«Камбар-Ата-1» ГЭСин куруу боюнча башкы подрядчы катары жергиликтүү компания аныкталды

«Камбар-Ата-1» ГЭСин куруу боюнча башкы подрядчы катары жергиликтүү компания аныкталды. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин аталган ГЭСти куруу, 2-гидроагрегатты ишке киргизүү жана Камбар-Ата-2 ГЭСинин жер үстүндөгү төгүүчү жайын куруу долбоорлору боюнча уюштуруу комитетинин жыйынында белгилүү болду. Маалыматка караганда, долбоорду каржылоо маселеси да чечилди. Ага ылайык, жылдарга бөлүү менен 1… Кененирээк…

Кыргызстан жылына 20 миң тонна балык өндүрө баштады

Кыргызстан жылына 20 миң тонна балык өндүрө баштады. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, буга карабай өлкөнүн ички керектөөлөрү үчүн эле өндүрүштү эки эсе көбөйтүү керек. Белгилеп кетсек, Кыргызстандан балык Россия, Казакстан жана Өзбекстанга экспорттолот.

Бишкектин калкты тейлөө борборлорунда өзүн-өзү тейлөө зоналары иштеп жатат

Бишкектин калкты тейлөө борборлорунда өзүн-өзү тейлөө зоналары иштеп жатат. Санариптик өнүктүрүү министрлигинин маалыматы боюнча, жарандар ал жерден 143 онлайн кызмат ала алышат. Алардын арасында электрондук кол тамга, “Түндүк” порталынын маалымкаттары, ошондой эле ID-карта чипинен көчүрмө жана эски үлгүдөгү паспорттор бар. Белгиленгендей, өзүн-өзү тейлөө зоналары жарандардын… Кененирээк…

Актёр Брэд Питт өзүнүн Plan B Entertainment киностудиясын сатууну чечти

Актёр Брэд Питт өзүнүн Plan B Entertainment киностудиясын сатууну чечти. Мунун себеби айтылган жок. Аталган киностудияны Брэд Питт мурдагы жубайы Женнифер Энистон менен бирге түптөгөн. Алар ажырашкандан кийин, Питт анын жалгыз ээси болуп калды. Белгилеп кетсек, Plan B Entertainment студиясы бир катар атактуу тасмаларды тартууга… Кененирээк…

Бишкекте бош жумуш орундар жана кесиптер жарманкеси өтөт

Бишкекте бош жумуш орундар жана кесиптер жарманкеси өтөт. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдиргендей, иш-чара 18-октябрда эртең мененки саат 10дон түшкү 2ге чейин улуттук филармонияда уюштурулат. Жарманкеде 70тен ашуун ишкана-мекемелердин өкүлдөрү кесипкөй адистерди издешет жана Бишкек шаардык иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү башкармалыгы 3… Кененирээк…

КМШ мамлекеттеринин башчыларынын кезектеги саммити Кыргызстанда өтөт

Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин кезектеги саммити Кыргызстанда өтөт. Президенттин маалымат кызматынан билдиришкендей, иш-чара 2023-жылдын 13-октябрында Бишкекте уюштурулат. Маалыматка ылайык, мындай чечим Астанадагы бүгүнкү жыйындын жүрүшүндө кабыл алынды. Белгиленгендей, президент Садыр Жапаров Кыргызстан төрагалык кылуу учурунда КМШ өлкөлөрүнүн ортосундагы ишенимдүү мамилелерди чыңдоого чоң көңүл бурарын билдирди.

Боом капчыгайында таштарды атайылап түшүрүү жумуштары аяктады

Боом капчыгайында таштарды атайылап түшүрүү жумуштары аяктады. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасы билдирди. Маалыматка ылайык, Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 129-чакырымындагы таштарды түшүрүү иштеринде жалпы 22 темир жолчудан турган жумушчу топ иштеди. Алардын ичинен атайын даярдыктан өткөн 6 альпинист кооптуу таштарды атайын шаймандар менен түшүрдү.… Кененирээк…

Австралияда учуучу электр унаалардын жарышы өттү

Австралияда учуучу электр унаалардын жарышы өттү. Мелдеш учурунда машинелердин ичинде адамдар болгон жок. Учкучтар унааларды аралыктан башкарышкан. Трассанын узундугу болжол менен бир чакырымды түзүп, электр унаалары саатына 102 километрге чейин ылдамдыкта учушту. Кийинки жарыштарды кабинада учкучтар менен бирге эки жылдан кийин өткөрүү пландалууда.

Кыргызстанда диний себептерден улам эмдөөдөн баш тарткандардын саны азайды

Кыргызстанда диний себептерден улам эмдөөдөн баш тарткандардын саны азайды. Бул тууралуу Республикалык иммунопрофилактика борборунун директору Гүлбара Ишенапысова билдирди. Анын айтымында, буга чейин жарандардын 69 пайызга жакыны балдарын эмдөөдөн баш тартып келишкен. Диний мекемелер менен тыгыз иштөөнүн аркасында бул көрсөткүч учурда дээрлик 20 пайызга кыскарды.

Парламентте фейк аккаунттар менен күрөшүүнүн тартибин өзгөртүү сунушталды

Парламентте фейк аккаунттар менен күрөшүүнүн тартибин өзгөртүү сунушталды. Депутаттар тобу “Жалган маалыматтан коргоо жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү талкууга койду. Документке ылайык, өзүнө карата жалган маалымат тараган адам басылманы алып салуу өтүнүчү менен сайттын же аккаунттун ээсине кайрылууга укуктуу. Бирок, ал өзүнүн дооматын далилдеши керек. Бул… Кененирээк…