Баткенде кырдаал салыштырмалуу туруктуу

Баткенде кырдаал салыштырмалуу туруктуу экенин облустук администрация 24-сентябрда билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, түн тынч өттү. 14-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында кан төгүлгөн окуяны Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги «Тажикстандын алдын ала пландаган куралдуу агрессиясы» деп атаган. Тажикстан да ушундай турумду карманууда. Кыргызстан кол салуудан бери дегенде 59… Кененирээк…

Кыргыз-тажик чек арасында каза тапкандардын саны 62ге жетти

2022-жылдын 24-сентябры саат 12:00гө карата алынган ыкчам маалыматтарга ылайык, кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышуудан набыт болгондордун саны 62 кишиге жетти. Бул тууралуу бүгүн “Кабар” агенттигинде өткөн брифингде Саламаттык сактоо министрлигинин Баткен облусундагы координатору Арзыбек Бөрүбеков билдирди.   Анын айтуусуна караганда, Баткен облусундагы саламаттыкты сактоо уюмдарына… Кененирээк…

Баткенде интернет байланыштын 70 пайызы калыбына келтирилди

Баткенде интернет байланыштын 70 пайызы калыбына келтирилди. Бул тууралуу «Кыргызтелеком» ААКсынын Баткен облусу боюнча башкармалыгынын жетекчиси Максат Мажитов «Кабар» маалымат агенттигиндеги брифингде билдирди.   Анын айтуусуна караганда, Тажикстандын куралдуу агрессиясынан улам 16-сентябрда «Кыргызтелекомдун» Лейлек тарапка кеткен магистралдык кабели жабыркаган. «Лейлекке резервдик радиолиниялык станция аркылуу интернет… Кененирээк…

Кыргыз футбол союзу Кыргызстан — Россия беттешинин күйөрмандарына кайрылды

Кыргыз футбол союзу (КФС) Кыргызстан — Россия жолдоштук беттешин көрүүгө келе турган күйөрмандарына кайрылды. Кайрылууда союздун өкүлдөрү күйөрмандардан оюн баштала турган убакыттан эртерээк, саат 18:00дөн 19:30га чейин келүүсүн өтүнүштү. «Команданын жыйынтыгы сиздердин колдооңуздарга, жүрүм-турумуңуздарга байланыштуу. Оюнчуларга туура нукта шык берип, ошол эле учурда коомдук тартипти… Кененирээк…

Улуу Британияда 122 жылдык шоколад аукциондон сатылды

Улуу Британияда 122 жылдык шоколад аукциондон сатылды. Бул тууралуу Метро басылмасы маалымдайт. Таттуу азык 1899-жылы Виктория ханышасы такта отурганда чыгарылган. Аны чатырда таштандылардын арасында табышкан.   Шоколадды 100-200 фунт стерлингге сатуу пландалып жаткан, бирок ал тарыхый артефакт катары 519 футка сатылды.

Токтогул токой чарбачылыгында балды иштетүү жана таңгактоо боюнча цех ачылды

Токтогул токой чарбачылыгында балды иштетүү жана таңгактоо боюнча цех ачылды. Ишкананын кубаттуулугу суткасына 200 литрди түзөт. Токой кызматынын маалыматына ылайык, цех ички жана тышкы рынокту тоо балы менен камсыздай алат.   Ишкананын курулушуна Дүйнөлүк банк жана Глобалдык экологиялык фонд каражат бөлүп берген.

Кыргызстандын жарандыгы 1790 адамга берилди

Президент Садыр Жапаров 23-сентябрда Кыргызстандын жарандыгын берүү жана жарандыктан чыгаруу тууралуу жарлыктарга кол койду. Ага ылайык, 1790 адамга (1433ү чоңдор, 357си балдар) жарандык берилди. Президенттин басма сөз кызматы алардын басымдуу бөлүгү тарыхый мекенине кайтып келген этникалык кыргыздар экенин билдирди. Президенттин дагы бир жарлыгына ылайык, 25… Кененирээк…

Тышкы иштер министрлиги Россиядагы кыргызстандыктар кандай учурда мобилизацияланышы мүмкүн экендигин түшүндүрдү

Тышкы иштер министрлиги Россиядагы кыргызстандыктар кандай учурда мобилизацияланышы мүмкүн экендигин түшүндүрдү. Тышкы саясат ведомствосунан билдиришкендей, Россия аймагында убактылуу иштөөгө уруксат кагазы менен жүргөндөр жана студенттер Куралдуу күчтөргө чакырылбайт.   Ал эми буга чейин кош жарандуулукту алгандар же Россия паспортуна ээ болгондор мобилизацияланышы толук мүмкүн, —… Кененирээк…

Кыргызстанга кирген дары-дармекти автоматташтырылган система көзөмөлдөйт

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров дары-дармек каражаттарын жүгүртүүгө байкоо жүргүзүү маселеси боюнча өткөргөн кеңешмеде дары-дармектерди жана медициналык буюмдарды жүгүртүүнү контролдоонун автоматташтырылган системасы сунушталды. Бул тууралуу өкмөттөн кабарлады. Жапаров аталган системаны ишке киргизүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. «Система виртуалдык кампаны көрсөтүшү керек. Контрафактылык продукцияны четтетүү үчүн кайсы дары-дармектер… Кененирээк…

Спорт ордосунда Баткенге жардам чогултуу боюнча түзүлгөн штаб жабылды

Тажикстандын Баткендеги чек арасына кол салуусунан жабыркаган жарандарга жардам топтоо боюнча түзүлгөн Республикалык штаб өз ишин жыйынтыктады. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын маалымат борборунун жетекчиси Назгүл Жамгырчиева социалдык тармактагы баракчасына жазды. Аталган штаб Бишкек шаарындагы Каба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайынын имаратында иштеп жаткан. «Мындан… Кененирээк…