19-сентябрь Кыргызстанда аза күтүү күнү

Кыргызстанда 19-сентябрь — Улуттук аза күтүү күнү деп жарыяланды. Бул туурасында президент Садыр Жапаров жарлыкка кол койду. Бул күнү: Улуттук аза күтүү күнү өлкөнүн бүткүл аймагында, ошондой эле чет өлкөдөгү дипломатиялык жана консулдук мекемелердин имараттарында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик туулары ылдый түшүрүлөт; маданият мекемелерине жана телерадиокомпанияларына… Кененирээк…

Баткен облусуна 89 медицина кызматкери жөнөтүлдү

Баткен облусуна 89 медициналык кызматкер кесиптештерине жардам көрсөтүү үчүн жөнөтүлдү. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин жарандык коргонуу секторунун бөлүм башчысы Кубанычбек Калмаматов билдирди.   Анын айтымында, дарыгерлер жана медайымдар Ош, Жалал-Абад облустарынан жана Бишкек шаарынан жөнөтүлдү.   “Алардын ичинен 37 дарыгер Лейлек районунда жарандарга жардам… Кененирээк…

Баткен облусунун чектеш аймактарынан эвакуацияланган жарандар бардык зарыл нерсе менен камсыздалып жатат

Баткен облусунун чектеш аймактарынан эвакуацияланган жарандар бардык зарыл нерсе менен камсыздалып жатат.   Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Нурдөөлөт Базарбаев билдирди.   Анын айтымында, биринчи кезекте аларга ысык тамак, жайгашууга жер тартууланды, зарылчылык болсо – медициналык препараттар жана жылуу кийим… Кененирээк…

Баткен облусунда талкаланган объектилердин санын тактоо иштери уланууда

Баткен облусунда талкаланган объектилердин санын тактоо иштери уланууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлү Бакытбек Чамашев билдирди.   Анын айтымында, аймакта турак үйлөр, социалдык объектилер, соода борборлору жана чек ара заставалары талкаланды. Жарандык коргонуу боюнча атайын комиссия түзүлүп, жеринде иштеп жатат.

Чек арадагы куралдуу кагылыштан жабыркагандар үчүн 17,4 миллион сом чогулду

Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта жабыркагандар үчүн ачылган атайын эсепке 18-сентябрь, саат 12ге карай 17 млн. 426 626 сом чогулду. Бул тууралуу Каржы министрлиги маалымдады. Маалыматка ылайык, бул бирдиктүү атайын эсеп Баткен облусунун элине колдоо көрсөтүү жана абийирсиз жарандардын каржылык көз боемочулугуна бөгөт коюу максатында… Кененирээк…

 Чек арада жараат алгандардын саны 134 кишиге жетти

Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдан көз жумгандардын саны 36га жетти. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалымат кызматы кабарлады. Соңку маалыматтарга ылайык, Баткендеги чек ара чырынан 134 адам жабыркады.   Анын жетөө амбулатордук дарыланууга жөнөтүлсө, калгандары Бишкектин, Баткендин ооруканаларында.

Тажик аскерлери Баткендеги 36 метрлик көпүрөнү жардырышты

Тажик аскерлери Баткен облусундагы Ак-Суу дарыясындагы 36 метрлик көпүрөнү жардырышканын Транспорт жана коммуникация министрлигинин маалымат кызматы кабарлады. «16-сентябрда Көк-Таш — Ак-Сай — Тамдык жолунун жетинчи чакырымында тажик аскерлери Ак-Суу дарыясындагы узундугу 36 метр болгон көпүрөнү жок кылышкан», — деп жазылат маалыматта. Чек арага жакын жайгашкан… Кененирээк…

Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдан көз жумгандардын саны 36га жетти

Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдан көз жумгандардын саны 36га жетти. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалымат кызматы кабарлады. Соңку маалыматтарга ылайык, Баткендеги чек ара чырынан 129 адам жабыркады.   Анын жетөө амбулатордук дарыланууга жөнөтүлсө, калгандары Бишкектин, Баткендин ооруканаларында.

Баткенге 209 миң тонна гуманитардык жардам жеткирилди

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта жабыркагандар үчүн чогулган 209 миң тонна гуманитардык жардам Баткенге жеткирилгенин кабарлады. Министрликтин маалымат катчысы Алим Токторовдун «Азаттыкка» билдиргенине караганда, мунун ичинен 150 миң тоннага жакыны таратылып берилди. Анын айтуусунда, куралдуу кагылышта жабыркагандарга гуманитардык жардам чогултуу өлкөнүн бардык… Кененирээк…