Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында Кыргызстандын көкпар курамасы Түркияны жеңип алды

IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында Кыргызстандын жер улак (көкпар) боюнча курама командасы Түркиянын командасын жеңип алды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти. Изник шаарындагы мелдеште кыргыз улакчылары атаандашын 9:3 эсебинде утту. Эске салсак, бүгүн, 29-сентябрда Түркиянын Изник шаарында IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары башталды. Ага… Кененирээк…

Садыр Жапаров иш сапары менен Түркияга барды

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 29-сентябрда, иш сапары менен Түркиянын Бурса шаарына барды. Бул тууралу президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты. Сапардын алкагында мамлекет башчысы Изник шаарында өтө турган төртүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине катышат.

Кыргызстан быйыл кышында да сырттан электр энергиясын сатып алат

Кыргызстан быйыл кышында да сырттан электр энергиясын сатып алат. Бул тууралуу энергетика министринин орун басары Тилек Айталиев билдирди. Белгилеп кетсек, өлкөдө кышка карата сүйлөшүүлөр эми гана жүргүзүлө баштады. Электр энергиясын камдоо боюнча эч кандай келишим түзүлө элек, бирок керектөөнүн өсүшүн эске алуу менен жарыкты мурдагыдан… Кененирээк…

Чек арачылардын айлыгы 1-октябрдан тарта эки эсе жогорулайт

Баткен жана Лейлек районундагы чек арачылар мындан ары 76 миң сомго жакын маяна алат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Баткен облусунда жергиликтүү тургундар менен жолугушууда билдирди. Ал белгилегендей, чек арачылардын айлык акысы ушул жылдын 1-октябрынан тарта эки эсеге жогорулатылат.

Кыргызстандын аймагында 1-октябрда туруксуз аба ырайы күтүлөт

Кыргызстандын аймагында 1-октябрда туруксуз аба ырайы күтүлөт. Кыргызгидрометтен билдиришкендей, көпчүлүк аймактарда жаан жаап, тоо этектеринде жаан карга айланышы, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши мүмкүн. Мындай туруксуз аба ырайы унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын… Кененирээк…

Боомдо жол маал-маалы менен жабылат

Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолундагы Боом капчыгайында таштарды кулатуу иштери жүргүзүлөт. «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын маалыматына ылайык, жумуштар 3-7-октябрь аралыгында аткарылат. Мындан улам, аталган жол эртең мененки саат 9дан түшкү 3кө чейин маал-маалы менен жабылып турат. Белгилеп кетсек, жолдо 30-40 унаа чогулуп калган учурда таштарды кулатуу… Кененирээк…

Уэльстин тургуну үйлөнүү үлпөтүн күйөө баласыз уюштурду

Уэльстин тургуну үйлөнүү үлпөтүн күйөө баласыз уюштурду. Анын тандап алганы белгисиз себептерден улам майрамга келген эмес жана телефон чалууларга жооп бербей койгон. Бирок той үчүн каражат алдын ала төлөнгөндүктөн, кыз иш-чараны токтотпой, туугандары жана достору менен өткөргөн. Салтанат үзгүлтүккө учураса да, келин көңүлүн түшүрбөөгө аракет… Кененирээк…

Бир айда Бишкекте батир ижарага алуунун орточо баасы 168 долларга өстү

Сентябрда Бишкекте батир ижарага алуунун орточо баасы орто эсеп менен 168 долларга өсүп, 866 долларды түздү. Бул байкоолордун тарыхындагы абсолюттук рекорд. Талдоочулардын баамында, өсүш эки фактор менен шартталган: студенттерден суроо-талаптын өсүшү, ошондой эле Россияда жарыяланган мобилизацияга байланыштуу орус жарандарынын миграция толкуну.

Баткен облусунун 120 миңден ашуун тургуну үйлөрүнө кайтты

Баткен облусунун 120 миңден ашуун тургуну үйлөрүнө кайтты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди. Мекеме облус боюнча жалпысынан 136 миң 770 адам эвакуацияланганын белгиледи. Алардын баары Бишкек, Ош жана Жалал-Абад облустарына убактылуу жайларга же туугандарына жайгаштырылган.

Баткенге жардам. Атайын эсепке дээрлик 295 млн сом түштү

Баткендеги жаңжал учурунда жабыркаган калкка колдоо көрсөтүү үчүн ачылган атайын эсепке дээрлик 295 миллион сом түштү. Бул Каржы министрлиги берген соңку маалымат. Белгиленгендей, акча азыркы тапта эч кандай муктаждыкка жумшала элек. Буга чейин маалымдалгандай, аны туура багыттоого президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү жооптуу болот.