Бишкек мэриясы №67 мектептеги эвакуация боюнча маалымат берди

Бишкек шаарынын мэриясы №67 орто мектептин окуучулары жана кызматкерлери бүгүн 30-ноябрда эмне себептен эвакуация болгону тууралуу маалымат берди. Мекеменин басма сөз кызматы билдиргендей, буга №62 мектептин электрондук дарегине түшкөн кат себеп болгон.   Катта өзүн 22 жаштагы Талант Азизов деп тааныштырган адам №67 мектептин ичине… Кененирээк…

Франция курамасынын жылдыздуу чабуулчусу Килиан Мбаппе бүгүнкү Тунис менен беттеште ойнобой калышы мүмкүн

Франция курамасынын жылдыздуу чабуулчусу Килиан Мбаппе бүгүнкү Тунис менен беттеште ойнобой калышы мүмкүн. Форвард машыгуу учурунда бутун оорутуп алган.   Башкы машыктыруучу Дидье Дишам  Мбаппеге жарым чейрек финалдык оюндарга чейин эс алуу бериши күтүлөт. Эске салсак, үчүнчү турдун алкагындагы Франция – Тунис беттеши бүгүн Бишкек… Кененирээк…

Баткен облусунда 300дөн ашык жеке ишкер “Жеңилдетилген каржылоо” долбоорунун алкагында насыя алды

Баткен облусунда 300дөн ашык жеке ишкер “Жеңилдетилген каржылоо” долбоорунун алкагында насыя алды. Каржы министрлигинин маалыматына ылайык, берилген жалпы сумма 200 миллион сомго жетти.   Каражат физикалык жактарга жана кичи, орто бизнес өкүлдөрүнө берилип жатат. Алар ишкердүүлүгүн чек арага жакын аймактарда жүргүзөт.   Басымдуусу айыл-чарба, өндүрүш,… Кененирээк…

Кыргызстанда эртең менен жана кечинде электр энергиясын берүүдө чектөө киргизилет

Кыргызстанда эртең менен жана кечинде электр энергиясын берүүдө чектөө киргизилет. Бул тууралуу Энергетика министринин орун басары Сабырбек Султанбеков парламентте жарыялады.   Анын айтымында, эртең мененки саат 6дан 9га чейин жана кечки 6дан 9га чейин электр энергиясын колдонуу көрсөткүчү өтө жогору болуп жаткандыктан, энергияны үнөмдөө үчүн… Кененирээк…

Мал уурдагандардын жазасын катуулатуу сунушталууда

Кыргызстанда мал уурдаган кылмышкерлердин жазасын катуулатуу каралууда. Бул маселени бүгүн 30-ноябрда Жогорку Кеңеште “Кылмыш-жаза кодексине” толуктоолор талкууланып жатканда депутат Мейкинбек Абдылдаев көтөрдү:   “Эл ууруну өзү кармап, алып келип тапшырып жатат милицияга. Тергеп, кылмышы далилденип, иш сотко өтүп жатат. Соттон бошонуп чыгып кетип жатышат. Буга… Кененирээк…

Кыргызстан электр энергиясын сатып алуу үчүн Азия өнүктүрүү банкынан  50 миллион доллар алат

Кыргызстан электр энергиясын сатып алуу үчүн Азия өнүктүрүү банкынан  50 миллион доллар алат. Аталган келишимдин долбоору парламентте биринчи окууда каралды.   Каржы министринин орун басары Руслан Татиковдун айтымында, каражаттын 25 миллиону грант, калганы кредит. Насыя 24 жылга 1,5 пайыз менен алынат, анын сегиз жылы жеңилдетилген… Кененирээк…

Бүгүн Катарда оюн талаасына учурдагы дүйнө чемпиону Франция чыгат

Бүгүн Катарда оюн талаасына учурдагы дүйнө чемпиону Франция чыгат. Тунис курамасы менен беттеш Бишкек убактысы боюнча кечки саат 9да старт алат. Ага катар ушул эле убакытта Австралия – Дания курамалары ойнойт.   Түнкү саат 1де футбол күйөрмандары Польша-Аргентина жана Сауд Арабия – Мексика беттештерине күбө… Кененирээк…

Бишкек жаңы жылдык атмосферага оролууда

Бишкек жаңы жылдык атмосферага оролууда. 15-декабрга чейин ордо калаанын ар тарабында балатылар орнотулуп, майрамдык иллюминация күйүп-жанат. Өлкөнүн башкы токой сулуусу быйыл адаттагы ордунда эмес, Ала-Тоо аянтынын түштүк тарабындаы фонтандын ичинде орун алат.   Учурда бийиктиги 25 метрге жеткен балатыны орнотуу иштери жүрүүдө.

Сузак районуна караштуу кыргыз-өзбек чек арасында “Бек-Абад” өткөрүү бекети жакынкы арада ачылат

Сузак районуна караштуу кыргыз-өзбек чек арасында “Бек-Абад” өткөрүү бекети жакынкы арада ачылат. “Турмуш” басылмасынын маалыматына ылайык, учурда жеринде ремонттук иштердин соңку бөлүгү жүрүүдө.   Бекетти жаңыртууга мамлекеттик бюджеттен 3 миллион сом бөлүнгөн. Калыбына келтирүү жумуштары жыл аягына чейин жыйынтыкталат.

Кыргызстанда быйыл 64 бала бакча жана 7 мектеп курулду

Кыргызстанда быйыл 64 бала бакча жана 7 мектеп курулду. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинен билдиришти.   Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө 3 жаштан 6 жашка чейинки балдардын дээрлик жарымы мектепке чейинки билим берүү менен камтылган.   Алардын ичинен төрттөн бири бала бакчага барат. Мектептердин саны жыл… Кененирээк…