Өлкөдөгү 4 министрликке жаңы жетекчилер дайындалды

Өлкөдөгү 4 министрликке жаңы жетекчилер дайындалды. Садыр Жапаров кл койгон жарлыктарга ылайык, Билим берүү министри болуп Уланбек Мамбетакунов, Энергетика министри болуп Таалайбек Ибраев дайындалса, Алтынбек Максутов Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигин жетектеди.   Ал эми Унаа жана жолдор министрлигин эми Тилек Текебаев башкарат.… Кененирээк…

Ысык-Көлдүн Оттук айылында жаңы мектеп ачылды

Ысык-Көлдүн Оттук айылында жаңы мектеп ачылды. Мамлекеттик курулуш жана архитектура агенттигинин маалыматына ылайык, окуу имараты 275 окуучуга чакталат.   Анда окуу класстары, спорт жана акты залдары, ашкана каралып, билим алуу үчүн бардык шарттар түзүлдү. Долбоордун сметалык баасы 1,5 миллион долларды түзөт.

Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында заманбап медициналык-диагностикалык борбор ачылат

Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында заманбап медициналык-диагностикалык борбор ачылат. Долбоорду ишке ашыруу үчүн кыргыз-орус өнүтүрүү фонду 460 миң долларды насыя катары берди.   Каражат курулуш иштерине жана медициналык жабдууларды алууга жумшалат. Оорукана күнүнө 100 бейтапты кабыл алууга ылайыкталып, 30 орундуу 13 палатадан турат.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы “Достук унаа жолу” өткөрүү түйүнү эртең ачылат

Кыргыз-өзбек чек арасындагы “Достук унаа жолу” өткөрүү түйүнү эртең ачылат.   Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, түйүн толук жаңылоодон өтүп, техникалык жактан модернизацияланды.   Санариптик технологиянын жардамы менен чек арадан өтүү процесси жеңилдетилет.  Салтанаттуу ачылыш аземине байланыштуу, “Достук” бекети эртең саат… Кененирээк…

Бишкекке жыл аягына чейин 120 автобус алынып келет

Бишкекке жыл аягына чейин 120 автобус алынып келет. Бул тууралуу ордо калаа унаа транспорту ишканасынын директору Бакыт Темикеев  билдирди. Анын айтымында, кытайлык компания менен транспортту жеткирүү боюнча келишимге августта кол коюлган.   Ар бир автобус тетиктери менен 91 миң долларга айланат. Бул максатта каражат шаар… Кененирээк…

Кыргызстанда сасык тумоо жана курч респиратордук вирустар күч алууда

Кыргызстанда сасык тумоо жана курч респиратордук вирустар күч алууда. Инфекция балдарга дагы, чоңдорго дагы жайылууда. Өтүп кеткен жума ичинде  4 миңден ашык учур катталды.   Вирустарды алдын алуу үчүн адистер колду байма-бай самындап жууп, эл көп чогулган жерлерден оолак болууну сунуштайт. Ал эми коргонуунун эң… Кененирээк…

Кыргызстанда “Санарип көчмөн” макамын берүү боюнча пилоттук долбоор кое берилди

Кыргызстанда “Санарип көчмөн” макамын берүү боюнча пилоттук долбоор кое берилди. Бул тууралуу Эмгек министрлигинен билдиришти.   Бул макам Азербайжан, Армения, Беларусия, Казакстан, Молдова жана Россия жарандарына бир катар артыкчылыктарды берет.   Алсак, аны алгандар бир жыл ичинде Кыргызстанда ишке орношууга уруксат албай, жашаган жери боюнча… Кененирээк…

Лионель Месси үчүн Катарда өтө турган дүйнө чемпионаты акыркысы болот

Лионель Месси үчүн Катарда өтө турган дүйнө чемпионаты акыркысы болот. Бул тууралуу Аргентинанын форварды өзү жарыялады. Оюнчунун айтымында, ал мундиалдын башталышын чыдамсыздык менен күтүп, жакшы ойноого аракет кылат.   Бирок ал Аргентина курамасын фавориттердин катарына кошпойт. Белгилеп кетсек, Месси дүйнө чемпионатын бир дагы жолу жеңе… Кененирээк…

Япониянын адистери Бишкектин көчөлөрүндөгү тыгын маселесин жоюуга жардам берет

Япониянын адистери Бишкектин көчөлөрүндөгү тыгын маселесин жоюуга жардам берет. Мэрия маалыматына ылайык, эксперттер ашыр жүктөлгөн көчө кесилиштерин изилдеп чыкты.   Алынган маалыматтын негизинде алар муниципалдык кызматтарга тыгындарды көзөмөлдөгөн интеллектуалдык системаны ишке киргизүүгө жардам берет. Долбоор качан ишке ашырылат, азырынча белгисиз.

Ысык-Көл облусунун чабандарына малга жарык чагылдыруучу ленталарды кийгизүү сунушталды

Ысык-Көл облусунун чабандарына малга жарык чагылдыруучу ленталарды кийгизүү сунушталды. Аймактын ички иштер башкармалыгынан билдиришкендей, бул аварияларды жана башка кырсыктарды алдын алууга шарт түзөт.   Милициядан белгилешкендей, малды күдүзгү убакта гана айдоо керек. Аларды жолго жакын жерге жаюуга тыю салынат.   Эске салсак, эреже боюнча малдын… Кененирээк…