Казарманда жүз орундуу бала бакча капиталдык оңдоодон өткөрүлүүдө

Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун Казарман айылындагы 100 орундуу Жаңыл мырза мектепке чейинки билим берүү уюмунун мекемеси капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүүдө. Президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, демилге АРИС долбоору аркылуу каржыланып, 16 млн сомдон ашуун каражат бөлүнгөн. Азыркы учурда жумуштун 70 пайыздан ашууну аяктап калды.

Кыргызстанда “Таза Мурас” акциясы 17-сентябрда башталат

Кыргызстанда “Таза Мурас” акциясы 17-сентябрда башталат. Бул тууралуу президенттик аппараттын реформаларга мониторинг жүргүзүү жана талдоо бөлүмүнүн башчысы Азамат Темиркулов билдирди. Анын айтымында, акция мамлекет башчынын жарлыгынын алкагында өткөрүлөт. Белгиленгендей, иш-чара эки айга созулат.

Чаткалда милиция кызматкерлерине кызматтык турак жай курулууда

Чаткалда милиция кызматкерлерине кызматтык турак жай курулууда. Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын маалыматына караганда, курулуш иштерине Чаткал райондук социалдык пакеттин эсебинен жалпысынан 8 миллион сом каралган. Учурда анын 1 миллиону бөлүнүп, имаратка капсула салынды.

Кыргызстанда маданият кызматкерлери 64 миң сомго чейин айлык ала баштады

Кыргызстанда маданият кызматкерлери 64 миң сомго чейин айлык ала баштады. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, башкармалык башчысы социалдык төлөмдөр менен салыктарды эске алганда 35 миң 320 сом алып келсе, эми 64 миң 70 сом ала баштайт. Ал эми эң… Кененирээк…

16 жашка чыккан жарандарга банк карталарын берүү мөөнөтү азырынча тактала элек

Өлкөдө 16 жашка чыккан жарандарга банк карталарын берүү мөөнөтү азырынча тактала элек. Бул тууралуу Novosti.kgге Улуттук банктан билдиришти. Азыр укуктук, ошондой эле маалыматтык системаларды интеграциялоо маселелери чечилүүдө. Анын жыйынтыгы боюнча тесттик иш-чараларды өткөрүү пландаштырылууда, андан кийин гана долбоорду ишке ашыруунун конкреттүү мөөнөттөрү көрсөтүлөт. Өлкөнүн башкы… Кененирээк…

Нарында алты миллион сомдон ашык каражатка бала бакчанын корпусу ачылды

Нарында алты миллион сомдон ашык каражатка бала бакчанын 50 орундуу кошумча корпусу ачылды. Шаардык мэриянын маалыматына ылайык, курулуш иштери ушул жылдын апрелинде башталган. Нарын облусунда мектепке чейинки билим берүү мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү долбоорунун алкагында курулган имарат коомдук фонд тарабынан жана жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржыланды.

Жалал-Абадда заманбап таштанды контейнерлер орнотулуп жатат

Жалал-Абадда заманбап таштанды контейнерлер орнотулуп жатат. Жергиликтүү мэриянын маалыматына ылайык, шаар аймагына жалпы 292 урна коюлат. Учурда анын 34ү бир катар көчөлөргө жайгаштырылды. Контейнерлер жергиликтүү бюджеттен бөлүнгөн каражатка жана “Жаратылышты өнүктүрүү” фондунун колдоосу менен алынды.

Чолпон-Атада КМШ өлкөлөрүнүн ички иштер министрлеринин жыйыны өттү

Бүгүн, 8-сентябрда Чолпон-Ата шаарында Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигине мүчө мамлекеттердин ички иштер министрлеринин кезектеги жыйыны өттү. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, кеңешмеге Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов, Кыргызстан, Россия, Өзбекстан, Казакстан, Беларусь, Азербайжан, Армениянын ички иштер министрлери, Тажикстандын… Кененирээк…

Бишкекте жаңы бала бакча ачылды

Бишкекте жаңы бала бакча ачылды. Министрлер кабинетинен билдиришкендей, мектепке чейинки билим берүү мекемеси Жал-29 кичи районунда жайгашкан. Имарат 140 орунга ылайыкталган. Долбоорду ишке ашыруунун сметалык баасы 88 миллион сомдон ашты.

Араванда аз камсыз 50 үй-бүлө 100 миң сомдон алды

Ош облусунун Араван районунда аз камсыз 50 үй-бүлө 100 миң сомдон алды. Эмгек министрлигинин маалыматына ылайык, каражат мал чарбачылыгы, кол өнөрчүлүк, азык-түлүк дүкөндөрү, сулуулук салону жана күнөсканаларды ачуу сыяктуу багыттарда бизнес баштоого жумшалат. «Социалдык контракт» долбоорун ишке ашыруунун алкагында республикалык бюджеттен 292 миллион сом бөлүнүп,… Кененирээк…