Кыргыз-тажик чек арасында абал дагы эле чыңалуу

Кыргыз-тажик чек арасында абал дагы эле чыңалуу. Бул тууралуу УКМКнын чек ара кызматынан билдиришти. Буга чейин жетишилген макулдашууларга карабай, тажик тарап кыргызстандык чек арачыларга жана калк жашаган түйүндөргө ок чыгарууда.   Биздин аскерлер жаңжалды токтотуу аракетин көрүүдө.

Кыргыз-тажик чек арасында жабыркагандардын саны 55ке жетти

Кыргыз-тажик чек арасында жабыркагандардын саны 55ке жетти.   Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, алардын арасынан үчөө амбулатордук дарыланууга жөнөтүлдү, калгандары ооруканага жаткырылды.   Андан тышкары,   15 жаштагы кызга ок тийип, ал каза тапты. Ведомстводон белгилешкендей, дагы курман болгондор болушу мүмкүн, бирок алар боюнча маалымат такталып… Кененирээк…

Бишкектин бир бөлүгүндө 20-сентябрда таза суу жок болот

Бишкектин бир бөлүгүндө 20-сентябрда таза суу жок болот. “Бишкек суу каналынын” маалыматына ылайык, эртең мененки саат 9дан кечки 6га чейин суу Достоевский, Анкара, Ауэщов көчөлөрүн жана темир жол линиясын бириктирген бөлүктө, ошондой эле Алтын-Ордо, Кара-Жыгач конуштарында жок болот.   Убактылуу чектөөлөр ремонттук иштерге байланыштуу.

Улуттук госпиталдын дарыгерлерден турган 3 бригадасы Баткенге жабыркагандарга жардам берүү үчүн жөнөп кетти

Улуттук госпиталдын дарыгерлерден турган 3 бригадасы Баткенге жабыркагандарга жардам берүү үчүн жөнөп кетти. Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришкендей, бригаданын курамында хирургдар, реаниматологдор жана орто медицина персоналы бар.   Белгилеп кетсек, акыркы маалыматтарга ылайык, кыргыз-тажик чек арасында жабыркагандардын саны 42ге жетти. Алар Баткен облустук ооруканасында.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин толук курамы күчөтүлгөн режимге өттү

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин толук курамы күчөтүлгөн режимге өттү. Бул кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалга байланыштуу, — дешти ведомствонун басма-сөз кызматынан.   Министр Бообек Ажикеев аймакта абалды көзөмөлдөп жатат. Жеринде эвакуацияланган жарандарды коопсуз жерге жайгаштыруу, аларды тамак-аш менен камсыздоо жана гуманитардык жүктү бөлүштүрүү жүрүүдө.

Оштон Баткенге 40 тонна гумжардам жөнөтүлөт

Ош шаарында жана Ош облусунда Баткен облусуна гуманитардык жардам чогултуу уюштурулду.   Президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, бүгүн, 16-сентябрда 40 тоннага жакын гуманитардык жардам Баткен облусуна жөнөтүлөт.   Ош шаарынын мэриясы бүгүн Баткен облусуна бир нече тонна макарон, күрүч, картошка, сабиз, пияз, туз, ошондой эле… Кененирээк…

ӨКМдин өздүк курамы күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат

Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев Баткен облусуна барып, Жарандык коргонуу кызматтары менен биргеликте абалды жеке көзөмөлүнө алууда.   ӨКМ билдиргендей, министр кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалга байланыштуу эвакуацияланган тургундардан кабар алып, калкты коопсуз жайларга жайгаштырууда жана аларды тамак-аш менен камсыздоодо, гуманитардык жардамдарды жеткирүүдө, медициналык кызматтардын кечиктирилгис… Кененирээк…

Кыргызстанда жалпы республикалык ишембилик өтпөй турган болду

«Таза Мурас» улуттук кампаниясынын алкагында эртең, 17-сентябрга белгиленген жалпы республикалык ишембилик өтпөй турган болду. Бишкек мэриясы билдиргендей, ишембилик кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы кырдаалдын курчушу менен байланыштуу токтотулду.   Эскерте кетсек, баткендиктерди колдоо максатында борбор калаада гуманитардык жардамдарды кабыл алуу пункттары, ошондой эле акча которууга боло… Кененирээк…

Самаркандда Жапаров менен Рахмон чек арадагы кырдаалды талкуулашты

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 16-сентябрда, Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмон менен Самарканд шаарында (Өзбекстан) өтүп жаткан Шанхай кызматташтык уюмунун Саммитинин аянтчасында жолугушту.   Тараптар мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги кырдаалды талкуулашты.   Эки өлкөнүн лидерлери тийиштүү түзүмдөргө ок атышууну токтотуу жана ок атышуу линиясынан куралдуу… Кененирээк…

Кыргызстан менен Тажикстандын УКМК жетекчилери чек арадагы атышууну токтотуу жөнүндө макулдашты

Кыргызстан менен Тажикстандын УКМК жетекчилери чек арадагы атышууну токтотуу жөнүндө макулдашты. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук комитетинин басма-сөз кызматынан билдиришти.   Соңку жаңылыктарга ылайык, чек арадагы курладуу жаңжалдан 42 адам жабыркап, Баткен облустук ооруканасына жеткирилди. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, жеринде Жарандык коргонуу кызматынын  өкүлдөрү жана медицина… Кененирээк…