Баткен облусунда объектилерди калыбына келтирүү иштери уланууда

Баткен облусунда объектилерди калыбына келтирүү иштери уланууда. Ишке атайын техникалар, куткаруучулар жана ыктыярчылар тартылган. Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров үйлөрдүн дээрлик баары талкаланган Капчыгай айылында жаңы имараттар курула турганын билдирди. Жабыркаган Ак-Сай айылындагы мектеп боюнча балдардын коопсуздугу эске алынып, жаңы имарат куруу маселеси чечилет. Өкмөт… Кененирээк…

Москвада жаңы аймактарды Россияга кошуу боюнча келишимдерге кол коюлат

Москвада Россиянын курамына жаңы аймактарды: Донецк жана Луганск элдик республикаларын, ошондой эле Херсон жана Запорожье облустарын кошуу боюнча келишимдерге кол коюу аземи өтүүдө. Салтанатка президент Владимир Путин жана парламентарийлер катышууда. Референдум өткөн төрт субъект менен тең Россияга кошулуу келишимине кол коюлат. Кийин Путин бул аймактардын… Кененирээк…

Бишкекте “Учкун” кичи районундагы гараждарды бузуу иштери башталды

Бишкекте “Учкун” кичи районундагы гараждарды бузуу иштери башталды. Мэриянын маалыматы боюнча, 120га жакын объект сүрдүрүлүүгө тийиш. Август айында Свердлов шаардык соту аларды мыйзамсыз деп тапкан. Үй ээлерине 30-сентябрга чейин аймакты бошотуу боюнча эскертүүлөр берилген. Белгиленгендей, айрым жарандар гараждарын өз алдынча бузушкан.

АКШ Баткенде жабыркагандарга 100 миң доллар бөлөт

АКШ Баткенде жабыркагандарга 100 миң доллар бөлөт. Аталган мамлекеттин Кыргызстандагы элчилиги кабарлагандай, гуманитардык жардам жер которууга дуушар болгон 400гө жакын үй-бүлөгө берилет. Каржылоо эл аралык федерация аркылуу жабыркаган үй-бүлөлөргө акчалай таратылат. Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы соңку куралдуу кагылышта кыргыз айылдарынан 622 турак жай зыян тарткан.… Кененирээк…

Бүгүнтөн тарта Санкт-Петербург-Тамчы багыты боюнча каттамдар ачылды

Санкт-Петербург-Тамчы багыты боюнча каттамдар ачылды. Рейс апта сайын Пулково аэропортунан жума күндөрү түнкү саат 11:20да, Тамчыдан ишемби күндөрү эртең мененки саат 8.55те учат. Тамчы — Санкт-Петербург менен түз байланышкан Кыргызстандагы үчүнчү шаар болуп калды. Азыр учактар ​​Пулководон Бишкекке жана Ошко учат.

Айыл чарба азыктарынын экспортуна коюлган чектөө алып салынды

Өлкөдө айыл чарба азыктарынын айрым түрлөрүн экспорттоого убактылуу коюлган тыюу алып салынды. Бул тууралуу айыл чарба министрлигинен билдиришти. Эске салсак, 17-мартта дан, май, кумшекер, жумуртка, уй эти, тоют жана башка товарларды сыртка чыгарууга алты айлык чектөө киргизилген. Мунун себеби азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо жана бааны турукташтыруу максаты… Кененирээк…

Бишкек жана Оштогу мектеп директорлук кызматына сынактын экинчи туру жарыяланды

Билим берүү министрлиги Бишкек жана Ош шаарларындагы орто мектептердин директорлук кызматына сынактын экинчи турун жарыялады. Ведомстводон билдиришкендей, бүгүнкү күндө ордо калаадагы 22 билим берүү мекемесинин жетекчилеринин орундары бош. Компьютердик тестирлөөнүн графиги жана кайда өтөөрү кийинчерээк жарыяланат.

Учурда кыргызстандыктардын 77 пайызы саякаттоону пландаштырууда

Учурда кыргызстандыктардын 77 пайызы саякаттоону пландаштырууда. Мындай маалыматтар Кыргызстан үчүн “Саякатчылардын индексинде” жарыяланды. Индексте ошондой эле сурамжылоого катышкан кыргызстандыктардын төрттөн бири быйыл саякат бюджетин көбөйткөнү, ал эми үчтөн бири жакынкы айларда саякатка чыгууну пландаштырып жатканын белгиленди. Ал эми калктын 2 пайызынын гана саякаттоо боюнча азырынча… Кененирээк…

Apple россиялык кызматкерлеринин көбүн Кыргызстанга алып келди

Apple россиялык кызматкерлеринин көбүн Кыргызстанга алып келди. Бул тууралуу бүгүн “Ведомости” гезити өздүк булактарына таянып жазып чыкты. Жер которууга даярдык 2022-жылдын жазында башталган жана жайдын аягында аяктады. Басылма Apple компаниясынын өкмөт менен байланыш бөлүмүнүн башчысы Назим Турдумамбетовдун кыргызстандык экенин белгилеген. Эске салсак, буга чейин ушундай… Кененирээк…

Бекназ Алмазбеков дүйнөнүн эң мыкты жаш футболчуларынын катарына кирди

Кыргызстандык Бекназ Алмазбеков дүйнөнүн эң мыкты жаш футболчуларынын катарына кирди. Эң таланттуу 60 футболчунун рейтингин британиялык The Guardian басылмасы жарыялады. Учурда 17 жаштагы Алмазбеков Түркиянын белгилүү спорт клубдарынын бири – Галатасарайда ойнойт Ал биринчи жолу Кыргызстандын курама командасында дебюттук оюнун ушул жылдын июнь айында Азия… Кененирээк…