Ак-Талаадагы Баетов – Кош-Дөбө жолуна асфальт төшөлөт

Жаңырган жылы 90 чакырымды түзгөн Баетов – Кош-Дөбө жолуна асфальт төшөлөт. Бул тууралуу президенттин Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Маалыматка ылайык, бул маселе президенттин Нарын облусундагы өкүлү Алтынбек Эргешовдун облус башчылык кызматка жаңы дайындалганда Ак-Талаа районунун аксакалдары менен жолугушуусунда көтөрүлгөн. Анда Алтынбек Эргешов Ак-Талаа району облус… Кененирээк…

Ханзаада Гарринин мемуары келерки жылдын январында жарык көрөт

Ханзаада Гарринин мемуары келерки жылдын январында жарык көрөт. Китеп ноябрда чыгышы керек болчу, бирок Елизавета IIнин өлүмүнө байланыштуу убактылуу жылдырылды. Мемуарында Гарри балалыгы тууралуу айтып, Принцесса Диана жана ата-энесинин ажырашуусу боюнча эскерүүлөрү менен бөлүшүп, атасы Чарльз, агасы Уильям жана өгөй энеси Камилла менен болгон мамилеси… Кененирээк…

1-ноябрда Бишкектин эки конушунда суу өчүрүлөт

Ушул жылдын 1-ноябрында Бишкек шаарынын эки конушунда суу өчүрүлөт. Бул тууралуу шаардык муниципалитеттин басма сөз кызматы кабарлайт. Маалыматка ылайык, шейшембиде Мурас-Ордо конушунда саат 9.00дөн 18.00гө чейин, Калыс-Ордо конушунда саат 9.00дөн 15.00 гө чейин ичүүчү сууну берүү токтотулат. Суу «Мурас-Ордо», «Калыс-Ордо» суутоптомолорунда жана шаардык суу түтүк… Кененирээк…

Эртең Бишкекте 4-5 жаштагы гимнасттардын мелдеши башталат

Бишкекте көркөм гимнастика жана эстетикалык топтук гимнастика боюнча «Алтын жалбырактар» күзгү квалификациялык мелдеши өтөт. Бул тууралуу уюштуруучулар билдирет. Спорттук иш-чара 28-30-октябрда өткөрүлөт. Көркөм гимнастика боюнча мелдештерге 300дөн ашуун алты жаштан жогору гимнасттар катышат. 4-5 жаштагы гимнасттар бул мелдеште «биринчи старт» деп аталган предметсиз көнүгүүлөрү менен… Кененирээк…

Кыргызстандык 12 боксчу Азия чемпионатына катышат

Бокс боюнча Кыргызстандын курама командасы Иорданияда өтө турган Азия чемпионатына катышат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти. Мелдеш 30-октябрдан 13-ноябрга чейин Амман шаарында өтөт. Азия чемпионатына катыша турган курама команданын тизмеси: 1. Мирлан Түркбай уулу – 48 кг; 2. Нуржигит Дүйшебаев – 51… Кененирээк…

Төө-Ашууда оор жүк ташуучу унаалардын өтүүсүнө кайрадан чектөө киргизилди

Төө-Ашууда оор жүк ташуучу унаалардын өтүүсүнө кайрадан чектөө киргизилди. Унаа жана жолдор министрлигинин маалыматына ылайык, мындай чечим аба ырайынын жана климаттык шарттардын начарлашына байланыштуу тыгындарды болтурбоо үчүн кабыл алынды. Белгилеп кетсек, жүк ташуучу унаалар үчүн өтмөк дээрлик бир күндүк чектөөдөн кийин беш саат мурун гана… Кененирээк…

Жети жылдык тыныгуудан кийин Дубайдан Ошко туруктуу авиакаттам ачылат

Ушул жылдын 3-ноябрында Дубай-Ош-Дубай багыты боюнча туруктуу авиакаттамдардын ачылышы күтүлүүдө. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аэропортунун басма сөз кызматынан кабарлашты. Чет элдик авиакомпания Дубай эмиратынан Ош шаарына учууларды жумасына эки жолу аткарууну пландап жатат – шейшемби жана жума күндөрү. Кошумчаласак, белгиленген багыт боюнча туруктуу каттамдар… Кененирээк…

Чек ара: калыбына келтирүү иштерине 1,3 млрд сом бөлүндү

Тажикстандын куралдуу кол салуусунан жабыркаган Баткен жана Ош облустарын калыбына келтирүүгө 1 миллиард 300 миллион сом бөлүндү. Каржы министрлигинин маалыматына караганда, бул каражат «Капиталдык салымдар» беренесине ылайык берилди. Анын ичинен 1 миллиард сому жашоочулардын турак жайларын калыбына келтирүүгө жана 300 миллиону жолдор менен көпүрөлөрдү реконструкциялоого… Кененирээк…

Коргоо министрлиги ЖОЖдордо аскердик кафедраларды жандандырууну пландоодо

Коргоо министрлиги Жогорку окуу жайлардагы аскердик кафедраларды жандандырууну пландоодо. Бул тууралуу Башкы штабдын башчысы Эрлис Тердикбаев билдирди. Анын айтымында, бул запастагы офицерлерди даярдоо үчүн зарыл. Бул багыттагы иштер учурда башталды. ЖОЖдордогу аскердик кафедралар мындан алты жыл мурда жоюлган. Бүгүнкү күндө мындай кафедра Кыргыз мамлекеттик медициналык… Кененирээк…

Кант жана Кемин шаарларында эки ири калкты тейлөө борбору ачылат

Кант жана Кемин шаарларында эки ири калкты тейлөө борбору ачылат. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлиги билдирди. Канттагы мекеме заманбап жабдуулар менен толук камсыздалат. Кемин шаарында эки кабаттуу имаратты оңдоп-түзөө иштери аяктоо алдында турат. Аталган шаарларда жаңы модернизацияланган борборлорду ачуу кийинки айга пландалууда