Баткен, Жалал-Абад жана Чүй облустарында COVID-19га каршы эмдөө күчөтүлөт

Саламаттык сактоо министрлиги Баткен, Жалал-Абад жана Чүй облустарында COVID-19га каршы эмдөө менен камтууну жогорулатууну көздөп жатат. Бул максатта медициналык адистерди даярдоо иштери жүргүзүлөрүн ведомстводон белгилешти. Ошондой эле калк арасында маалыматтык өнөктүктү жайылтуу үчүн активисттерди жана жергиликтүү коомчулуктун өкүлдөрүн тартуу пландалууда. Мунун максаты коронавирустун жаңы штаммдарынын… Кененирээк…

Салык кызматы аткезчиликти аныктоо боюнча иштерди күчөттү

Салык кызматы аткезчиликти аныктоо боюнча иштерди күчөттү. Ведомстводон белгилешкендей, уруксатсыз жүк ташуу фактылары аныкталса товар да, унаа дагы конфискацияланат. Буга байланыштуу Салык кызматы ишкерлерди өлкө мыйзамдарында каралган бардык эрежелерди так сактоого чакырат.

Бишкекте үй-жайсыз адамдар үчүн баш калкалоочу жай ачылды

Бишкектин Свердлов районунда туруктуу жашаган жери жок адамдар үчүн убактылуу баш калкалоочу жай ачылды. Мэриянын маалыматына караганда, үй-жайсыз жарандарга 40 орундуу жай уюштурулду. Имарат төшөк-жууркан менен камсыздалып, баш калкалоого ыңгайлуу шарттар түзүлгөн. Алсак, кайрылуучулар бир жолку ысык тамак менен камсыз болушат, зарыл медициналык жардам системалуу… Кененирээк…

Чүйдүн Аламүдүн районунда жаңы суу мунарасы курулду

Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Аламүдүн айылында жаңы суу мунарасы курулду. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, мунара 2 млн 70 миң сомго курулуп, анын көлөмү 100 метр кубга барабар. Бул өлчөм 19,5 гектар аянтты, башкача айтканда, 320 турак үй жайгашкан 4… Кененирээк…

Садыр Жапаров иш сапары менен Самарканд шаарына келди

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 10-ноябрда, Өзбекстанга иш сапары менен келди. Мамлекет башчысынын учагы Самарканд шаарынын эл аралык аэропортуна конду. Президент Садыр Жапаровду Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов тосуп алды. Аэропорттун флагштокторунда Түрк мамлекеттеринин уюмунун (ТМУ) катышуучу мамлекеттеринин башчыларынын Саммитинин тогузунчу жыйынына катыша турган өлкөлөрдүн мамлекеттик желектери… Кененирээк…

Кыргызстанда бир нече күнгө электр жарыгы өчүрүлөт

Кыргызстанда ушул күндөрү электр энергиясы менен камсыздоодо убактылуу чектөөлөр болуп жатат. Бул тууралуу “Электр станциялары” ишканасынын башкы директору Айбек Айдаралиев билдирди. Ал Токтогул ГЭСинде авария болгону тууралуу маалыматтар фейк экенин айтып, Кыргызстандын энергосистемасы кадимки тартипте иштеп жатканын, болгону, аталган ГЭСтеги төрт агрегаттын бири оңдоп-түзөөдөн кийин… Кененирээк…

АКШда Снуп Доггдун жашоосу тууралуу тасма тартылат

АКШда америкалык рэп аткаруучу Снуп Доггдун жашоосу тууралуу тасма тартылат. Анын легендарлуу өмүр баянын чоң экранга алып чыгуу үчүн кинокомпания ырчынын өзү менен кызматташууда. Тасманын режиссеру Алан Хьюз болот. Ал буга чейин “Коомго коркунуч”, “Өлгөн президенттер”, “Баш ийбегендер” сыяктуу тасмаларды тарткан.

Ош шаарында жаңы форматтагы калкты тейлөө борбору ачылды

Ош шаарында жаңы форматтагы калкты тейлөө борбору ачылды. Санариптик өнүктүрүү министрлигинин маалыматы боюнча, заманбап борбор “Бирдиктүү терезе” принцибинин негизинде түзүлгөн. Бул жерде документтерди каттоо жана кабыл алуу кызматтары үчүн 35 “терезе”, өзүнчө маалымат берүү кызматы, сүрөткө түшүүчү жай, кенен күтүү залы, ошондой эле эне жана… Кененирээк…

Маморгандар электр лампаларын Майлуу-Суудагы заводдон сатып алат

Мамлекеттик органдар электр лампаларын Майлуу-Суудагы заводдон сатып алат. Президенттин буйругуна ылайык, министрлер кабинети бир айдын ичинде уюмдарга тиешелүү талаптарды белгилеши керек. Мамлекеттик үлүшү 50 жана андан ашык пайызды түзгөн органдарга да бул ишканадан товар сатып алуу сунушталат. Мындай чаралар Майлуу-Суу лампа заводуна мамлекеттик колдоо көрсөтүү… Кененирээк…

Улуттук энергохолдинг Бишкекте электр энергиясынын өчүү себебин түшүндүрдү

Улуттук энергохолдинг ишканасы Бишкектин айрым райондорунда электр энергиясынын өчүү себебин түшүндүрдү. Мекемеден билдиришкендей, абанын температурасы кескин төмөндөгөндөн улам жарыкты керектөө өскөн. Автоматтык өчүрүүлөр электр жабдууларга күч келтирбеш үчүн авариялардын алдын алуу максатында болгон. Энергетиктер калкты электр энергиясын этияттык менен колдонууга, үйдү жылытуунун альтернативдүү түрлөрүнө өтүүгө… Кененирээк…