Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы кичи ажылык уюштурууну баштады

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы умра ибадатын (кичи ажылык) уюштурууну баштады. Муфтияттан билдиришкендей, кичи ажылыкка баруунун баасы 1 миң 350 АКШ долларын түзөт.   «Умра ибадатын аткаруу үчүн ыйык Мекке жана Медина шаарларына барууну каалаган жарандар 16-ноябрга чейин муфтиятка, облустук жана шаардык казыяттарга кайрылышы зарыл», —… Кененирээк…

Жалал-Абадда үй-жайсыз адамдар үчүн баш калкалоочу жай иштей баштады

Жалал-Абад шаарында 1-ноябрдан тартып үй-жайсыз жарандар үчүн баш калкалоочу жай иштей баштады. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясы кабарлайт. Маалыматка ылайык, баш калкалоочу жайда 15 орун даярдалып, эркектер менен аялдарга өзүнчө бөлмөлөр каралган. Аталган түнөк үйгө кайрылган жарандарга 1 маал ысык тамак берилет.   «Түнөк үйү… Кененирээк…

Россиядагы кыргызстандыктар Элдик курултайга катышуучу делегаттарды шайлашты

Россиядагы кыргызстандыктар Элдик курултайга катышуучу делегаттарды тандашты. Бул тууралуу Кыргызстандын РФдагы элчилигинен билдиришти. Маалыматка караганда, кечээ, 2-ноябрда элчиликте рухий же башка материалдык эмес керектөөлөрдү канааттандыруу үчүн алардын кызыкчылыктарынын жалпылыгына негизделген Россиянын аймагында КР жарандары тарабынан белгиленген тартипте түзүлгөн коомдук уюмдардын делегаттыкка талапкерлеринин жалпы чогулушу болуп… Кененирээк…

Бишкекте соңку жылдары маршруттук таксилердин саны дээрлик 3 эсе азайды

Бишкекте соңку жылдары маршруттук таксилердин саны дээрлик 3 эсе азайды. Бул тууралуу Транспорт жана жол инфраструктурасы департаментинин директору Нурбек Сагынбек уулу билдирди.   Анын айтымында, 2015-жылдары шаар тургундарын каттамдарда 5 миң кичи автобус тейлеп келсе, учурда алардын саны 1 миң 300дү түзөт.   Бул күйүүчү… Кененирээк…

Диетолог арыктоого жардам берген азыктарды атады

Диетолог арыктоого жардам берген азыктарды атады. Дарыгер диетолог Майкл Мослинин айтымында, ашыкча салмак таштоону пландагандар быштак, шпинат жана жасмык же чечевица жеш керек.   Алар белок, клетчатка жана пайдалуу майга бай болуп, метаболизмди жакшыртып, организмди туура азыктандырат. Ошондой эле рационго тооктун төш этин, йогурт, жумуртка… Кененирээк…

Мамлекеттик салык кызматы ишкерлерге жаңы муундагы 10 миң гибриддик кассалык-көзөмөл аппараттарын акысыз тапшырууда

Мамлекеттик салык кызматы ишкерлерге жаңы муундагы 10 миң гибриддик кассалык-көзөмөл аппараттарын акысыз тапшырууда. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.   Маалыматка ылайык, ККМ бир катар себептерден улам кассалык аппараттарды өз алдынча сатып ала албаган ишкерлерге колдоо көрсөтүү максатында акысыз берилип жатат. ККМ аппаратын алуу үчүн салык төлөөчү… Кененирээк…

Балыкчы – Кочкор – Эпкин унаа жолунун курулушу кийинки жылы жыйынтыкталат

Балыкчы – Кочкор – Эпкин унаа жолунун курулушу кийинки жылы жыйынтыкталат. Бул тууралуу Унаа жана жолдор министрлигинен билдиришти. Ведомстводон белгилешкендей, трассанын кепилдик менен колдонуу мөөнөтү    2026-жылга чейин жетет.   Учурга карата курулуш иштерине 100дөн ашык атайын техника жана 300дөй жумушчу тартылган.

Швейцариянын өкмөтү чек ара жаңжалынан жабыркаган Баткен облусуна жардам катары 450 миң доллар бөлөт

Швейцариянын өкмөтү чек ара жаңжалынан жабыркаган Баткен облусуна жардам катары 450 миң доллар бөлөт. Бул тууралуу аталган өлкөнүн Бишкектеги элчилигинен билдиришти.   Маалыматка ылайык, бул каражатка Бириккен Улуттар Уюмунун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы тамак-аш жана азык-түлүк жагынан көмөк көрсөтөт.   Белгилеп кетсек, Тажикстандын куралдуу кол салуусунда… Кененирээк…

Самбо боюнча дүйнө чемпионаты алгачкы жолу Кыргызстанда өтөт

Самбо боюнча дүйнө чемпионаты алгачкы жолу Кыргызстанда өтөт. Маданият, маалымат жана спорт министринин орун басары Канат Шабданбаевдин айтымында, 11-13-ноябрь аралыгында өтө турган турнирге 55 мамлекеттен келген 420 спортчу катышат.   Жалпы байге фонду 230 миң долларды түзөт. Белгилеп кетсек, биринчиликтин алкагында эркектер жана кыз-келиндер 7… Кененирээк…

Жолчулар Төө-Ашуу, Ала-Бел жана Өтмөк ашууларында нөөмөттө турат

Жолчулар Төө-Ашуу, Ала-Бел жана Өтмөк ашууларында нөөмөттө турат. Унаа жана жолдор министрлигинен билдиришкендей, тиешелүү техника тартылып, трасса кардан тазаланып жатат.   Тоолуу райондорго сапарга чыгууну пландап жаткан айдоочуларга сөзсүз түрдө дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштырып, унаасынын техникалык абалын текшерип, жол эрежесин сактап жүрүү сунушталат.