Бишкек мэриясы баткендиктерди убактылуу үйлөр менен камсыздоодо

Бишкек мэриясы чек арадагы куралдуу кагылыштан жабыркаган баткендиктерди убактылуу үйлөр менен камсыздоодо. Муниципалитеттин маалыматы боюнча, темир контейнерлерде ыңгайлуу жашоо үчүн бардык шарттар түзүлгөн. Мындай 16 үй буга чейин Баткен облусуна жөнөтүлгөн. Жалпысынан 50 контейнерди жабдуу пландалууда. Бул максатта мэрияга ишкерлер жана курулуш компаниялары тарабынан жардам… Кененирээк…

Бишкек ЖЭБдеги көмүрдүн запасы жаңы жылга чейин жетет

Бишкек Жылуулук электр борборундагы көмүрдүн запасы жаңы жылга чейин жетет. Бул тууралуу энергетика министри Таалайбек Ибраев билдирди. Анын айтымында, азыр кампада 242 миң тонна кара отун бар. ЖЭБ бул запасты кошумча 400 миң тонна көмүр сатып алганга чейин колдонот. Чиновник калкты дүрбөлөңгө түшпөөгө чакырып, бийлик… Кененирээк…

Латвияда сезондун эң ири мотоэкстрим турнирлеринин бири өттү

Латвияда сезондун эң ири мотоэкстрим турнирлеринин бири өттү. Мелдештер экинчи жыл катары менен жергиликтүү телемунаранын этегинде уюштурулуп келет. Таймаш уникалдуу концепцияга ээ – Рига телемунарасынын аймагын курчап турган кум, таш жана жыгачтан атайын жасалган тоскоолдуктар бар. Мунун баары трассаны катышуучулар үчүн да, күйөрмандар үчүн да… Кененирээк…

Астанада Жапаров, Путин жана Рахмондун үч тараптуу жолугушуусу башталды

Казакстандын Астана шаарында бүгүн, 13-октябрда Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров, Россиянын президенти Владимир Путин жана Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун үч тараптуу жолугушуусу башталды. Буга чейин президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев жолугушууда мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги көйгөйлүү маселелерди талкуулана тургандыгын кабарлаган. Белгилеп кетсек, биргелешкен жолугушуу… Кененирээк…

Ош мэриясынын делегациясы Кореяда бүткүл дүйнөлүк конгресске катышууда

Ош шаарынын биринчи вице-мэри Марс Исаев баштаган мэриянын делегациясы “Бириккен шаарлар жана жергиликтүү бийликтер” уюмунун бүткүл дүйнөлүк конгрессине катышууда. Бул тууралуу жергиликтүү мэриянын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, иш-чара 10-октябрдан 14-октябрга чейин Кореянын Тэджон шаарында өтүп жатат. Конгресстин программасында тегерек столдор, пленардык сессиялар, талкуулар,… Кененирээк…

Баткендеги кыйроолордун чыгымы кеминде 8 миллиард сом деп эсептелди

Кыргыз-тажик чек арасындагы соңку окуяда кыйроолордон Кыргызстан тарткан зыяндын суммасы 100 миллион долларга жакын деп эсептелди. Бул тууралуу “Азаттыкка” Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди. Ал Баткен боюнча комиссиянын экинчи отуруму келерки жумада жеринде өтөрүн, суук түшкөнчө элди үйүнө киргизүү планы коюлуп жатканын кошумчалады. 16-17-сентябрда… Кененирээк…

Таластагы “Бала-Саруу” ГЭСи кийинки жылдын аягында ишке берилет

Таластагы “Бала-Саруу” ГЭСи кийинки жылдын аягында ишке берилет. Бул тууралуу Улуттук энергохолдинг башкармалыгынын төрагасы Таалайбек Байгазиев билдирди. Маалыматка ылайык, мунун себеби курулушка тоскоол болгон табигый жагдайлар менен байланыштуу. Эске салсак, буга чейин аталган гидроэлектрстанциянын биринчи агрегаты ушул жылдын декабрында ишке берилери жарыяланган. Мурдагы энергетика министри… Кененирээк…

Токтогулда жаңы мектеп ачылды

Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда жаңы мектеп ачылды. Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, Сары-Камыш айылындагы мектеп 225 орунга ылайыкталган. Анда окуу процессин жүргүзүү үчүн бардык зарыл шарттар каралган. Белгилеп кетсек, мектеп деңиз деңгээлинен 1 миң 655 метр бийиктиктеги алыскы аймакта жайгашкан.

Быйыл Кыргызстанга 195 миң тоннага жакын буудай импорттолушу керек

Быйыл Кыргызстанга 195 миң тоннага жакын буудай импорттолушу керек. Айыл чарба министри Аскарбек Жаныбековдун айтымында, өлкө бул жылы буудайга болгон муктаждыгын 70-75 пайызга камсыз кылды. Республика боюнча жалпысынан 670 миң тоннадан ашык буудай жыйналды. Маалыматка ылайык, быйылкы муктаждык 870 миң тоннаны түзөт.

Кыргызстандан көмүр экспорттоого тыюу салынат

Кыргызстандан көмүр экспорттоого тыюу салынат. Novosti.kgге Энергетика министрлигинен такташкандай, бул боюнча буйрук кийинки жумада чыгат. Көмүрдү сыртка алып чыгууга чектөө кара отундун тартыштыгына жана баанын көтөрүлүшүнө жол бербөө максатында кабыл алынды. Белгилеп кетсек, жыл башынан бери дээрлик 480 миллион сомго 178 миң 260 тоннадан ашык… Кененирээк…