Астанада Кыргызстандын кино күндөрү расмий ачылды

Бүгүн, 26-октябрда Астана шаарында Кыргызстандын маданият күндөрүнүн алкагында кыргыз кино күндөрү расмий ачылды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Ачылышта Кыргызстандын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, кино күндөрүнүн делегация жетекчиси Мукталы Бектеналиев жана Казакстандын Маданият жана спорт вице-министри Нуркиса… Кененирээк…

Принцесса Диананын үйлөнүү тоюндагы торт аукциондо сатылды

Улуу Британияда принцесса Диана менен ханзаада Чарльздын үйлөнүү тоюндагы торттун кесими аукциондо сатылды. Десерттин баштапкы баасы 347 долларды түздү. Аягында торт 196 долларга сатылып, күтүлгөндөн бир топ төмөн болду. Бирок уюштуруучулар 40 жыл мурун даярдалган жегенге мүмкүн эмес шириндик үчүн бул абдан татыктуу экенин белгилешти.

Кыргызстандан алтын рудасын экспорттоого тыюу салынат

Келерки жылдын 1-майынан тарта Кыргызстандан алтын рудасын жана концентратын экспорттоого тыюу салынат. Бул тууралуу жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду. Чектөөлөр алты айга созулат. Ага ылайык, тийиштүү ведомстволорго товарларды мыйзамсыз алып чыгууга бөгөт коюуга багытталган чараларды көрүү тапшырылды.

Кыргызстанда электр энергиясын керектөөдө «күн-түн» тарифин киргизүү пландалууда

Кыргызстанда электр энергиясын керектөөдө «күн-түн» тарифин киргизүү пландалууда. Бул тууралуу энергетика министри Таалайбек Ибраев билдирди. Маалыматка ылайык, тариф түнкүсүн арзан, күндүз кымбат болот. Чиновник кошумчалагандай, Кыргызстанда электр энергияны колдонуунун жогорку чеги кечки саат 6дан 9га чейин жана эртең мененки 7ден 11ге чейин белгиленген. Эске салсак… Кененирээк…

Ош шаарына жылуулук 28-октябрда берилип баштайт

Ош шаарына жылуулук 28-октябрда берилип баштайт. Novosti.kgге жергиликтүү мэриядан такташкандай, жылуулук алгач мектептерге, бала бакчаларга, ооруканаларга, төрөт үйлөрүнө, социалдык коргоо мекемелерине берилет. Экинчи кезекте турак-жайлар, өндүрүш ишканалары жана мекемелер кошулат. Объектилерди туташтыруу бир нече күнгө созулат. Белгилеп кетсек, Бишкекте жылуулук сезону бүгүн башталды.

Электр энергиясына тарифтер азырынча өзгөрбөйт

Электр энергиясына тарифтер азырынча өзгөрбөйт. Бул тууралуу энергетика министри Таалайбек Ибраев билдирди. Анын айтымында, калк үчүн 5 сом 4 тыйындык тариф да бар. Аны үйүн электр энергиясы менен жылыткысы келген жарандар туташтыра алат. Өчүрүүлөр алдыдагы кышта  күтүлбөйт. Чиновник белгилегендей, Кыргызстан Түркмөнстандан 300 миллион куб метр… Кененирээк…

Бюджеттин кирешеси 2025-жылы былтыркыга караганда эки эсе көп болот

Каржы министрлиги бюджеттин кирешеси 2025-жылга чейин жыл сайын акырындык менен көбөйөрүн болжолдоодо. Мекеменин сайтына жарыяланган маалыматыка караганда, эгер 2021-жылы мамлекеттик бюджеттин кирешеси 187 миллиард сомду түзсө, быйыл 282 миллиард сом болоору күтүлүүдө. Муну менен өсүү 50 пайызды түзөт. Быйыл жана кийинки жылдардагы кирешенин негизги булагы… Кененирээк…

Жалал-Абадда социалдык турак жайлар курулат

Жалал-Абадда социалдык турак жайлар курулат. Имараттарды куруу боюнча үч тараптуу кызматташууга Мамлекеттик ипотекалык компания, Курулуш жана инженердик инфраструктура департаменти менен шаардык мэрия кол коюшту. Келечекте батирлер муниципалитеттин, бюджеттик мекемелердин, коммуналдык кызматтардын кызматкерлерине жана турак жай программасынын катышуучуларына берилет.

Ошто 300 мегаваттык күн станциясы курулат

Ошто 300 мегаваттык күн станциясы курулат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында Энергетика министри Таалайбек Ибраев билдирди. Маалыматка ылайык, мындай макулдашууга эки жума мурун Ошто өткөн кыргыз-орус инвестициялык форумунда жетишилди. Ал кошумчалагандай, жакын арада электр эсептегичтер менен трансформаторлорду өндүрүү боюнча ишкана да ачылат.

Төө-Ашууда жүк ташуучу унаалардын өтүүсүнө чектөө киргизилди

Төө-Ашууда жүк ташуучу унаалардын өтүүсүнө чектөө киргизилди. «Кыргызавтожол» ишканасынан билдиришкендей, мындай чечим тыгындарды болтурбоо максатында аба ырайы жана климаттык шарттар жакшырганга чейин кабыл алынды. Кошумчаласак, Бишкек – Ош унаа жолун кардан тазалоо жана инерттик материалдарды себүү иштери уланууда. Айдоочуларга жайкы дөңгөлөктөрдү кышкыга алмаштыруу, дөңгөлөктөрдүн чынжырчаларын… Кененирээк…