Ордо калаада эртеңден тарта электр энергиясы үчүн карызы бар керектөөчүлөр жарыгы жок калышы мүмкүн

Ордо калаада эртеңден тарта электр энергиясы үчүн карызы бар керектөөчүлөр жарыгы жок калышы мүмкүн. Чүй электр тармактарынан билдиришкендей, тизмеде 3,5 миңден ашык абонент бар.   Ыңгайсыздыктарга кабылбаш үчүн жарандарга бүгүн карыздарын төлөө сунушталат. Муну “Кыргызпочтасы” бөлүмдөрү, электрондук капчыктар жана төлөм терминалдары аркылуу жүргүзсө болот.

Бишкектин курултайын өткөрүү белгисиз мөөнөткө жылдырылды

Бишкектин курултайын өткөрүү белгисиз мөөнөткө жылдырылды. Мэрия маалыматына ылайык, шаардык кеңештин иш-чаранын датасына байланыштуу токтом долбоору талкуудан алынды.   Андыктан, курултай качан өтөт, азырынча белгисиз. Буга чейин иш-чара 10-октябрда өтөт деп айтылып жаткан. Анда ордо калаанын 4 районунан 500 делегатты чогултуу пландалган.

Кыргызстан жолдорунда экологиялык транспорттун саны өсүүдө

Кыргызстан жолдорунда экологиялык транспорттун саны өсүүдө. Кытайдан эле биздин өлкөгө 7 ай ичинде 441 электромобиль экспорттолгонун коңшу өлкөнүн бажы башкармалыгынан билдиришти.   Алардын жалпы баасы 8 миллион доллардан ашат. Электр кубаты менен жүргөн унаалардын баасы 12 миң доллардан 35 миң долларга чейин жетет.

Кыргызстан энерго тармакты жаңылоого 58 миллион доллар алат

Кыргызстан энерго тармакты жаңылоого 58 миллион доллар алат. Энергетика министрлигинен билдиришкендей, сумманын жарымын грант катары Дүйнөлүк банк жана Швейцариянын экономика боюнча мамлекеттик катчылыгы берет. Калган бөлүк насыя катары берилет. Каражат бөлүштүрүүчү тармактарды санариптештирүүгө жана оңдоо иштерине, ошондой эле социалдык коргоо системаларын бекемдөөгө багытталат. Жыйынтыгында, энерго… Кененирээк…

Улуттук банк 16 жашка толгон жарандарга банк карталарын берүүнү пландап жатат

Улуттук банк 16 жашка толгон жарандарга банк карталарын берүүнү пландап жатат. Өлкөнүн башкы каржы мекемесинен билдиришкендей, бул накталай эмес төлөмдөр үлүшүн көбөйтүп, калктын каржылык сабаттуулугун жогорулатууга багытталат.   Жаңы эреже качан күчүнө кирет такталбайт. Белгилеп кетсек, учурга карата банк карталарын 18 жашка толгон жарандар гана… Кененирээк…

WhatsApp мессенджеринде жаңы функция пайда болот

WhatsApp мессенджеринде жаңы функция пайда болот. Эми колдонуучу өзүнө өзү билдирүү жөнөтө алат. Жаңычылдык Android жана iOS платформаларында жана компьютердик версияда жакынкы арадан тарта иштейт.   Функция кандайдыр бир сүрөт-видеолорду, документтерди, шилтемелерди же маанилүү билдирүүлөрдү жоготуп албай, бир жерде сактоого мүмкүнчүлүк түзөт.

Кыргызстандын альпинисттери  Гималайдагы Манаслу чокусуна чыгуу ниетинде

Кыргызстандын альпинисттери  Гималайдагы Манаслу чокусуна чыгуу ниетинде. Бул тууралуу өлкөнүн Альпинизм жана тоого чыгуу федерациясынын президенти Эдуард Кубатов билдирди.   Ал белгилегендей, буга чейин кыргызстандыктар Гималайга  экспедицияга барган эмес. эмес. Непал бийлиги спортчулардын демилгесин жакында эле жактырышты. Экспедиция 7-сентябрда старт алат, топко  7 киши кирет.… Кененирээк…

Мамлекеттик курулуш жана архитектура мамлекеттик агенттигинин жарым жылдагы инвестициясы 30 миллиард сомго жетти

Мамлекеттик курулуш жана архитектура мамлекеттик агенттигинин жарым жылдагы инвестициясы 30 миллиард сомго жетти. Ведомство маалыматына ылайык, декабрга чейин  өлкө аймагында 87 объекттин курулушу аяктап, колдонууга берүү сунушталып жатат.   Арасында 29 мектеп, 12 көп функционалдуу спорт зал, 9 бала бакча, 1 медициналык жай, 2 маданий… Кененирээк…

Түндүк-түштүк альтернативалык жолдун курулушу 2024-жылы жыйынтыкталат

Түндүк-түштүк альтернативалык жолдун курулушу 2024-жылы жыйынтыкталат. Бул тууралуу Унаа жана жолдор министрлигинен билдиришти. Ведомстводон эске салышкандай, трассаны куруу иштери 3 этапка бөлүнгөн.   Учурда экинчи жана үчүнчү фазанын алкагында активдүү жумуштар жүрүп жатат. Долбоорду ишке ашыруунун баасы 860 миллион долларды түзөт.

Бишкектин айрым көчөлөрүндө жана Аламүдүн айылында 4 күнгө газ өчүрүлөт

Бишкектин айрым көчөлөрүндө жана Аламүдүн айылында 4 күнгө газ өчүрүлөт. “Газпром Кыргызстан” компаниясынын маалыматына ылайык, 6-сентябрдан 10-сентябрга чейин Гидростроитель, Алма-Ата, Набережная, Панфилов, Гоголь, Иваницын көчөлөрүндө жок болот.   Убактылуу чектөөлөр газ түтүктөрүн оңдоо иштерине байланыштуу.