Кыргызстан “Печора-2БМ” зениттик ракеталык комплексин сатып алды

Кыргызстан “Печора-2БМ” зениттик ракеталык комплексин сатып алды. Коргоо министри Бактыбек Бекболотов жарыялагандай, аскер техникасын сатып алуу боюнча сүйлөшүүлөр өткөн жылдан бери жүргүзүлүп келген.   “Печора-2БМ” зениттик ракеталык комплекси – заманбап технологиялары менен жаңы система. Ал жакынкы арада өлкөгө жеткирилип, андан кийин Баткенге жөнөтүлөт.

Тажикстандын Баткен облусуна куралдуу кол салуусунда 3 миллиард  130 миллион сомго материалдык зыян келтирилди

Тажикстандын Баткен облусуна куралдуу кол салуусунда 3 миллиард  130 миллион сомго материалдык зыян келтирилди.   Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун айтымында, бул Жарандык коргонуу комиссиясы жарыялаган алдын ала эсептөөлөр.   Чиновник белгилегендей, бийлик аймактын коопсуздугун бекемдөө боюнча иш-чаралар планын аткарып жатат. Эске салсак, Тажикстандын куралдуу… Кененирээк…

Кыргызстандын 5 ооруканасына компьютердик томография аппараттары тапшырылды

Кыргызстандын 5 ооруканасына компьютердик томография аппараттары тапшырылды. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, жабдуулар Нарын, Ысык-Көл, Жалал-Абад, Ош жана Талас облустарынын медициналык жайларына жеткирилди.   Техниканы сатып алууга каражатты Дүйнөлүк банк бөлүп берген. Компьютердик томография организмди кеңири изилдөөдөн өткөрүүгө жардам берет.

Алдыдагы кабыл алуу кампаниясында абитуриенттер 49 жогорку окуу жайына тапшыра алат

Алдыдагы кабыл алуу кампаниясында абитуриенттер 49 жогорку окуу жайына тапшыра алат.   Бул тууралуу Билим берүү министрлигинен билдиришти. Ведомстводон белгилешкендей, учурда күзгү Жалпы республикалык тестирлөөгө каттоо жүрүп жатат.   Ал 27-октябрга чейин жүрөт. Ал эми сынактын өзү 24-ноябрдан 30-ноябрга чейин өтөт. Күзгү тестирлөөнүн жыйынтыгы менен… Кененирээк…

Салык кызматы мамлекеттик кызматкерлердин өткөн жылга салык декларациялары боюнча анализдин жыйынтыгын чыгарды

Салык кызматы мамлекеттик кызматкерлердин өткөн жылга салык декларациялары боюнча анализдин жыйынтыгын чыгарды. Жалпысынан 59 миң документ иштелип чыкты.   Анын 12 миң 500ү прокуратура органдарына  өткөрүлүп берилди. Белгилүү болгондой, алардын бир бөлүгү декларацияны кечигүү менен тапшырса, кээ бирлери чындыкка дал келбеген маалыматты берген.   Декларацияны… Кененирээк…

Тажикстандын кол салуусунда каза тапкан жарандардын үй-бүлөлөрүнө  1 миллион сомдон берилет

Тажикстандын кол салуусунда каза тапкан жарандардын үй-бүлөлөрүнө  1 миллион сомдон берилет. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун айтымында, каражат көз жумган аскер эмес 15 адамдын жакындарына тапшырылат.   Ал эми жабыркагандарга алган жараатына жараша компенсация төлөнүп турат. Кызмат өтөп жатканда курман болгон аскер адамдарынын үй-бүлөсүнө кандай… Кененирээк…

Кыргызстандын 7 миллионунчу жараны Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында төрөлдү

Кыргызстандын 7 миллионунчу жараны Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында төрөлдү. “Мааракелик” бала дыйкан Валижан Абдурасулов жана Айжаркын Сыраждинованын үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келди. Бул алардын төртүнчү баласы.   Президент Садыр Жапаров ата-энени телефон чалып куттуктап, наристеге Жакшылык ысымын ыйгарды. Белгилеп кетсек, 7 миллионунчу жарандын атына депозиттик эсеп… Кененирээк…

Дүйнөдө суроо-талабы жогорку спортчулар аталды

Дүйнөдө суроо-талабы жогорку спортчулар аталды. Быйыл биринчи орунда “Манчестер Юнайтеддин” португалиялык футболчусу Криштиану Роналду турат.   Экинчи сапта америкалык теннисчи Серена Уильямс жана үчилтикти “Формула-1дин” 7 жолку чемпиону британиялык Льюис Хэмилтон бекитет.   Роналду ошондой эле дүйнөнүн эң кирешелүү футболчуларынын алдыңкы үчилтигине кирет. Анын бул… Кененирээк…

Айсулуу Тыныбекова Дүйнө Кубогуна катышуу үчүн эркин күрөштүн дүйнөлүк курамасына кирди

Айсулуу Тыныбекова Дүйнө Кубогуна катышуу үчүн эркин күрөштүн дүйнөлүк курамасына кирди. Турнир АКШда 10-11-декабрда өтөт. Дүйнө курамасы Япония,  Кытай, Монголия жана Украина курамалары менен кез келет.   Эске салсак, дүйнөнүн 2 жолку чемпиону Айсулуу Тыныбекова Сербияда өткөн соңку чемпионатта 5-орунду ээлеген.

Жалпы республикалык тестирлөөдөн төмөн упай алып калган абитуриенттер кайрадан тест тапшыра алат

Жалпы республикалык тестирлөөдөн төмөн упай алып калган абитуриенттер кайрадан тест тапшыра алат. Бул тууралуу Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун директору Чынар Батракеева билдирди.   Анын айтымында, кышкы тестирлөөгө жалпы орто жана орто кесиптик билими барлар катышса болот. Жогорку окуу жайларда бош калган орундарга гана… Кененирээк…