КМШ мамлекеттери качкындагы коррупционерлерди бири-бирине өткөрүп берет

КМШ мамлекеттери качкындагы коррупционерлерди бири-бирине өткөрүп берет. Келишимге 14-октябрда Астанада өткөн саммиттин алкагында кол коюлган. Эми өлкөлөр коррупция боюнча кылмыш иштеринде жардам көрсөтүп, макулдашылган ыкчам иш-чараларды жүргүзүп, коррупционерлерди издөөдө, кармоодо жана экстрадициялоодо кызматташат. Муну менен катар маалыматтык системаларды түзүү, стратегияларды, программаларды жана кызматташуу пландарын иштеп… Кененирээк…

Кыргызстанда 1-ноябрдан тарта коронавируска байланыштуу өзгөчө абал режими алынат

Кыргызстанда 1-ноябрдан тарта коронавирустук инфекцияга байланыштуу өзгөчө абал режими алынат. Тиешелүү чечимге Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду. Мындай чечим өлкө аймагында COVID-19 боюнча эпидемиологиялык абалдын турукташуусуна жана коронавирустук инфекцияга чалдыккандардын саны азайгандыгына байланыштуу кабыл алынды. Белгилеп кетсек, өзгөчө кырдаал режими өлкөгө 2020-жылдын 22-мартында… Кененирээк…

Ысык-Көлдө жаңы бала бакчанын курулушу башталды

Ысык-Көлдүн Михайловка айылында жаңы бала бакчанын курулушу башталды. Президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, бала бакча 100 орунга ылайыкталып, 2 кабаттуу болот. Анын курулушу республикалык бюджеттен каржыланууда. Мектепке чейинки билим берүү мекемесинин курулушу аяктаса, 25 кызматкер иш менен камсыз болот. Объектти болжол менен кийинки жылдын жай айларында… Кененирээк…

Япония Кыргызстанга бир миллион доллар бөлөт

Япония Кыргызстанга бир миллион доллар бөлөт. Акча грант түрүндө берилет. Жардам кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдан улам начарлап бараткан гуманитардык кырдаалга жооп катары көрсөтүлүүдө. Каражат тамак-аш, баш калкалоочу жай, азык-түлүк эмес товарлар жана коргоо сыяктуу тармактарга жумшалары күтүлүүдө.

Бишкекте жаңы магистраль ачылды

Ордо калаада Жайыл Баатыр көчөсүнүн Чортековдон Алыкуловго чейинки бөлүгү ачылды. Муниципалитеттин маалыматына караганда, алты тилкелүү жаңы жол Орок айыл өкмөтү менен Бишкек шаарын байланыштырат. Негизги жолдун боюнда жашаган шаар тургундарынын ыңгайлуулугу жана коопсуздугу үчүн жергиликтүү маанидеги жол каралган. Курулуш Кытай грантынын эсебинен “Бишкек шаарынын көчө-жол… Кененирээк…

Бишкекте пара сууда сүзүү боюнча республикалык чемпионат өтөт

Бишкек шаарында 30-октябрда пара сууда сүзүү боюнча республикалык чемпионат өтөт. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти. Мелдештин катышуучулары 25, 50 жана 100 метр аралыктарга эркин сууда сүзүү, брасс, такта менен сүзүү жана далы менен сүзүү боюнча жарышат. Мелдеш Дене тарбия жана спорт департаментинине… Кененирээк…

Кышкы ЖРТга каттоо үчүн кошумча бир күн берилет

Жогорку окуу жайларга өтүү үчүн кышкы жалпы республикалык тестирлөөгө каттоого кошумча бир күн берилет. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, ЖРТга кошумча каттоо 25-ноябрда болот. Кышкы кабыл алуу боюнча тестке катышуу орто билимге же кесиптик орто билимге ээ адамдарга уруксат берилет.… Кененирээк…

Масктын Твиттерде өмүр бою бөгөт коюудан баш тартуу пландары белгилүү болду

Твиттердин жаңы кожоюну Илон Маск социалдык тармактагы аккаунттарды өмүр бою бөгөттөөнү алып салууну пландоодо. Маалымат булактары Маск өмүр бою тыюу салууларга ишенбегендиктен, бул идеядан баш тартууну көздөп жатканын айтышууда. Булак ошондой эле келечекте Твиттердин профили биротоло бөгөттөлгөн адамдар дагы социалдык тармакка кайтып келе аларын четке… Кененирээк…

Кыргызстанда жакырчылыктын деңгээли өсүүдө

Кыргызстанда жакырчылыктын деңгээли өсүүдө. Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы боюнча, 2019-жылы бул көрсөткүч жалпы калктын 20 пайызын түзсө, былтыр 25 пайызга көтөрүлүп, быйыл 33 пайызды түздү. Белгиленгендей, былтыркы маалымат боюнча эң жакырлар Бишкек, Жалал-Абад, Баткен жана Нарын облустарында жашайт.

Жыл аягына чейин Бишкекке 120 автобус келет

Жыл аягына чейин Бишкекке 120 автобус келет. Бул тууралуу калаа мэри Эмилбек Абыдкадыров билдирди. Анын айтымында, транспортту сатып алууга шаардык бюджеттен 1 миллиард сом бөлүнгөн. Мэр ишендиргендей, автобустар кытайлык компаниядан сатып алынып, акчасы төлөндү. Эске салсак, буга чейин мэрия транспорттун ар биринин баасы тетиктери менен… Кененирээк…