Жалал-Абад шаарында “Бахрейн” социалдык айылы ачылды

Жалал-Абад шаарынын Көк-Арт кичирайонунда “Бахрейн” социалдык айылынын салтанаттуу ачылуу аземи болуп өттү. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет.   Маалыматка ылайык, ага Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков, шаардык кеңештин төрагасы Нуртилек Орозбаев баштаган депутаттар, шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Ырысбек Калчаев, “Ассанабил” кайрымдуулук… Кененирээк…

Ош облусунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды

Кечээ, 6-ноябрда саат 08:11де Ош облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.   Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө Кара-Кулжа районунун Кара-Жыгач, Сары-Булак, Сары-Күнгөй айылдарында 3 балл, ал эми Сай, Тогуз-Булак, Жетим-Дөбө айылдарында… Кененирээк…

Бишкекте кыштын илеби эртең сезилип баштайт

Бишкекте кыштын илеби эртең сезилип баштайт. Ордо калаага суук түшөт. Аба табы -3 градуска чейин төмөндөшү күтүлөт. Андыктан, айдоочуларга жана жөө жүрүүчүлөргө этият болуу сунушталат.   Унаа ээлери эртелеп дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштырышы керек. Машинелер ортосундагы тиешелүү коопсуз аралыкты сактоо маанилүү.

Кыргызстан россиялыктардын өзүнүн аймагына кириши боюнча беш жылдык рекордун жаңыртты

Кыргызстан россиялыктардын өзүнүн аймагына кириши боюнча беш жылдык рекордун жаңыртты. Бул тууралуу РБК ФСБнын маалыматтарына таянып билдирди. Ага ылайык, 2022-жылдын июлунан сентябрына чейин россиялыктар Кыргызстанга 167 миң жолу киргени катталды.   Бул сан өткөн жылдын ушул эле мезгил аралыгына салыштырмалуу 92 пайызга көп.

Өлкөдө элдик курултайга делегаттар шайланды

Өлкөдө элдик курултайга делегаттар шайланды. Президент администрациясынан билдиришкендей, бардык аймактарда жана Бишкек, Ош шаарларында 5-ноябрда жергиликтүү курултайлар өттү.   Анда талкуулана турган негизги маселелер каралды. Садыр Жапаровдун жарлыгына ылайык, элдик курултайга 1 миң 74 делегат катышат. Эске салсак, курултай институту өткөн жылы 5-майдан тартып күчүнө… Кененирээк…

Бишкек абасынын кири боюнча кайрадан антирейтингдин алдыңкы катарында

Кыргызстандын борбору дүйнөдөгү абасы кир шаарлардын алдыңкы бештигине киргенин IQAir сайты билдирди. Саат 18:20га карата алынган маалымат боюнча, Бишкектеги абанын сапаты 167 пунктуга барабар болгон, бул аба «жакшы эмес» дегенди түшүндүрөт. Антирейтингде биринчи орунду Дели (Индия), экинчини Пекин (Кытай) ээлеген. Ал эми үчүнчү катарда Ханой… Кененирээк…

Кыргызстанда унду экспорттоого убактылуу чектөө киргизилди

Кыргызстанда унду экспорттоого убактылуу чектөө киргизилди. Министрлер кабинети Евразия экономикалык биримдигине мүчө болбогон мамлекеттерге 100 миң тоннадан ашык унду ташып чыгууга тыюу салды.   Чектөө ушул жылдын 1-ноябрынан 31-декабрга күчүндө болот. Мындай чара азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо жана бааны турукташтыруу максатында кабыл алынды. Эске салсак, буга… Кененирээк…