Жол эрежесин бузгандыгы боюнча айыпка кошулган туумду алып салуу сунушталды

Жол эрежесин бузгандыгы боюнча айыпка кошулган туумду алып салуу сунушталды. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын начальниги Азамат Исраилов билдиргендей, тиешелүү мыйзам долбоору даярдалып жатат.   Анда ошондой эле  жеңилдетилген айыптын мөөнөтүн 15 күндөн бир айга чейин узартуу каралган. Эске салсак, эреже бузган айдоочуга 1 миң… Кененирээк…

Баткен облусуна жардам берүү үчүн ачылган атайын эсепке дээрлик 312 миллион сом чогулду

Баткен облусуна жардам берүү үчүн ачылган атайын эсепке дээрлик 312 миллион сом чогулду. Бул тууралуу Каржы министрлигинен билдиришти. Сумманы Кыргызстандын кайдыгер эмес жарандары топтоду.   Ведомстводон белгилешкендей, каражат азырынча Баткенге багыттала элек. Аны туура бөлүштүрүүгө президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү жооптуу болот.

Дүйнөдөгү эң кургак чөл – Атакама гүлдөдү

Дүйнөдөгү эң кургак чөл – Атакама гүлдөдү. Чөл жайгашкан Чилиде бул жыл аябай жаанчыл болду. Жалпысынан 80 миллиметр жаан-чачын түштү, мындай көрүнүш бул өлкөдө сейрек катталат.   Жыйынтыгында, кумда өсүмдүктөрдүн 200дөн ашык түрү өсүп чыкты. Алар түркүн түскө боелуп, чөлдү гүлдүү аймакка айлантты.

Каракол шаарында таштандыны кайра иштетүүчү завод курулат

Каракол шаарында таштандыны кайра иштетүүчү завод курулат. Калаа мэриясынан билдиришкендей, курулуш иштери боюнча белоруссиялык компания менен келишим жетишилди.   Бул максатта мамлекеттик бюджеттен 135 миллион сом бөлүнгөн. Курулуш кийинки айда старт алса, декабрда ишкана ачылып калат деп пландалууда. Заводдо 50 жаңы жумуш орду түзүлөт.

Накталай эмес сатуулардагы нөлдүк ставкаларды 2024-жылга чейин узартуу сунушталды

Накталай эмес сатуулардагы нөлдүк ставкаларды 2024-жылга чейин узартуу сунушталды. Бул тууралуу Экономика министрлигинин салык саясаты башкармалыгынын жетекчиси Кубанычбек Ысабеков билдирди.   Анын айтымында, жеңилдетилген мөөнөт кийинки жылы аяктайт. Буга чейин аны узартуу боюнча суранычтар менен кичи жана орто бизнес өкүлдөрү кайрылган.   Учурда бийлик бул… Кененирээк…

Индия тургуну 16 миң долларды лотереядан утуп алып, кийин буга өкүнүп калды

Индия тургуну 16 миң долларды лотереядан утуп алып, кийин буга өкүнүп калды. Эркектин айтымында, байлык ага көптөгөн күтүлбөгөн маселелерди алып келди, алсак, прессанын назары ага кереги жок болчу.   Андан тышкары, акчага муктаж адамдар анын үйүнө келип баштаган. Аягында тургун сыртка чыга да албай калган.… Кененирээк…

Кыргызстанда 33 унаа мектеби жабылды

Кыргызстанда 33 унаа мектеби жабылды. Бул тууралуу парламент отурумунда Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын начальниги Азамат Исраилов билдирди.   Анын айтымында, жалпысынан өлкө аймагында 270 унаа мектеби бар. Текшерүү жүргүзүлүп, анын 22си гана лицензиялык талаптарга жооп бере турганы аныкталды. Учурга карата 33 мектеп толугу… Кененирээк…

Баткен жана Ош облустарын калыбына келтирүүгө 3 миллиард сом каралды

Баткен жана Ош облустарын калыбына келтирүүгө 3 миллиард сом каралды.   Бул тууралуу Каржы министрлигинин басма-сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, каражат мамлекеттик органдардын берген арызына ылайык бөлүнүп жатат.   Эске салсак, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, Баткен облусунда Тажикстандын куралдуу кол салуусунда 613 үй, 9… Кененирээк…

Бишкектин 9 көчө кесилишинде “акылдуу светофорлор” пайда болот

Бишкектин 9 көчө кесилишинде “акылдуу светофорлор” пайда болот. Бул тууралуу мэр Эмилбек Абдыкадыров билдирди. Анын айтымында, бул максатта Япония 3,5 миллион доллар бөлүп берет.   Каражат кайтарымсыз негизде тапшырылат. Бул суммага тыгын көп орун алган көчө кесилиштерине заманбап жолчырактар орнотулат, — деди мэр.

Кыргызстандыктарды ноябрда катары менен 4 күндүк эс алуу күтүп турат

Кыргызстандыктарды ноябрда катары менен 4 күндүк эс алуу күтүп турат. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришкендей, 7-8-ноябрь быйыл дүйшөмбү, шейшембиге туура келет.   Демек, жарандар 5-ноябрдан 8-ноябрга чейин эс алат. Эске салсак, 2017-жылдан бери Кыргызстанда  7-8-ноябрда Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрү белгиленет.