People журналы планетадагы эң сексуалдуу эркекти атады

People журналы планетадагы эң сексуалдуу эркекти атады. Ага ылайык, актёр Крис Эванс жогорудагы наамга татыды Басылмага берген маегинде Marvel кино жылдызы бул жаңылыкка баарынан апасы кубанарын айткан. Эске салсак, 2021-жылы эң сексуалдуу эркек наамы америкалык актёр Пол Раддга ыйгарылган.

Бишкектеги беш конушту өнүктүрүү планы иштелип чыгат

Бишкектеги 5 конушту өнүктүрүү планы иштелип чыгат. Вице-мэр Мирлан Байгөнчөковдун айтымында, кеп Ак-Босого, Арча-Бешик, Бакай-Ата, Калыс-Ордо жана Мурас-Ордо конуштары жөнүндө болуп жатат. Бул багытта Азия өнүктүрүү банкы тарабынан 500 миллион доллар грант бөлүнөт. Каражат аймакты өнүктүрүүнүн техникалык-экономикалык базасын иштеп чыгуучу консультанттардын кызматын төлөөгө жумшалат. Бул… Кененирээк…

Айрым чет элдиктерге Кыргызстанда жашоого уруксат жөнөкөйлөтүлгөн тартипте берилет

Айрым чет элдиктерге Кыргызстанда жашоого уруксат жөнөкөйлөтүлгөн тартипте берилет. Министрлер кабинетинен билдиришкендей, кеп өлкө экономикасына 10 миллион сомдон ашык салым кошкон адамдар жөнүндө болуп жатат. Аларга арыз бергенге чейин 6 айдан кем эмес мөөнөткө милдеттүү түрдө жашаган жери жок жашоого уруксат берилет. Бул чаралар чет… Кененирээк…

Кыргызстанда коомдук тамактануучу жайларды текшерүүнү күчөтүү сунушталды

Саламаттык сактоо министрлиги коомдук тамактануучу жайларды текшерүүнү күчөтүүнү сунуштоодо. Башкы санитардык дарыгер Бүбүжан Арыкбаеванын айтымында, мунун себеби тамак-аштан уулануу көбөйүп жатканына байланыштуу. Алсак, ушул жылдын 9 айында республика боюнча мындай 69 учур катталган. Алардын 92 пайызы кафе-ресторандарда болгон. Арыкбаева мындай көрсөткүчтөр мораторийдин натыйжасында алынганын, ага… Кененирээк…

Шаршенбеков менен Махмудов дүйнөлүк күрөш уюмунан акчалай сыйлык алат

Кыргызстандык балбандар Жоламан Шаршенбеков менен Акжол Махмудов Бириккен күрөш дүйнөсүнөн акчалай сыйлык алат. Бул тууралуу аталган уюмдун сайтында айтылат. Маалыматка ылайык, грек-рим күрөшү боюнча ар бир салмактан үч алдыңкы балбанга 10 миң доллар бөлүнүп берилет. Тактап айтканда, рейтингде биринчи орунда турган балбанга 5 миң доллар,… Кененирээк…

Бишкекте стол үстүндөгү теннис боюнча өлкө чемпионаты өттү

Бишкекте стол үстүндөгү теннис боюнча өлкө чемпионаты өттү. Бул тууралуу Кыргызстандын стол үстүндөгү теннис ассоциациясынан билдиришти. Мелдеш 4-6-ноябрда өтүп, ага Ош, Чүй, Ысык-Көл, Талас, Жалал-Абад, Баткен облустарынан жана Бишкектен 81 спортчу катышты.

Долон ашуусун кардан тазалоо иштери жүрүүдө

Долон ашуусун кардан тазалоо иштери жүрүүдө. «Кыргызавтожол» мамлекеттик ишканасынын маалыматына ылайык, Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 286-306-чакырымында инерттик материалдар себилүүдө. Белгиленгендей, аталган тилкеде учурда кардын калыңдыгы 10-15 см түзөт. Мындан улам, айдоочуларга жайкы дөңгөлөктөрдү кышкыга алмаштыруу, дөңгөлөктөрдүн чынжырчаларын жана күрөктөрүн ала жүрүү сунушталат.

ТҮРКСОЙ 2023-жылды “Бакен Кыдыкеева жылы” деп жарыялады

ТҮРКСОЙ эл аралык уюму 2023-жылды жалпы түрк дүйнөсүндө “Бакен Кыдыкеева жылы” деп жарыялады. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти. Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору болгон Бурса шаарында ТУРКСОЙдун Туруктуу кеңешинин 39-жыйыны өттү. Жыйынга Кыргызстан, Азербайжан, Өзбекстан, Казакстандын Түркмөнстан жана башка өлкөлөрдүн маданият… Кененирээк…

АКШда кимдир бирөө тарыхтагы эң чоң джекпотту утуп алды

АКШда лотереянын катышуучусу башкы байгеге — 2 миллиард доллардан ашык акчага ээ болду. Ошол эле учурда, бактылуу жеңүүчү ким экени белгисиз. Балким ал жеңиши тууралуу билбеши да мүмкүн. Билет Лос-Анжелеске жакын Калифорнияда сатылып алынганы гана белгилүү. Кошумчаласак, буга чейинки лотерея рекорду 2016-жылы болгон. Анда үч… Кененирээк…

Республикада гибриддик көзөмөл-кассалык машиналар бекер берилет

Республикада гибриддик көзөмөл-кассалык машиналар бекер берилет. Салык кызматы билдиргендей, бул өз алдынча ККМ сатып ала албаган ишкерлерди колдоо максатында жасалууда. Гибриддик көзөмөл-кассалык машиналарда орнотулган POS-терминал жана кассалык чек принтери бар. Жалпысынан 10 миң даана ушундай аппараттарды таратуу пландалууда.