Казакстанда кезексиз президенттик шайлоо 20-ноябрда өтөт

Казакстанда кезексиз президенттик шайлоо 20-ноябрда өтөт. Бул тууралуу маалымат каражаттары Акорданын басма сөз кызматына шилтеме берүү менен жазып чыгышты. Анда Касым-Жомарт Токаев мамлекет башчысы катары шайлоону мыйзам чегинде өткөрүүгө кепилдик берерин айтып, өнөктүк калыс, ачык жана жергиликтүү, эл аралык байкоочулардын кеңири катышуусунда өтөрүн белгиледи. Буга… Кененирээк…

Баткенге жардам. Атайын эсепке 226 млн 900 миң сомдон ашык каражат түштү

Баткенге жардам көрсөтүү үчүн ачылган атайын эсепке 226 миллион 900 миң сомдон ашык каражат түштү. Бул Каржы министрлиги берген соңку маалымат. Белгиленгендей, каражат азырынча эч кандай муктаждыкка жумшала элек. Эске салсак, материалдык колдоону бардык каалоочулар көрсөтүп, акча которо алат. Тиешелүү реквизиттер novosti.kg сайтынын кыргызча бөлүмүндө… Кененирээк…

Кыргызстанга Кытайдан келген жүк Өзбекстан аркылуу Афганистанга жөнөтүлдү

«Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан – Афганистан» каттамын ишке ашыруунун алкагында Кыргызстанга Кытайдан 12 контейнер жүк келип, темир жол аркылуу Афганистанга жөнөтүлдү. «Кыргыз темир жолу» ишканасынын маалыматына ылайык, жүк Кытайдан унаа жолу менен келип, «Ош» станциясында вагондорго жүктөлүп, андан ары Өзбекстанга темир жол аркылуу жиберилди.… Кененирээк…

Россиядагы элчилик мигранттарды согуштук аракеттерге катышуудан оолак болууга чакырды

Кыргызстандын Россиядагы элчилиги ал жакта убактылуу жашаган кыргыз жарандарын согуштук аракеттерге жана куралданган кагылышууларга катышуудан оолак болууга чакырды. Маалыматта айтылгандай, бул үчүн Кылмыш-жаза кодексинин 256-беренесине ылайык мүлкүн конфискациялоо менен 10 жылга эркиндигинен ажыратуу жазасы каралган. Эгер Россиядагы кыргыз жарандарына согуштук аракеттерге катышууга чакыруу келсе, токтоосуз… Кененирээк…

Баткен облусунда ички каттамдар калыбына келтирилди

Баткенде облус менен райондорду жана айылдарды байланыштырган ички каттамдар калыбына келтирилди. Куралдуу кагылышуу учурунда жабыркаган жолдор жана көпүрөлөр Унаа жана жолдор министрлиги тарабынан жөнгө салынып, пайдаланууга берүү иштери жүрүүдө. Эске салсак, 14-17-сентябрь аралыгында Тажикстан Баткен облусунун жана Ош облусунун Чоң-Алай районунун чек ара заставаларына жана… Кененирээк…

Баткенге гумжардамды кабыл алуу жана бөлүштүрүү боюнча жумушчу топтор түзүлдү

Баткенге гуманитардык жардамды кабыл алуу жана бөлүштүрүү боюнча жумушчу топтор түзүлдү. Президенттин облустагы өкүлүнүн биринчи орун басары Маруфхан Тулаев билдиргендей, алар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүнөн, жергиликтүү активисттерден жана ыктыярчылардан куралды. Ар бир жумушчу топ гуманитардык жардамдын бөлүштүрүлгөн жери жана күнү, которулган жардамдын иш… Кененирээк…

Баткен облусунда 9 миң 800дөн ашык үй электр жарыгына кошулду

Баткен облусунда Тажикстандын куралдуу кол салуусунан улам жабыркаган 9 миң 831 үй электр жарыгына кошулду. Президенттин облустагы өкүлүнүн биринчи орун басары Маруфхан Тулаев Novosti.kgге билдиргендей, кыргыз-тажик чек арасындагы соңку окуядан канча объект жарыксыз калганы азырынча толук тактала элек. Белгилеп кетсек, учурда Баткен облусунда абал салыштырмалуу… Кененирээк…

Кыргызстанда каржылык сабаттуулук боюнча 900 адам окутулду

Кыргызстанда каржылык сабаттуулук боюнча 900 адам окутулду. Улуттук банк менен Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунун ортосундагы кызматташуунун алкагында өлкөнүн бардык аймактарында финансылык сабаттуулук боюнча 42 күндүк семинарлар өткөрүлдү. Кыргызстандыктар каржылык максаттар жана финансылык план, үй-бүлөлүк бюджет, насыялар жана депозиттер, каржылык керектөөчүлөрдүн укугун коргоо сыяктуу темалар… Кененирээк…

“Кайыңды кант” кумшекердин дүң баасын төмөндөттү

“Кайыңды кант” ишканасы бүгүнтөн тарта кумшекердин дүң баасын төмөндөттү. Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынан кабарлашкандай, баа 1 килограммына 79 сомго чейин төмөндөтүлдү. Бул чечим базарда кумшекердин чекене баасынын мындан ары турукташуусуна оң таасирин тийгизет деп күтүлүүдө. Эске салсак, буга чейин заводдун дүң сатуу баасы канттын… Кененирээк…

Эртеңден тарта Баткенде бузулган объектилердин ордун тазалоо башталат

Баткенде эртеңден тарта бузулган объектилердин ордуларын тазалоо башталат. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Куткаруучуларды даярдоо мамлекеттик борборунун башчысы Ырысбек Жолдошбаев билдиргендей, облус аймагына министрлик тарабынан 615 куткаруучу, 53 техника тартылган. Алар гумжардамдарды кабыл алуу, түшүрүү, жеткирүү иштерин аткарууда. Куралдуу кагылышууда жабыркаган объектилер изилденип, келтирилген чыгым эсептелүүдө. Кыргыз… Кененирээк…