Баткен аба майданы ноябрдын соңунда ишке берилери айтылды

Баткен аэропортунун ремонт иштери ноябрь айынын соңунда бүткөрүлүп, ишке берилет. Бул тууралуу 21-октябрда Жогорку Кеңштеги «Ишеним» фракциясынын жыйынында «Манас» эл аралык аба майданынын өкүлү Бакытбек Бекбача уулу билдирди. Анын айтымында, учуп-конуу тилкеси талапка жооп бербейт деген негизде Жарандык авиация агенттиги 1-сентябрда сертификатты узарткан эмес. «Учуп-конуу… Кененирээк…

Баткенде 603 адамдын документи калыбына келтирилүүдө

Баткенде өткөн айдагы чек арадагы каргашада жабыркагандардын документтерин калыбына келтирүү боюнча жалпысынан 603 арыз түшкөнүн бүгүн 21-октябрда Санариптик өнүктүрүү министрлиги билдирди.   Мекеменин маалыматына караганда, арыздар Баткен жана Лейлек райондорунан түшкөн, документтерди калыбына келтирүү иши активдүү жүрүп жатат. Буга чейин аталган маселеге байланыштуу “Инфоком” ишканасы… Кененирээк…

Кыргыз-тажик Чек ара кызматтарынын башчылары жолугушту

Чек арадагы чагымчыл аракеттердин алдын алуу, буга чейинки сүйлөшүүлөрдү бекемдөө максатында 21-октябрда Кыргызстандын Чек ара кызматынын жетекчиси Уларбек Шаршеев менен Тажикстандын Чек ара кызматынын башчысы Ражабали Рахмонали жолугушту.   Кыргызстандын Улуттук коопсуздук комитетине караштуу Чек ара кызматынын маалыматында тараптар биргелешкен билдирүү таратканы, анда эки өлкөнүн… Кененирээк…

Айдоочулук күбөлүктү кайра алуудагы талаптарды өзгөртүү сунушталды

Ички иштер министрлигинин алдындагы «Унаа» мамлекеттик ишканасы жокко чыгарылган айдоочулук күбөлүктү кайра алуу үчүн акы алынуучу сынакты киргизүүнү сунуштоодо. Бул тууралуу Ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталында жарыяланды.   Ички иштер министринин буйругунун долбоорундагы чаралар айдоочулардын жоопкерчилигин күчөтүүнү көздөй турганы кабарланды. Долбоорго ылайык,… Кененирээк…

УКМК ишкер, маморгандарды маалымат берүүгө милдеттендирет

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет атайын кызматка милдеттүү түрдө маалымат бере турган тараптардын жана уюмдардын тизмесин түзүү аракетинде. Бул боюнча токтом долбоору коомдук талкууга коюлду. Анда жазылгандай, ушул жылдын июль айында кабыл алынган «Улуттук коопсуздук боюнча органдар жөнүндө» мыйзамынын жаңы редакциясына ылайык, УКМК алдына коюлган… Кененирээк…

ЖККУ өлкөлөрүнүн Тажикстандагы «Рубеж-2022» машыгуусу аяктады

Тажикстанда Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна кирген мамлекеттердин Ыкчам аракетке келүүчү аскердик күчтөрүнүн «Рубеж-2022» машыгуусу аяктады. Бул тууралуу ЖККУнун машыгуулар боюнча биргелешкен маалымат борбору билдиргенин РИА Новости агенттиги жазды.   Билдирмеге ылайык, окуу-машыгуулар ЖККУга мүчө мамлекеттердин аймагына куралдуу кол салууларды болтурбоо үчүн ыкчам аракетке келүүчү аскердик күчтөрүн даярдоо… Кененирээк…

Бишкекте урологдор бейтаптарды бир жума акысыз текшерет

Бишкек шаарында 24-октябрдан 28-октябрга чейин «Өз саламаттыгыңа кам көр» деп аталган жумалыктын алкагында урологиялык ооруларга акысыз медициналык текшерүү жүргүзүлөт. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин башкы урологу Акылбек Усупбаев билдирди. Башкы урологдун айтымында, мындай акция 20 жылдан бери улантылып келе жатат. Башка жылдардан өзгөчөлөнүп быйыл аялдар… Кененирээк…