Бишкекте 2 мектепте кошумча корпустар курулуп, колдонууга берилди

Бишкекте 2 мектепте кошумча корпустар курулуп, колдонууга берилди. Министрлер кабинетинин маалыматына ылайык,  №40 орто мектептин кошумча имаратынын аянты 4 миң чарчы метрден ашып, 500 окуучуга ылайыкталган.   Ал эми  №6 автордук окуу-тарбия берүү комплексинин кошумча имараты 600 окуучуга ылайыкталып, аянты 2 миң чарчы метрди түзөт.… Кененирээк…

Баткен облусуна барчу жолдордун бардыгы ачык

Баткен облусуна барчу жолдордун бардыгы ачык.   Унаа жана жолдор министрлигинин өкүлү Авазбек Мамаюнус уулу билдиргендей, чек ара жаңжалынан кийин жолдорду тазалоого адистер жана атайын техника тартылган.   Тазалоо жана калыбына келтирүү иштеринен кийин бардык трассалар кыймылга ачылды.

Кыргыз-тажик чек арасындагы кол салуудан жабыркаган жарандарга насыясын төлөөдө жеңилдиктер берилет

Кыргыз-тажик чек арасындагы кол салуудан жабыркаган жарандарга насыясын төлөөдө жеңилдиктер берилет. Бул тууралуу Улуттук банктын Баткен облусу боюнча өкүлү Акмал Раззаков билдирди.   Анын айтымында, жакынкы арада тиешелүү чечим кабыл алынат. Ага ылайык, жергиликтүү калктын насыясын кечүү суроосу дагы каралууда. Раззаков эске салгандай, өткөн жылы… Кененирээк…

Баткен облусунда абал акырындап турукташууда

Баткен облусунда абал акырындап турукташууда. Бул тууралуу президенттин аймактагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев билдирди. Бирок ал белгилегендей, буга карабай, чыңалган абал сакталып жатат.   Андыктан, жарандар чындыкка дал келбеген маалыматты таратуудан алыс болуп, калк арасында ызы-чуу жаратпашы керек.   Аймакта бардык тиешелүү органдар иштеп,… Кененирээк…

Быйылкы Көчмөндөр оюндарынын тумары – карышкыр болду

Быйылкы Көчмөндөр оюндарынын тумары – карышкыр болду. Спорттук иш-чаранын символун уюштуруучулар тартуулады.   Эске салсак, Көчмөндөр оюндары    29-сентябрдан 2-октябрга чейин Түркияда өтөт. Ага 102 мамлекеттен келген 3 миңден ашык спортчунун катышуусу күтүлүүдө.

Унаа жана жолдор министрлиги чет элдик жүк ташуучулар үчүн айыптын көлөмүн көбөйтүүнү сунуштады

Унаа жана жолдор министрлиги чет элдик жүк ташуучулар үчүн айыптын көлөмүн көбөйтүүнү сунуштады.   Токтом долбоору министрлер кабитинин сайтында жарыяланды. Ведомстводон белгилешкендей, бүгүнкү күндө айып аз болгондуктан, чет элдик жүк ташуучулар эрежелерди дээрлик сактабайт. Алсак, алар толтурулбаган уруксат кагазы менен кирип, транспорт көзөмөлүнөн өтүшпөйт.  … Кененирээк…

Баткен облусунда жабыркагандарга 1 миң 332 тонна гуманитардык жүк жардам жеткирилди

  Баткен облусунда жабыркагандарга 1 миң 332 тонна гуманитардык жүк жардам жеткирилди.   Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Ведомство маалыматына ылайык, министрлик тарабынан 189 тонна, жарандардын өз күчү менне 942 тонна жеткирилди. Сактоочу жайларда учурда 201 тонна жүк бар.   Республика аймагында гуманитардык жардам… Кененирээк…

Кыргыз-тажик чек арасында жабыркаган 137 адам ооруканада дарылануусун улантууда

Кыргыз-тажик чек арасында жабыркаган 137 адам ооруканада дарылануусун улантууда. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, жалпысынан 198 жаран ар кандай жарааттарды алып, медициналык жайларга жеткирилген. 61и үйдөн дарыланууга жөнөтүлдү.   Белгилеп кетсек, аймакта 4 көчмө клиника кыдырып, 16 медициналык бригада жардам көрсөтүүдө.   Алардын курамында 100дөн… Кененирээк…

Баткен облусунда Тажикстандын кол салуусунда талкаланган үйлөр жаңы жылга чейин калыбына келтирилет

Баткен облусунда Тажикстандын кол салуусунда талкаланган үйлөр жаңы жылга чейин калыбына келтирилет.   Буга президент Садыр Жапаров ишендирүүдө. Ал “Кабар” агенттигине билдиргендей, жыл аягына чейин социалдык объектилер, турак-жайлар ондолот, буга казнада каражат жетиштүү. Андан тышкары, каза тапкандардын үй-бүлөлөрүнө тиешелүү жардам көрсөтүлөт, — деди Садыр Жапаров.… Кененирээк…

Кыргызстан жана Россия курамаларынын футболдук беттешин Казакстандан келген калыстар тобу тейлейт

Кыргызстан жана Россия курамаларынын футболдук беттешин Казакстандан келген калыстар тобу тейлейт. Эске салсак, оюн эртең Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өтөт.   Башталышы кечки саат 8де. Россия курамасынын футболчулары  Бишкекке бүгүн келди.