Түркиядагы көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземинин убактысы айтылды

Түркиядагы көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземинин убактысы айтылды. Маданият министрлигинен билдиришкендей, иш-чара расмий түрдө 29-сентябрь күнү Изник шаарында Бишкек убактысы боюнча кечки саат 6да башталат деп пландалууда. Ага Кыргызстандын атынан 150гө чукул спортчу катышат. Көк бөрү жана алыш оюндары расмий мелдеш катары кирген. Ал эми тогуз… Кененирээк…

Чек арадагы куралдуу кагылышууда жабыр тарткандар акысыз дарыланууда

Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышууда жабыр тарткандар акысыз дарыланууда. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти. Баткен, Лейлек райондору жана Ош облусунун Чоң-Алай районунун Карамык айылынан эвакуацияланган жарандарга жана аскер кызматкерлерине амбулатордук медициналык жардам көрсөтүү жеңилдетилген шартта жүргүзүлөт. Ошондой эле дары-дармектер жеңилдетилген негизде берилет. Саламаттык сактоо… Кененирээк…

Кумтөрдүн алтынынын сатылышын иликтей турган депутаттык комиссия түзүлдү

Жогорку Кеңеште Кыргызстандан 19 тонна алтындын чыгарылышын иликтей турган убактылуу комиссия түзүлдү. Парламенттен такташкандай, анын курамына 13 депутат кирди. Комиссия алдыда жыйын өткөрүп, төрага шайлайт. Эске салсак,  “Азаттыкта” Кыргызстан 19 тонна алтынды белгисиз өлкөгө сатканы тууралуу материал жарыяланган. Анда өткөн жылы казылган алтындын 70 пайыздан… Кененирээк…

Кыргызстанда 10 миңден ашуун этникалык кыргыз документсиз жашайт

Кыргызстанда 10 миңден ашуун этникалык кыргыз документсиз жашайт. Бул тууралуу Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министринин орун басары Нурдөөлөт Базарбаев билдирди. Анын айтымында, алар ушундан улам кайрылман макамын ала албай, медициналык кызмат көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк жок. Белгилеп кетсек, депутаттар этникалык кыргыздарды каттоо жөнөкөйлөштүрүлгөн мыйзам долбоору боюнча… Кененирээк…

Ысык-Көл облусуна жаңы губернатор дайындалды

Ысык-Көл облусуна жаңы губернатор дайындалды. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматынан билдиришти. Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Илияз Иманбетов президенттин аймактагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды. Ал бүгүнкү күнгө чейин Каржы министринин орун басары болуп иштеп жаткан. Эске салсак, аймактын буга чейинки жетекчиси Алтынбек… Кененирээк…

Балыкчы шаарынын мэри кызматынан бошотулду

Балыкчы шаарынын мэри Бакыт Шаршеев кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарынын мэри берген арызынын негизинде иштен алынды.

Үрүмчүдөн Бишкекке кошумча авиакаттам ачылат

Быйылкы жылдын 1-октябрынан тарта Үрүмчү-Бишкек-Үрүмчү багыты боюнча кошумча туруктуу авиакаттамдын ачылышы күтүлүүдө. “Манас” эл аралык аэропортунун маалыматына ылайык, кытайлык авиакомпания Үрүмчү шаарынан Бишкекке учууларды бейшемби күндөрү аткарууну пландап жатат. Белгилеп кетсек, буга чейин аталган  багыт боюнча каттамдар шейшемби күндөрү гана аткарылып келген.

Бишкектин Кара-Жыгач конушунда жаңы бала бакча ачылды

Бишкек шаарынын Кара-Жыгач конушунда жаңы бала бакчасы ачылды. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, мектепке чейинки балдар мекемеси 280 балага, алты тайпалык топко ылайыкталган. Имараттын жалпы аянты 1 миң 463 чарчы, аймагынын аянты 4 миң 900 чарчы метрди түзөт. Курулуш шаардык бюджеттин… Кененирээк…

Ошто Гапар Айтиевдин 110 жылдыгы белгиленди

Ош облусунда СССРдин эл сүрөтчүсү Гапар Айтиевдин 110 жылдыгы белгиленди. Президенттин облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан кабарлашкандай, сүрөтчүнүн кичи мекенинде өткөрүлгөн иш-чарага президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Эрнис Толтоев, Кара-Суу районунун акими Турусбек Ногоев жана Гапар Айтиевдин туугандары катышты. Алгач СССР эл… Кененирээк…

Кыргызстан жан башына суу керектөө боюнча 176 өлкөнүн арасында алтынчы орунда турат

Кыргызстан жан башына суу керектөө боюнча 176 өлкөнүн арасында алтынчы орунда турат. Дүйнө жүзү боюнча реалдуу убакыт статистикасынын аналитиктеринин маалыматы боюнча, республиканын ар бир тургунуна күнүнө 4 миң 281 литр суу туура келет. Эң жогорку көрсөткүч Түркмөнстанда болуп, 16 миң литрден ашкан. Эң төмөнкү көрсөткүчтөр… Кененирээк…