Индонезияда 61 жаштагы киши 88-жолу үйлөндү

Индонезияда 61 жаштагы киши 88-жолу үйлөндү. Анын жаңы сүйүктүүсү ага буга чейин турмушка чыккан аял болду. Жергиликтүү басылмалар Каан аттуу кишиге үйлөнүү үлпөтүнүн көптүгүнөн улам «Плейбойдун падышасы» деген лакап ат коюлганын жазышууда. Бирок ал өзү жөн гана өз бактысын курууга аракет кылып жатканын айтат. Каан… Кененирээк…

Кытайда кичинекей тоту куш социалдык тармактын жылдызына айланды

Кытайда кичинекей тоту куш социалдык тармактын жылдызына айланды. Ал тамак-аш ташып иштеген кожоюнун бардык жерде коштоп жүрөт. Мындан тышкары, тоту куштун өзүнүн жумушчу формасы бар, аны ээси тигип берет. Кийим ошол эле учурда жалаяктын ролун аткарат. Ал эми жүктөрдү жеткирүү учурунда чымчык кардарларды ышкырык менен… Кененирээк…

Эртең ордо калаанын Ак-Босого жаңы конушунда таза суу жок болот

Эртең ордо калаанын Ак-Босого жаңы конушунда таза суу жок болот. “Бишкексууканалдан” билдиришкендей, эртең мененки саат 9дан кечки 5ке чейин өчүрүүлөр күтүлүүдө. Суу турак жайларда, мектептерде, бала бакчаларда, ооруканаларда жана башка объектилерде болбойт. Мындай чектөө оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу.

Кыргызстанда маданият жана искусство тармагында 7,5 миңден ашуун адам эмгектенет

Кыргызстанда маданият жана искусство тармагында 7,5 миңден ашуун адам эмгектенет. Маданият кызматкерлеринин күнүнө карата маалыматты Улуттук статистикалык комитет билдирди. Мекеме өлкөдө 6 концерттик уюм, 19 профессионалдык театр жана 47 кинотеатр бар экенин белгилейт. Мындан тышкары республикада 60тан ашык музей бар, аларда 330 миңге жакын экспонат… Кененирээк…

Бишкек мэриясы отканаларды газга өткөрүүнү көздөөдө

Бишкек мэриясы отканаларды газга өткөрүүнү көздөөдө. Бул тууралуу мэриянын өнүктүрүү жана инвестицияларды тартуу агенттигинин директору Курманбек Молдокулов билдирди. Анын айтымында, азыр 4 откана жылуулук берүүнүн бул ыкмасын колдонуп жатат. Бишкекте 22 откана бар, аларга газга өткөрүү тапшырмасы берилген, — деди чиновник. Мындан тышкары, ордо калаанын… Кененирээк…

Бишкектин абасын тазалоо үчүн 60 миң бак отургузуу зарыл

Ордо калаанын абасын тазалоо үчүн 60 миң бак отургузуу зарыл. Бул тууралуу Бишкекте өткөн тегерек столдо мэриянын өнүктүрүү жана инвестицияларды тартуу агенттигинин директору Курманбек Молдокулов билдирди. Бул дарактарды багуу жана сугаруу үчүн шаарга 22 скважина керек. Быйыл мэриядан акча бөлүнүп, кудуктар казыла баштады, — деди… Кененирээк…

Кыргызстандын ички дүң продукциясы болжол менен 506 млрд сомду түздү

Ушул жылдын сегиз айында Кыргызстандын ички дүң продукциясы болжол менен 506 миллиард сомду түздү. Улуттук статистикалык комитеттин маалыматына ылайык, 2021-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу республиканын ИДПсы 37,5 миллиард сомго же 8 пайызга өстү. Жыл башынан бери өнөр жай тармагы 266 миллиард сомдук продукция чыгарды. Ал эми… Кененирээк…

Кыргызстанда көмүрдүн баасына мамлекеттик жөнгө салуу киргизилиши мүмкүн

Кыргызстанда көмүрдүн баасына мамлекеттик жөнгө салуу киргизилиши мүмкүн. Бул тууралуу Монополияга каршы кызматы билдирди. Эми кара отунду Бишкектин базаларынан тоннасын 4 миң сомдон сатып алса болот. Сырттан келген көмүрдүн баасы 5 миң сомдон ашат. Ведомство ордо калаада көмүр тартыштыгы жок деп ишендирди. Ошондой эле отун… Кененирээк…

Өлкөдө айрым ашуулар унаа кыймылына жабылды

Өлкөдө айрым ашуулар унаа кыймылына жабылды. Унаа жана жолдор министрлигинин маалыматына ылайык, аба-ырайынын шарттарына байланыштуу Нарын облусундагы Калмак-Ашуу жана Кынды ашуулары, ошондой эле Жалал-Абад облусундагы Молдо – Ашуу жана Сары-Кыр ашуулары аркылуу унаалар өткөрүлбөйт.   Аталган ашууларда учурда кар жаап жаткандыктан, аварияларды алдын алуу максатында… Кененирээк…

Чек ара жаңжалында жабыркаган Баткендин тургундарына дээрлик 19 миллион сомго насыялары жоюлду

Чек ара жаңжалында жабыркаган Баткендин тургундарына дээрлик 19 миллион сомго насыялары жоюлду. Андан тышкары, 20 миллион сомго барабар 64 кредит боюнча жеңилдиктер берилди.   Улуттук банктын маалыматына ылайык, жалпысынан каржы-кредиттик уюмдарга 370 адам кайрылып, арыз таштаган. Мекемелер арыздарды кабыл алууну улантууда, ар бири каралып, банк… Кененирээк…