Бишкекте жаңы көпүрө колдонууга берилди

Бишкекте жаңы көпүрө колдонууга берилди. Ал Манас көчөсүнндө жайгашып Чоң Чүй каналы аркылуу өтөт. Мэриядан билдришкендей, эски жөө жүрүүчүлөр өтмөгүнүн ордуна унаа өтө тургандай көпүрө курулду.   Анын жалпы узундугу  36,5 метрге жетсе, кеңдиги 11 метрди түзөт. Эки жагында жөө жүрүүчүлөр үчүн тилке дагы каралган.

Кыргыз-тажик чек арасында оор жараат алгандарга майыптыкты берүү процессин тездетүү мүмкүнчүлүгү каралууда

Кыргыз-тажик чек арасында оор жараат алгандарга майыптыкты берүү процессин тездетүү мүмкүнчүлүгү каралууда. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Нурдөөлөт Базарбаевдин айтымында, ведомство линиясы менен 120 миң адам эвакуацияланды.   Жарандар мектеп, бала бакча, мечиттерге жана турак-жайларга жайгаштырылды.   Алар ысык тамак, жылуу кийим… Кененирээк…

Баткенде Тажикстандын кол салуусунан 10 мектеп, 7 бала бакча жабыркады

Баткенде Тажикстандын кол салуусунан 10 мектеп, 7 бала бакча жабыркады.   Бул тууралуу Билим берүү министринин орун басары Надира Жусупбекова билдирди. Анын айтымында, Баткен облусунда 195 билим берүү мекемесинде окуу процесси убактылуу токтотулуп, азырынча кырдаалга байланыштуу жандана элек.   53 мектепте эвакуация болгон эл жайгаштырылган.… Кененирээк…

Бельгияда өзгөчө эксперимент жасалууда

Бельгияда өзгөчө эксперимент жасалууда. Өлкөдө жаңы түрмө ачылды жана ага 55 прокурор жана судьялар убактылуу отургузулат. Чыныгы туткундар абакта азырынча жок.   Кызматтагы адамдар камалган учурда түрмөдөгү абал реалдуу шарттарга жакындатылат.  Алсак, күзөтчүлөр судья жана прокурорлорго карат кадимки туткундарга жасаган мамилесин карманышат.   Бельгиянын юстиция… Кененирээк…

Үч-Коргон – Дароот-Коргон унаа жолу калыбына келтирилип жатат

Үч-Коргон – Дароот-Коргон унаа жолу калыбына келтирилип жатат.   Унаа жана жолдор министрлигинин маалыматына ылайык, иштер Баткен облусунун Кадамжай районунан Ош облусунун Чоң-Алай районуна чейинки тилкесинде жүрүүдө. Иштерге жолчулар жана атайын техниканын бир нече түрү тартылды.

Баткен облусунда милиция кызматтын күчөтүлгөн тартипте иштөөсүн улантууда

Баткен облусунда милиция кызматтын күчөтүлгөн тартипте иштөөсүн улантууда. Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, коомдук жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча бардык атайын иш-чаралар аткарылып жатат.   Өздүк курамга Арка-2, Кулунду, Интернационал айылдарында кайгуул жүргүзүү, абалды жөнгө салуу, жергиликтүү калк арасында түшүндүрүү жана ар кандай жардам… Кененирээк…

Кыргыз-тажик чек арасында жабыркаган Баткен калкына колдоо көрсөтүү үчүн ачылган атайын эсепке 148 миллион сом чогулду

Кыргыз-тажик чек арасында жабыркаган Баткен калкына колдоо көрсөтүү үчүн ачылган атайын эсепке 148 миллион сом чогулду. Бул тууралуу Каржы министрлиги маалымдайт.   Эске салсак, материалдык колдоону бардык каалоочулар көрсөтүп, акча которо алат. Тиешелүү реквизиттер novosti.kg сайтынын кыргызча бөлүмүндө жеткиликтүү.

Тажикстандын куралдуу кол салуусунда жабыркаган кыргызстандыктардын саны 185ке жетти

Тажикстандын куралдуу кол салуусунда жабыркаган кыргызстандыктардын саны 185ке жетти. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.   Ведомстводон белгилешкендей, 21 адам амбулатордук дарыланууга жөнөтүлсө, калган бейтаптар ооруканаларга жаткырылган. Жабыркагандарды басымдуусу – 104 адам Бишкек жана Ош шаарларынын ооруканаларына которулса, 60 киши Баткен облусунда дарыланууда.

АКШда 105 жашка чыккан карыя узак жашоо сырлары менен бөлүштү

АКШда 105 жашка чыккан карыя узак жашоо сырлары менен бөлүштү. Телл Эллисон өткөн жумада туулган күнүн белгиледи. Арканзас штатынын тургуну  5 баланы тарбиялап, учурда 14 небере, 34 чөбөрө жана 30 кыбырасы бар.   Журналисттер андан узак жашоонун сыры эмнеде деп сураганда карыя эки нерсени атады… Кененирээк…

Кыргызстанга унаалар көп импорттолуп баштады

Кыргызстанга унаалар көп импорттолуп баштады. Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, жыл башынан бери өлкөгө 18 миң 881 машине алып келинди.   Бул өткөн жылдын ушул эле мөөнөт аралыгына салыштырмалуу 3 эсе көп. Унаалар көбүнчө Грузия, Россия, Түштүк Корея, АКШ жана Япониядан импорттолуп жатат.