И.Арабаев атындагы КМУга жаңы ректор дайындалды

Айгүл Абдраева И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетине ректор болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев кол койду. Билим берүү министрлиги 2022-жылдын 24-августунда мамлекеттик жогорку окуу жайлардын жетекчилерин кызматка дайындоо, бошотуу жана аттестациялоо тартиби жөнүндө жобого ылайык, И.Арабаев атындагы КМУнун ректорунун кызмат… Кененирээк…

Кыргыз-тажик чек арасында ок атышуулар толугу менен токтогону кабарланды

Кыргыз-тажик чек арасында ок атышуулар толугу менен токтогону кабарланды. Кыргызстандын Чек ара кызматынын маалыматына караганда, бүгүн Баткендеги үч жерде, Булак-Башы, Как-Сай, Паскы-Арык аймагында ар кайсы убакта ок атылды. Учурда Баткен облусунун Радар аймагында Баткен жана Тажикстандын Согди облустарынын жетекчилери баштаган делегацияларынын жолугушуусу өтүп жатканы маалымдады.

Түндүк Кореяда сулуулук салондорун жапырт жаба башташты

Түндүк Кореяда сулуулук салондорун жапырт жаба башташты. Бийлик жеке чач тарачтар менен күрөшүп жатат. Алар объектилер мыйзамсыз түрдө акча таап, индивидуализмди жайылтат деп эсептешет. Мындай мекемелердин ээлери айып пул төлөп, кылмыш жоопкерчилигине тартылышы мүмкүн деп коркутушууда. Ал эми мамлекеттик салондор иштей берет.

Өлкөдө энергетика министринин милдетин Таалайбек Ибраев аткармай болду

Өлкөдө энергетика министринин милдетин Таалайбек Ибраев аткармай болду. Тиешелүү жарлыкка Садыр Жапаров кол койгонун президенттин маалымат кызматынан кабарлашты. Белгилеп кетсек, Доскул Бекмурзаев тергөө мезгилине энергетика министри кызматынан убактылуу четтетилди. Буга чейин Башкы прокуратура ага карата кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактылары боюнча эки кылмыш иши… Кененирээк…

“Бишкекжашылчарба” ишканасына жаңы директор дайындалды

“Бишкекжашылчарба” муниципалдык ишканасынын директору болуп Айгүл Наватова дайындалды. Тиешелүү буйрукка Бишкек мэри Эмилбек Абдыкадыров кол койгон. Мэриянын маалыматына ылайык, Наватова буга чейин ишкананын директорунун орун басары кызматын ээлеген.

Садыр Жапаров ШКУ саммитине катышуу үчүн Өзбекстанга учуп кетти

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 14-сентябрда, Шанхай Кызматташтык Уюмуна (ШКУ) мүчө-мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин жыйынына катышуу үчүн иш сапары менен Өзбекстан Республикасынын Самарканд шаарына учуп кетти. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти. Саммиттин аянтчасында мамлекет башчысы жогорку деңгээлдеги бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт. Кыргыз Республикасынын… Кененирээк…

Кыргыз-тажик чек арасындагы абал чыңалуу бойдон турат

Кыргыз-тажик чек арасындагы абал саат 16:00гө карата чыңалуу бойдон турат. Бул тууралуу Кыргызстандын Чек ара кызматынан билдиришти. Мекеме эртең мененки саат 8ден бери «Баткен районунда тажик тарап баштаган ок атышуулар болуп жатат» деп билдирген. Маалыматка ылайык, Баткендин Булак-Башы, Как-Сай, Паскы-Арык аймагында маал-маалы атышуу болгон. Учурда… Кененирээк…

Эркин Тавашаров энергетика министринин орун басары кызматынан бошотулду

Эркин Тавашаров энергетика министринин орун басары кызматынан бошотулду. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, тиешелүү буйрукка министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон. «Аталган чечим “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине, “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат… Кененирээк…

Өлкөдө пенсиянын базалык бөлүгүнүн жаңы өлчөмү белгиленди

Өлкөдө пенсиянын базалык бөлүгүнүн жаңы өлчөмү белгиленди. Министрлер кабинетинин токтомуна ылайык, 1-октябрдан тарта пенсиянын базалык бөлүгү 3 миң 170 сом өлчөмүндө белгиленди. Ага ылайык, Социалдык фондго пенсияны өз убагында кайра эсептөө жана жаңы өлчөмдө төлөп берүүнү камсыз кылуу тапшырылды.

Кыргызстан жарым жылда 1,6 миллиард кВт/саат электр энергиясын импорттоду

Кыргызстан январдан июль айына чейин 1,6 миллиард киловатт-саат электр энергиясын импорттоду. Маалыматты Улуттук статистикалык комитет жарыялады. Кыргызстанга электр энергиясын негизги жеткирүүчү Казакстан жана Түркмөнстан болгон. Казакстандан 423 миллион 13 миң киловатт саат 6 миллион долларга же 1 киловатт саатка 1 центке жакын жеткирилген. Түркмөнстан Кыргыз… Кененирээк…