АКШда адам кыялындагы жумуш пайда болду

АКШда адам кыялындагы жумуш пайда болду. Эмгек акы төлөөчү компания «социалдык тармак көчмөнүн» издөөнү жарыялады. Болочок кызматкер алты ай бою Австралия же Жаңы Зеландияны кыдырып, сапары тууралуу Интернетте айтып берет. Компания саякатка жана иштөөгө керектүү нерселердин баары менен толук жабдылган уктоочу фургон менен берет. Мындан… Кененирээк…

Нурланбек Азыгалиев Жогорку Кеңештин вице-спикери болуп шайланды

Бүгүн, 12-октябрдагы парламент жыйынында депутаттар Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басарын шайлашты. Төраганын кызмат ордуна Нурланбек Азыгалиевдин талапкерлиги көрсөтүлүп, жашыруун добуш берүүнүн негизинде 81 депутат колдоду. Жыйынтыгында Жогорку Кеңештин тиешелүү токтому кабыл алынды. Белгилеп кетсек, буга чейин Жогорку Кеңештин депутаты Улан Примов вице-спикерликти өз каалоосу менен… Кененирээк…

Садыр Жапаров Казакстанга иш сапары менен кетти

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 12-октябрда, иш сапары менен Астана шаарына (Казакстан Республикасы) учуп кетти. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты. Мамлекет башчы Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңешмеге мүчө мамлекеттердин VI саммитине, Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин мамлекет башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынына… Кененирээк…

Рецепт боюнча гана сатылуучу дарылардын тизмесин толуктоо сунушталууда

Саламаттык сактоо министрлиги рецепт боюнча гана сатылуучу дарылардын тизмесин толуктоону сунуштоодо. Учурда тизмеде 38 препарат бар. Ведомство аны 78ге чейин көбөйтүү керек деп эсептейт, анткени көз карандылыкты пайда кылган жаңы дарылар алынып келинүүдө. Алар рецептсиз кабыл алынса, терс таасир тийгизиши мүмкүн. Сунуш долбоору коомдук талкууга… Кененирээк…

Илхам Алиевдин Кыргызстандагы мамлекеттик сапары жыйынтыкталды

Азербайжандын президенти Илхам Алиевдин Кыргызстандагы эки күндүк мамлекеттик сапары жыйынтыкталды. Президенттин маалымат кызматынан билдиришкендей, сапар бир катар социалдык объекттерди кыдыруу менен аяктады. Илхам Алиев Бишкекке 11-октябрда келген. Бул күнү эки президенттин жолугушуусунан кийин кызматташтыкты арттырууга багытталган сегиз документке кол коюлган.

Кыргызстанда жугуштуу оорулар боюнча эпидемиологиялык абал туруктуу

Кыргызстанда жугуштуу оорулар боюнча эпидемиологиялык абал туруктуу. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министринин орун басары Бүбүжан Арыкбаева билдирди. Анын айтымында, өсүү айрым формаларда гана байкалууда. Азырынча чектөө чаралары ооруканаларда гана киргизилген. Арыкбаева ошондой эле мектептер көзөмөлгө алынып жатканын белгиледи. Эгерде окуучулар арасында инфекциялар көбөйсө, анда карантин… Кененирээк…

Килиан Мбаппе Париж клубунан кетүүнү көздөөдө

ПСЖ жана Франция курамасынын чабуулчусу Килиан Мбаппе Париж клубунан кетүүнү көздөөдө. Чет элдик басылмалардын маалыматына ылайык, форфард буга чейин команданын жетекчилигине жогорудагы каалоосун билдирген. ПСЖ Мбаппе “Реал Мадридден” башка клубга кетсе гана чабуулчу менен сүйлөшүүгө даяр. Трансфер 2023-жылы кышында же жайында болушу мүмкүн. 23 жаштагы… Кененирээк…

Жогорку Кеңеш кийинки жумада «өкмөттүк саат» өткөрөт

Жогорку Кеңеш кийинки жумада Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун катышуусу менен “өкмөттүк саат” өткөрөт. Парламент төрагасы Нурланбек Шакиев билдиргендей, анда бюджет, Баткен, Кумтөр, кышка даярдык өңдүү маселелердин тегерегинде жыйын болот. Белгилеп кетсек, бүгүнкү отурумда бир топ депутат өкмөт башчынын парламентке келишин талап кылган.

Кыргызстан БУУнун Адам укуктары кеңешине мүчө болуп шайланды

Кыргызстан Бириккен улуттар уюмунун Адам укуктары боюнча кеңешине 2023-2025-жылдарга мүчө болуп шайланды. Тышкы иштер министрлигинин маалыматына караганда, Азия өлкөлөрүнүн ичинен Афганистан, Бангладеш, Вьетнам, Мальдив аралдары жана Корея дагы БУУнун кеңешине мүчө болуу үчүн арыз берген. Кыргызстанды колдоп 126 өлкө добуш берди. Адам укуктары боюнча кеңеш… Кененирээк…

Садыр Жапаров менен Ильхам Алиев Низами Гянджеви атындагы мектепти ачты

Азербайжандын президенти Ильхам Алиевдин Кыргызстанга мамлекеттик сапарынын алкагында Бишкек шаарындагы Низами Гянджеви атындагы мектептин ачылыш аземи өттү. Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, ачылыш аземдин жүрүшүндө президент Садыр Жапаров менен Азербайжандын президенти Ильхам Алиев билим берүү мекемесинин имаратын көрүп чыгышты. Окуу жайдын аянты 2 миң 31… Кененирээк…