Транспорт министри Эркинбек Осоев иштен алынды

Президент Садыр Жапаров жарлыгы менен транспорт жана коммуникациялар министри Эркинбек Осоевди кызматынан бошотту. Бул туурасында мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты. Жапаров аталган аткаминерди Баш мыйзамдын 71-беренесине таянып иштен бошоткондугу айтылды. Президент буга чейин маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкуловду, билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиевди… Кененирээк…

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов кызматынан бошотулду

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов кызматынан бошотулду. Ал арызды өз каалоосу менен жазганын президент администрациясынан белгилешти. Тиешелүү жарлыкка Садыр Жапаров кол койду.   Жаманкулов аталган министрликти 2018-20-жылдары дагы жетектеп андан кийин иштен алынган, 2021-жылы кайрадан министр болуп дайындалган болчу.

Баткен облусунда объектилерди калыбына келтирүү уланууда

Баткен облусунда объектилерди калыбына келтирүү уланууда. Иштерге атайын техника, куткаруучулар жана ыктыярчылар тартылды. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жарыялагандай, дээрлик бардык үйлөр талкаланган Капчыгай айылында жаңы имараттар курулат.   Ал эми Ак-Сай айылындагы жараксыз абалга келген мектептин ордуна, балдарын коопсуздугун камсыздай алган мектептин курулушу боюнча… Кененирээк…

Садыр Жапаров Доскул Бекмурзаевди иштен алды

Мамлекет башчы Садыр Жапаровдун жарлыгы менен энергетика министри Доскул Бекмурзаев иштен алынды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады. Буга чейин Бекмурзаевге кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча эки кылмыш иши козголуп, тергөө аяктаганга чейин кызматынан четтетилген. Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча, Энергетика министрлигинин жана анын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн… Кененирээк…

Алмазбек Бейшеналиев иштен алынды

Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады. Ага ылайык, тиешелүү жарлыкка мамлекет башчы Садыр Жапаров кол койду. Эске салсак, буга чейин министр ири өлчөмдө (110 000 доллар) пара алып жаткан учурда кармалганы айтылып, видеосу да жарыяланган. ИИМ… Кененирээк…

Төө-Ашууда кар жаап жатат

Төө-Ашууда кар жаап жатат. Бишкек – Ош унаа жолу аркылуу сапарга чыккан айдоочуларга этият болуу сунушталат, — дешти Чүй облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан.   Инспекторлордун айтымында, жол кырсыктарын алдын алуу максатында жол эрежелерин сактап, этият болуу керек. Зарылчылык болсо, Бишкек – Ош трассасы… Кененирээк…

Ошто таштандыны өз өзүнчө чогултуучу челектерди орнотуу башталды

Ошто таштандыны өз өзүнчө чогултуучу челектерди орнотуу башталды. “Ош-Тазалык” муниципалдык ишканасынын маалыматына ылайык, алар аялдамаларда, парктарда, скверлерде жана башка эл көп чогулган жерде пайда болот.   Долбоордун максаты – калкка таштандыны сорттоо маданиятын жайылтуу болуп саналат.

Кыргызстанга марттан бери Россия, Беларусия жана КМШнын башка өлкөлөрүнөн 50дөн ашык IT-компаниялар көчүп келип, каттоодон өттү

  Кыргызстанга марттан бери Россия, Беларусия жана КМШнын башка өлкөлөрүнөн 50дөн ашык IT-компаниялар көчүп келип, каттоодон өттү. Бул тууралуу “Экономист” басылмасына Жогорку технологиялар паркынын аткаруучу директору Чубак Темиров билдирди.   Анын айтымында, мындай көрүнүш Кыргызстан үчүн жакшы — IT-компаниялар АКШ, Азия жана Европада акча таап,… Кененирээк…

Тажикстандын куралдуу кол салуусу учурунда жабыркагандарга убактылуу жайгаштыруу үчүн жылуулатылган чатырлар орнотулуп жатат

Тажикстандын куралдуу кол салуусу учурунда жабыркагандарга убактылуу жайгаштыруу үчүн жылуулатылган чатырлар орнотулуп жатат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.   Аларда жарандар үйлөрү курулганча жашап турат. Мындай чатырларда меш бар жана жылуулукту сактоо үчүн сырты кийиз менен капталган.   Эске салсак, кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалда… Кененирээк…

Түркияда өткөн дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында кыргызстандык спортчулар 58 медаль багындырды

Түркияда өткөн дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында кыргызстандык спортчулар 58 медаль багындырды. Дене-трабия жана спорт департаментинен билдиришкендей, кыргызстандыктар спорттун 14 түрүнөн катышып, 16 алтын, 17 күмүш жана 25 коло медалга ээ болду.   Медалдардын басымдуу бөлүгү Алыш бел боо күрөшүнө таандык. Түркиянын Изник шаарында өткөн IV Дүйнөлүк… Кененирээк…