Чек ара кызматы аскерге чакыруу боюнча билдирүү таратты

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке караштуу (УКМК) Чек ара кызматы «Күз-2022» аскерге чакыруу жана кызмат өтөө үчүн даярдык тууралуу билдирүү таратты. Анда аталган мекеме ата-энелерге кайрылып, балдарын, бир туугандарын аскердик кызматка даярдоого, аларга дем берүүгө үндөгөн. Акыркы учурларда кызмат өтөгүсү келбей, ант берүү алдында окуу… Кененирээк…

Австралиялык окумуштуулар Айда өсүмдүктөрдү өстүрүүнү пландап жатат

Австралиялык окумуштуулар Айда өсүмдүктөрдү өстүрүүнү пландап жатат. Эксперимент 2025-жылга белгиленди. Азырынча өсүмдүктөрдүн түрү аныктала элек.   Бирок окумуштуулар бардык учурда жакшы өсүп чыккан уруктарды тандоо ниетинде. Бул Айдын колонизациясы үчүн чоң кадамдардын бири болуп саналат. Келечекте анда кычкылтек жана дары-дармек өндүрүү үчүн өсүмдүктөрдү өстүрүү пландалууда.

Бишкекте Панфилов көчөсү кыймылга ачылды

Бишкекте Панфилов көчөсү кыймылга ачылды. Мэрия маалыматына ылайык, анын Медеров көчөсүнөн Чоң Чүй каналга чейинки тилкеси калыбына келтирилди. Бул жерде асфальт катмары жаңыртылып, ирригация системасы өткөрүлүп, жаңы тротуарлар салынды.   Иштер кытайлык гранттын эсебинен “Бишкектин жол тармагын өнүктүрүү” долбоорунун экинфи фазасынын алкагында жүргүзүлдү.

Бишкекте эртең чуркоо марафонуна байланыштуу борбордук көчөлөр кыймылга жабылат

Бишкекте эртең чуркоо марафонуна байланыштуу борбордук көчөлөр кыймылга жабылат. Бул тууралуу мэрия маалымдайт.   Эртең мененки саат 7.30дан 10го чейин Абдымомунов, Панфилов, Раззаков, Түштүк Магистраль жолдору, Чүй проспекти аркылуу унаалар өткөрүлбөйт.   Чектөөлөр эл аралык кайрымдуулук марафонуна байланыштуу. Тыгындарды алдын алуу максатында айдоочуларга башка каттамдарды… Кененирээк…

Ош облусу боюнча 108 талапкер тесттен өттү

Ош облусунда мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилигине сынактын экинчи айлампасында 108 талапкер босого баллдан өттү. Бул тууралуу Билим берүүнүн сапатын баалоо жана маалымат технологиялардын улуттук борбору маалымдады. Директорлор тесттен бүгүн, 7-октябрда өткөн. «Тестирлөөгө 310 талапкер катышып, анын ичинен 108 талапкер 60 пайыздан… Кененирээк…