Балыкчы – Кочкор – Эпкин унаа жолунуну курулушу кийинки жылы жыйынтыкталат

Балыкчы – Кочкор – Эпкин унаа жолунуну курулушу кийинки жылы жыйынтыкталат.   Бул тууралуу Унаа жана жолдор министрлигинен билдиришти. Ведомстводон белгилешкендей, трассанын кепилдик мөөнөтү 2026-жылга чейин күчүндө болот.   Учурга карата курулушта 100дөй атайын техника жана 300 адис иштеп жатат.

Лионель Месси алдыдагы дүйнө чемпионатынын фавориттерин атады

ПСЖнын жылдыздуу форварды жана Аргентина курамасынын капитаны Лионель Месси алдыдагы дүйнө чемпионатынын фавориттерин атады.   Анын айтымында, Дүйнө кубогун багындырууга мүмкүнчүлүктөр Франция жана Бразилия футболчуларында көбүрөөк.   Мессинин пикиринде француз командасы техникалык жактан тажрыйбалуу оюнчуларга бай. Эң эле кооптуу командалардын катарына ошондой эле Германия, Англия… Кененирээк…

Бишкектин Көлмө конушунда №78 мектеп-гимназиянын жаңы корпусу ачылды

Бишкектин Көлмө конушунда №78 мектеп-гимназиянын жаңы корпусу ачылды. Министрлер кабинетинин маалыматына ылайык, имарат 380 окуучуга ылайыкталган.   Анда окуу класстары, жыйындар залы, китепкана, спорт зал, футбол, баскетбол жана волейбол аянтчалары бар.

Москвада жарым-жартылай мобилизация аяктады

Москва шаарынын мэри Сергей Собянин борбор калаада Украинадагы согушка жарым-жартылай мобилизация аяктаганын билдирди. Мэриянын сайтындагы маалыматка караганда, Москванын аскердик комиссары мобилизациянын максаттары аткарылганын айтты. Аскерге тартылгандардын пункттары дүйшөмбүдө жабылууда, буга чейин жөнөтүлгөн чакыруулар күчүн жоготот. Канча шаар тургуну мобилизацияланганын мэр тактаган жок.   Акыркы бир… Кененирээк…

Спорт басылмалары быйыл “Алтын топту”  ким ала турганын билип алганын жарыялашты

Спорт басылмалары быйыл “Алтын топту”  ким ала турганын билип алганын жарыялашты.   Испан ЖМКларынын бири жазгандай, абройлуу сыйлыкты бул ирет мадриддик “Реалдын” футболчусу Крим Бензема алат.   Эске салсак, бул сезондо Испания чемпионатында Бензема 5 беттеш өткөрүп, 3 гол жана 1 жыйынтыктуу пас бергенге жетишти.… Кененирээк…

Баткен облусунда эвакуацияланган 136 миң 770 адамдын 132 миңи өз үйлөрүнө кайтты

Баткен облусунда эвакуацияланган 136 миң 770 адамдын 132 миңи өз үйлөрүнө кайтты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Ош, Жалал-Абад, Чүй, Ысык-Көл жана Баткен облустарындагы убактылуу жайгашуу түйүндөрүндө дагы 200 адам күн кечирүүдө.   Ал эми жергиликтүү тургундардын үйлөрүндө 4 миңден ашык баткендик жашап жатат.

Кыргызстанда пенсия курагы жогорулатылбайт

Кыргызстанда пенсия курагы жогорулатылбайт.   Бул тууралуу Социалдык фонддун төрагасынын орун басары Улан Жума уулу билдирди. Анын айтымында, жакынкы жылдары өлкөдө пенсиялык реформалар пландалган жок.   Эске салсак, Кыргызстанда мыйзам боюнча эркектер 63 жашта, аялдар 58 жашта пенсияга чыгат. Эркектерге жаш курагы боюнча пенсияга чыгышы… Кененирээк…

Азиянын 2023-жылкы Кубогу Катарда өтөт

Азиянын 2023-жылкы Кубогу Катарда өтөт. Кыргыз футбол бирикмесинен билдиришкендей, финалга 23 мамлекет өттү, анын ичинде Кыргызстан курамасы дагы бар. Биздин команда тандоо турунан ийгиликтүү өтө алды.   Эске салсак, Азия Кубогу Кытайда өтмөк, бирок коронавирус пандемиясынан улам континенталдык биринчилик жылдырылган

Бишкек мэриясы таштандыны кайра иштетүүчү заводдун курулушуна кайрадан тендер жарыялайт

Бишкек мэриясы таштандыны кайра иштетүүчү заводдун курулушуна кайрадан тендер жарыялайт. Муниципалитет маалыматына ылайык, полигондун аймагы тосулат.   Ошондой эле, таштандынын көлөмүн эсепке алуу максатында анда видео байкоо камералары орнотулат. Эске салсак, буга чейин мэрия заводдун курулушу сентябрда башталат деп убадалаган болчу.

Кыргызстанда жашоо үчүн зарыл минимум 7 миң 242 сомду түздү

Кыргызстанда жашоо үчүн зарыл минимум 7 миң 242 сомду түздү. Жылдын үчүнчү кварталына карата маалыматты Улуттук статистика комитети берүүдө.   Ведомстводон белгилешкендей, 2021-жылдын ушул эле мөөнөт аралыгына салыштырмалуу, көрсөткүч 13,5 пайызга өстү. Эске салсак, бул сумма бир айга эсептелген керектелүүчү тамак-аш, азык-түлүк эмес товарлар, кызматтар… Кененирээк…