмеси өттү

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев экономиканын тармактарын жана калкты күз-кыш мезгилине даярдоо боюнча республикалык штабдын жыйынын өткөрдү. Жыйындын жүрүшүндө өлкөнүн суу-энергетикалык балансынын абалы, Бишкек шаардык ЖЭБ камсыздоо, бюджеттик мекемелерди жана калкты көмүр менен камсыз кылуу, ошондой эле энергетикалык объектилердин жылытуу мезгилине даярдыгы боюнча… Кененирээк…