Бишкек – Ош унаа жолунда жүк ташуучу унааларга чектөөлөр киргизилди

Бишкек – Ош унаа жолунда жүк ташуучу унааларга чектөөлөр киргизилди.   Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришкендей, Төө-Ашуу, Ала-Бел жана Өтмөк ашууларында кар жаап, бороон болуп жатат.   Жол кырсыктарын алдын алуу максатында “Сосновка” түйүнү аркылуу жүк ташуучу унаалар аба-ырайы жакшырмайынча өткөрүлбөйт. Трасса кардан тазаланып,… Кененирээк…

Кыргызстанга быйыл 9 айда чет өлкөлөрдөн 5 миллионго жакын турист келди

Кыргызстанга быйыл 9 айда чет өлкөлөрдөн 5 миллионго жакын турист келди. Маданият министрлигинен билдиришкендей, маалымат Чек ара кызматы тарабынан берилди.   Алыскы жана жакынкы чет өлкөлөрдөн келгендердин саны 4 миллион 993 миң дамды түздү. Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу, бул 2 миллион 700 миңге көп.… Кененирээк…

Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун курулушунун долбоору боюнча иштер активдештирилди

Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун курулушунун долбоору боюнча иштер активдештирилди. Бул тууралуу “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын директорунун орун басары Абдес Анарбеков билдирди.   Анын айтымында, учурга карата кытайлык курулуш корпорациясынын 180ден ашык кызматкери Нарын жана Жалал-Абад облустарында иштеп, техникалык-экономикалык негиздемени даярдоо боюнча… Кененирээк…

Кант шаары жылуулук сезонуна даяр

Кант шаары жылуулук сезонуна даяр. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма-сөз кызматынан билдиришти. Шаарды жылуулук менен камсыздоого көмүр, газ жана мазут колдонулат.   Жалпысынан Кант шаарын 10 буу казан тейлейт. Мэрия бюджетинен 2 жаңы буу казан сатлып алынды жана көмүр сактоочу жайлар оңдолду. Иштерге 4 милион… Кененирээк…

Баткендин жабыркаган аймактарында банк системасы кадимки тартипте иштеп жатат

Баткендин жабыркаган аймактарында банк системасы кадимки тартипте иштеп жатат. Улуттук банктын маалыматына ылайык, тажик тараптын кол салуусунда талкаланган кассалар оңдолуп, учурда кардарларды кабыл алууда.   Борбордук, Коргон, Интернационал жана Аксай айылдарындагы 4 банкомат калыбына келтирилип жатат. Баткен облусунун тургундарына айлыктар, пенсиялар, жөлөк пулдар жана башка… Кененирээк…

Кыргызстанда 839 мугалим жетишсиз

Кыргызстанда 839 мугалим жетишсиз.   Билим берүү министринин орун басары Надира Жусупбекова билдиргендей, өзгөчө математика, информатика, химия предметтери боюнча жана башталгыч класстардын мугалимдери жетишпейт.   Адистерди тартуу үчүн ведомство комплекстүү иш-чаралар планын аткарып келет. Алсак, мугалимдердин айлыгын көбөйтүү, педагогикалык багытта билим алган студенттердин стипендиясын жогорулатуу… Кененирээк…

Кыргызстан ЖККУнун курамынан чыгуу ниети жок

Кыргызстан ЖККУнун курамынан чыгуу ниети жок. Бул тууралуу Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов билдирди.   Белгилеп кетсек, мындай маалымат Кыргызстан “Бузулбас боордоштук” машыгууларына катышуудан баш тарткандан кийин тараган. Иманкуловдун айтымында, окуулар кийинки мезгилге жылдырылды.   Буга кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжал себеп болгон. Бирок бул… Кененирээк…

Өзбекстандын президенти Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келет

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеев мамлекеттик сапар менен Кыргызстанга келет. Бул тууралуу бүгүн, 18-октябрда Кыргызстандын тышкы иштер министринин орун басары Нуран Ниязалиев маалымат жыйында билдирди. Анын айтуусунда сапардын мөөнөтү такталууда. «Кыргызстан үчүн тышкы саясатта Өзбекстан менен кызматташтык башкы орунда. Ошондуктан, президент Садыр Жапаров да өзүнүн алгачкы… Кененирээк…

Аба-ырайынын кескин бузулганына байланыштуу, айдоочуларга этият болуу сунушталат

Аба-ырайынын кескин бузулганына байланыштуу, айдоочуларга этият болуу сунушталат. Куткаруучулар белгилешкендей, өзгөчө тоолуу аймактарга сапар тарткандар абайлашы керек.   Шамал болуп, кар жаап жаткандыктан, айрым жолдордо көрүү кескин начарлады. Андыктан, айдоочуларга жол эрежесин бузбай, унаалар ортосунлагы тиешелүү 500 метрлик аралыкты сактоо сунушталат.

Төө-Ашууда “Сосновка” түйүнүнөн бир гана кышкы дөңгөлөктүү унаалар өткөрүлүп жатат

Төө-Ашууда “Сосновка” түйүнүнөн бир гана кышкы дөңгөлөктүү унаалар өткөрүлүп жатат. Чүй облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришкендей, инспекторлор ар бир унааны токтотуп, текшерүүдө.   Бишкек – Ош трассасы менен сапарга чыга турган айдоочулардын бардыгы дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштырып алышы зарыл.