Ушул жумада өлкөдө алгачкы курултай өтөт

Ушул жумада өлкөдө алгачкы курултай өтөт. Учурда иш-чарага даярдык иштери жүрүп жатат. Буга чейин иш-чаралардын планы түзүлүп, курултайга делегаттарды көрсөтүү боюнча жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн чогулуштарынын жана жыйындарынын графиги бекитилген.   Жергиликтүү курултайлар 5-ноябрда республиканын аймактарында, ошондой эле Бишкек жана Ош шаарларында өтөт.   Ал эки… Кененирээк…

Кыргызстанда көмүрдүн баасына тескөө киргизилиши мүмкүн

Кыргызстанда көмүрдүн баасына тескөө киргизилиши мүмкүн. Монополдукка каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы тиешелүү маселе учурда каралып жатканын маалымдайт.   Ведомство жетекчилиги көмүр саткан түйүндөрдү кыдырып, бааларды жөнсүз жогорулатпоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатат. 1-ноябрдан тартып Бишкекте тоннасы 4 миң сомдук көмүр саткан соода түйүндөрү ачылды. Ал… Кененирээк…

Катарда өтө турган дүйнө чемпионатынын уюштуруучулары айрым күйөрмандардын турнирге жол киресин төлөп беришти

Катарда өтө турган дүйнө чемпионатынын уюштуруучулары айрым күйөрмандардын турнирге жол киресин төлөп беришти. Ал эми футбол фанаттары жооп иретинде социалдык тармактарда жакшы билдирүүлөрдү калтырышы керек.   Белгилүү болгондой, алар менен атайын келишим дагы түзүлгөн. Күйөрмандар ошондой эле жаман билдирүү калтыргандар тууралуу атайын комитетке билдирип турушу… Кененирээк…

Кыргызстан чиновниктери командировкаларын эми министрлер кабинетинин төрагасы менен макулдашууга милдеттендирилет

Кыргызстан чиновниктери командировкаларын эми министрлер кабинетинин төрагасы менен макулдашууга милдеттендирилет. Мындай өзгөртүүлөр өкмөттүн токтомуна киргизилди.   Андан тышкары, министрлер, президенттин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, мэрлер жана башка мамлекеттик органдардын жетекчилери командировкадан келгенден кийин 2 жуманын ичинде иш сапары боюнча отчет берет.   Бул аткаминерлердин арасында эмгек… Кененирээк…

Улуттук банкка Баткен облусундагы ишкерлерге насыяны жеңилдетилген шарттар менен берүү сунушталды

Улуттук банкка Баткен облусундагы ишкерлерге насыяны жеңилдетилген шарттар менен берүү сунушталды. Бул тууралуу Экономист басылмасы министрлер кабинетинин басма-сөз кызматына шилтеме келтирип билдирет.   Өлкөнүн башкы каржы мекемеси укуктук-ченемдик актыларга тиешелүү өзгөртүүлөрдү 18-ноябрга чейин киргизиши керек.

Ош облусунда жер титиреди

Бүгүн Ош облусунун аймагында күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул туурасында Улуттук академиянын Сейсмология институтунан билдиришти. Термелүү эпиборборунда 4 баллга чукулдап, магнитудасы 4,1 болуп, тереңдиги 18 чакырымда экендигин айтышты. Жер саат 10:35 чамасында силкинген. Очогу Ош шаарынан түштүк-чыгышты көздөй 80 чакырым, Сары-Таш аймагынан… Кененирээк…

Эң кооптуу мессенджер аталды

Эң кооптуу мессенджер аталды. Ал WhatsApp. Маалыматтык коопсуздук боюнча адис Андрей Слободчиков билдиргендей, аталган мессенджер колдонуучуларга тиешелүү деңгээлде коопсуздукту камсыздай албайт.   Алсак, хакерлер видеочалуу менен же видео жөнөтүү менен зыяндуу коддорду жөнөтө алат. Эксперттин айтымында, колдонуучулар дайыма тиркемени жаңылап, катачылыктарга жол бербеши керек.

Нарындын Ак-Талаа районунда жаңы ФАП ачылды

Нарындын Ак-Талаа районунда жаңы ФАП ачылды. Фельдшердик-акушердик түйүндүн курулушуна 3,5 миллион сом бөлүнгөн. Медициналык жай заманбап үлгүдө салынып, пайдубалдары бышкан кыштан тургузулган.   ФАП керектүү эмерек жана жабдуулар менен камсыздылды.

Лейлек районунун Алга жана Лайли айылдарында жаңы мектептер курулат

Лейлек районунун Алга жана Лайли айылдарында жаңы мектептер курулат. Баткен облустук капиталдык курулуш башкармалыгы тендер жарыялады. Ага ылайык,   Алга айылындагы жалпы билим берүү мекемеси 225 окуучуга чакталып, анын курулушуна 85 миллион сом багытталат. Ал эми Лайли айылындагы мектепте келечекте 150 окуучу билим алып, курулушка… Кененирээк…

CASA-1000 долбоорунун алкагында линияларды өткөрүү иштери жүрүп жатат

CASA-1000 долбоорунун алкагында линияларды өткөрүү иштери жүрүп жатат. Улуттук электр тармактары компаниясынын маалыматына ылайык, линиянын жалпы узундугу 456 чакырымга жетет.   Ал Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустары аркылуу өтөт. Жеринде ошондой эле котловандарды казуу, мамыларды орнотуу жана жол куруу иштери жүрүүдө.   Эске салсак, CASA-1000… Кененирээк…