Куткаруучулар айдоочуларды ашуулардан өтүүдө сак болууга чакырат
Куткаруучулар айдоочуларды ашуулардан өтүүдө сак болууга чакырат. Бишкек – Ош жолунун тоолуу аймактарында кар жаап, айрым жерлерде муз тоңот. Буга байланыштуу Төө-Ашуу, Ала-Бел жана Көк-Бел тилкелеринде жүрүүнү пландаган унаа ээлери жайкы дөңгөлөктөрдү кышкыга алмаштыруусу керек.