Кыргызстан жана Япония тышкы мамлекеттик карызды тейлөөнү убактылуу токтотууну макулдашты

Кыргызстан жана Япония тышкы мамлекеттик карызды тейлөөнү убактылуу токтотууну макулдашты. Каржы министрлигинин маалыматына ылайык, бүгүнкү күнгө карата эки  өлкө ортосундагы бересе 394,5 миллион сомду түзөт.   Ведомстводон белгилешкендей, Дүйнөлүк банк жана Эл аралык валюта фонду экономикасы өнүккөн мамлекеттерди тышкы карызды тейлөөнү убактылуу токтотуп туруу демилгесин… Кененирээк…

«Кудайберген» базарында өрт чыкты

 «Кудайберген» базарында ири өрт чыкты. Жалындын видеосу социалдык тармакта жарыяланууда. ӨКМдин алдын ала берген маалыматы боюнча, контейнер өрттөнүп жатат. Кырсык болгон жерге бир өрт өчүрүүчү бригада жөнөтүлдү.

Кыргызстандын ички дүң продукциясы жылдын 8 айында 506 миллиард сомду түздү

Кыргызстандын ички дүң продукциясы жылдын 8 айында 506 миллиард сомду түздү. Мындай маалыматты Улуттук статистика комитети тартуулады. Бул өткөн жылдын көрсөткүчүнө салыштырмалуу, 37,5 миллиард сомго же 8 пайызга көп.   Өндүрүш тармагында жыл башынан бери 266 миллиард сомго продукция чыгарылды.   Бул былтыркы жыйынтыкка салыштырмалуу… Кененирээк…

Тажикстандын кол салуусунан жабыркаган Баткен аймагына жардам катары элден 248,5 миллион сом чогулду

Тажикстандын кол салуусунан жабыркаган Баткен аймагына жардам катары элден 248,5 миллион сом чогулду.   Бул тууралуу Каржы министрлиги маалымдайт. Ведомстводон белгилешкендей, атайын эсептеги акча бөлүштүрүлө элек.   Аны туураа багыттоого президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү жооптуу болот. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдын ала тактоосу боюнча 432 турак-жай… Кененирээк…

Кыргыз-тажик чек арасында абал туруктуу, атышуулар жок

Кыргыз-тажик чек арасында абал туруктуу, атышуулар жок. Бул тууралуу Баткен облусундагы президенттин ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Маруфхан Тулаев билдирди.   Анын айтымында, аймакта калыбына келтирүү иштери активдүү жүрүүдө. Алсак, талкаланган объектилердин урандылары алынып, жардыруучу түзүмдөр жок кылынып жатат. Эвакуацияланган жарандарга азырынча үйлөрүнө кайтпай туруу… Кененирээк…

WhatsApp мессенджеринде жаңы функция пайда болот

WhatsApp мессенджеринде жаңы функция пайда болот. Колдонуучулар персоналдык аватарларды жасап, алар менен стикерлердин топтомун түзүп алса болот. Мындай стикерлерди чаттарга жана тайпаларга дагы жөнөтүүгө мүмкүн.   Андан тышкары, аватарларды профилдин башкы сүрөтү кылып жана видеочалуулар учурундагы маска катары орнотуп алса болот.  Жаңы функция качан бардык… Кененирээк…

Бишкекте Гидростроитель көчөсүндө оңдоо иштери жыйынтыкталды

Бишкекте Гидростроитель көчөсүндө оңдоо иштери жыйынтыкталды. Мэриянын маалыматына ылайык, жумуштар анын Курманжан Датка – Аул көчөлөрүн бириктирген тилкесинде жүрдү.   Андан тышкары, Аламүдүн дарыясы аркылуу көпүрө курулду. Жаңы жол Дордой-1 жана Эне-Сай конуштарын бириктирүүгө мүмкүнчүлүк ачты. Курулуш иштери кытайлык гранттын эсебинен жүргүзүлдү.

Кыргызстанга жыл башынан бери 3 миллион 800 миң чет элдик турист келди

Кыргызстанга жыл башынан бери 3 миллион 800 миң чет элдик турист келди. Бул өткөн жылдын ушул эле мөөнөт аралыгына салыштырмалуу, 2 эсе көп. Мындай маалымат Азиялык өнүктүрүү банкынын отчетунда камтылат.   Туристтик агымдын көбөйүшү кызмат көрсөтүү тармагынын өсүшүн 3,5 пайызга жана тамак-аш, мейманкана бизнесинин өсүшүн… Кененирээк…

Тажикстандын куралдуу кол салуусунда жабыркаган айылдардын окуучулары үчүн онлайн окуу киргизилиши мүмкүн

Тажикстандын куралдуу кол салуусунда жабыркаган айылдардын окуучулары үчүн онлайн окуу киргизилиши мүмкүн. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинен билдиришти. Ведомстводон белгилешкендей, кыргыз-тажик чек ара жаңжалында жалпысынан 10 мектеп жана 7 бала бакча жабыркады.   Баткен аймагындагы 195 окуу жайында билим берүү убактылуу токтотулду.

Google корпорациясы жаңылыштык менен 250 миң долларды башка кишиге жөнөтүп алды

Google корпорациясы жаңылыштык менен 250 миң долларды башка кишиге жөнөтүп алды. Бул тууралуу эркек твиттер баракчасында жазды. Анын айтымында, компаниядан ага ири суммадагы акча которулуп, бирок андан кийин аны менен байланышка эч ким чыккан эмес.   Ал кеңеш сурап, “Гугл менен кантип байланышса болот, мен… Кененирээк…