Чек арада жабыркаган кыргызстандыктардын саны 121ге жетти

Тажик тараптын аткылоосунан жаракат алган кыргызстандыктардын саны 121ге жетти. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады. Ведомство саат 14:00гө карата маалымат берген. Жалпы жонунан 121 киши ооруканаларга кайрылган, анын ичинен жетөө үй шартында дарылоого жөнөтүлдү. Калгандары төмөнкү ооруканаларда жатышат: Баткен облустук бириккен ооруканасы — 41; Лейлек… Кененирээк…

Чоң-Алайдан 5 миң 34 адам эвакуацияланды

Тажик тараптын аткылоосунан улам Чоң-Алай районунун 5034 тургуну эвакуацияланды. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди. Анын ичинен 92 адам убактылуу жайгашуу пунктуна, 4942 жаран жакындарынын үйүнө барган. Учурда тамак-аш жергиликтүү бийлик тарабынан берилүүдө. Чон-Алай району боюнча эвакуациялоо иш-чараларына Жарандык коргонуу кызматтарынан, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен жана… Кененирээк…

Чоң-Алайдагы кыргыз-тажик чек арасында ок атылды

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетине (УКМК) караштуу Чек ара кызматы Тажикстан тарап мурда жетишилген макулдашууларды бузуп, Чоң-Алай районундагы Тешик-Таш, Карамык жана Кароол-Дөбө айылдарындагы чек арачылардын позициясын аткылаганын маалымдады. «Биздин чек арачылар алгач жооп катары ок атып, бирок кырдаалды курчутпоо үчүн биринчилерден болуп ок атууну токтотту»,… Кененирээк…

Баткенде 137 миң адам эвакуацияланды

Баткенде 137 миң адам эвакуацияланды.   Президенттин аймактагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Маруфхан Тулаев билдиргендей, Баткен, Лейлек райондорунун тургундары толугу менен Сох анклавы аркылуу Кадамжайдын коопсуз жерлерине көчүрүлдү. Үйлөрүн таштап качып чыгууга аргасыз болгондорго Кыргызстандын бардык аймактарынан гуманитардык жардам чогултулуп жатат.   Учурга карата… Кененирээк…

Байгеси миллион сомду түзгөн айтыш токтотулуп, каражат Баткенге жардамга берилди

Бүгүн, 17-сентябрда Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Калмак-Кырчын айылында республикалык айтыш өтмөк. Иш-чара Курманбек баатырдын элесине арналып, Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов тарабынан уюштурулган.   Бүгүнкүгө белгиленген айтыш токтотулуп, Баткенде шейит кеткен баатырларга куран окулуп, түлөө өткөрүлдү. Айтыштын 1 миллион сомдук байгесин Тазабек Икрамов гуманитардык жардам… Кененирээк…

Баткен шаарынын кире беришинде блокпосттор орнотулуп, негизги жолдордун бардыгы жабылды

Баткен шаарынын кире беришинде блокпосттор орнотулуп, негизги жолдордун бардыгы жабылды. Мындай чара аймакта өзгөчө кырдаал киргизилгенине байланыштуу кабыл алынды.   Трассанын бир тилкесинде жарылбай калган снаряддар болушу мүмкүн экени айтылууда. Баткенге сапар алгандар негизги жолду айланып өтүп жатат. Блокпостто милиция кызматкерлери нөөмөт жүргүзүүдө. Эске салсак,… Кененирээк…

Баткен облусунда өзгөчө кырдаал режими киргизилди

Баткен облусунда өзгөчө кырдаал режими киргизилди.   Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, кыргыз-тажик курал колдонуу менен катталган чыр-чатакка байланыштуу аймакты тынчтык абалга келтирүү, кагылышуунун очогундагы жарандардын коопсуздугун камсыздоо, эвакуациялоо иштерин жүргүзүү, адам өлүмүнө жеткирбөө жана тийиштүү күчтөрдү мобилизациялоо максатында, Баткен облусунун аймагында өзгөчө кырдаал режими киргизилди.

Кыргызстандын күрөш боюнча кыз-келиндер курамасы Бишкекке келди

Кыргызстандын кыз-келиндер күрөшү боюнча улуттук курама командасы Сербиядагы дүйнө чемпионатынан Бишкекке кайтып келди. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаменти кабарлады.   Белгилей кетсек, Белградда өткөн дүйнө биринчилигине белгилүү балбандар Айсулуу Тыныбекова, Айпери Медет кызы жана Мээрим Жуманазарова катышып, бул ирет медаль алышкан эмес. Бирок… Кененирээк…

Баткенде кыргыз айылдарына кирип келген тажикстандыктар чыгарылды

Баткенде кыргыз айылдарына кирип келген тажикстандыктар чыгарылды.   Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлү Абдикарим Алимбаев билдирди. Анын айтымында, тажик тарап кечээ кечинде Баткен аймагынан чыгып кетти.   Учурда кырдаал дагы эле курч. Тажикстан менен биргеликте абалды жөнгө салуу иштери жасалууда. Белгилеп кетсек, тажик тарап… Кененирээк…

Тажик тарап Достук айылын миномет менен аткылай баштады

Тажикстандын аскерлери Баткен районунун Достук айылын миномет менен аткылап жатат. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматы кабарлады. Маалымат 11:15ке карата берилди. Тажик тарап айылды көздөй үч минометтук эсеп менен ок чыгарган. Чек ара кызматынын Баткенде жайгашкан бөлүктөрү каршылаштарга жооп кайтарууда.