Баткен тургундарынын 19 млн сомдон ашуун насыясы жоюлду

Тажикстандын Кыргызстанга куралдуу кол салуусунан жапа чеккен Баткен жана Ош облустарынын тургундарынын 19 млн 75 миң сом насыясы жоюлду. Бул тууралуу Улуттук банктын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, 3-ноябрга карата финансы-кредиттик уюмдарга 4 миң 433 карыз алуучу кайрылган, 19 миң 75 миң сом суммасында… Кененирээк…

Дүйнөдө 30 млн доллар байлыгы барлардын саны жыл башынан бери 6 пайызга азайды

Дүйнөдө 30 миллион доллар байлыгы барлардын саны жыл башынан бери 6 пайызга азайды. Бул тенденция 2018-жылдан бери биринчи жолу байкалууда. Изилдөөчүлөр кыскартуудан жапа чекпеген жалгыз өлкө Кытай болгонун белгилешет. Тескерисинче, ал жакта мультимиллионерлердин саны эки пайыздан ашыкка көбөйдү. Талдоочулар ошондой эле эң бай адамдардын жалпы… Кененирээк…

Чет элдиктер менен Кыргызстандын жарандары үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифи бирдей болот

Иш берүүчүлөр чет элдик жумушчулар үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүн Кыргызстандын жарандары менен бирдей төлөйт. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы билдирди. Ведомство жаңы тарифтер ноябрдан тарта күчүнө кирип, 27 пайыздан ашарын белгилейт. Буга чейин Кыргызстанда убактылуу жүргөн жана иштеген чет элдик жарандар үчүн иш берүүчүлөр Пенсиялык фонддун… Кененирээк…

Кыргызстанда турак жайды камсыздандыруусу жок сатууга жана сатып алууга тыюу салуу сунушталууда

Кыргызстанда турак жайды камсыздандыруусу жок сатууга жана сатып алууга тыюу салуу сунушталууда. Тиешелүү мыйзам долбоорун Экономика министрлиги талкууга койду. Мекеме бул демилге бир катар жеңилдиктерди берерин белгилейт. Алардын ичинен калкты камсыздандыруу менен максималдуу камтуу, өрт же табигый кырсыктар учурунда келтирилген зыяндын ордун тез арада толтуруу,… Кененирээк…

Кыргызстанда орточо айлык 25 миң 27 сомду түздү

Кыргызстанда орточо айлык 25 миң 27 сомду түздү. Январдан сентябрга чейинки маалыматтар Улуттук статистикалык комитет тарабынан берилди. Былтыркыга салыштырмалуу көрсөткүч дээрлик 28 пайызга өскөн. Маянанын эң көп жогорулашы, искусство, саламаттык сактоо, калкты тейлөө, коргоо, билим берүү, мамлекеттик башкаруу жана милдеттүү социалдык камсыздоо тармагында иштегендердин арасында… Кененирээк…

Май куюучу жайларда сатылган күйүүчү-майлоочу майдын ар бир литрине салык салуу сунушталды

Унаа жана жолдор министрлиги май куюучу жайларда сатылган күйүүчү-майлоочу майдын ар бир литрине салык салууну сунуштоодо. Түшкөн каражат жолдорду оңдоого жумшалат. Мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылды. Мекеме Кыргызстанда унаалардын саны жыл сайын өсүп жаткандыктан, жолдун үстүнкү катмары тез эле эскирип жатканын белгилейт. Трассаларды коопсуз стандарттык… Кененирээк…

Ошто балдардын укуктарын коргоого арналган форум өтүп жатат

Бүгүн Ош шаарында Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги тарабынан уюштурулган «Балдарды катаал мамиледен жана зомбулуктан коргоо: үй-бүлөнүн, коомдун жана мамлекеттин мүмкүнчүлүктөрү» улуттук форуму өтүп жатат. Эмгек министрлигинен билдиргендей, бул иш-чара 28-октябрда Бишкекте өткөн форумдун уландысы болуп саналат. Форумдун катышуучулары аялдарга жана балдарга карата зомбулуктун… Кененирээк…

Кытай Кыргызстандын жарандары үчүн 23 стипендия бөлдү

Кытайдын билим берүү фондун башкаруу боюнча мамлекеттик комитети Кыргызстандын жарандарына 2023-2024-окуу жылына бакалавр, магистратура, докторантура жана тил такшалмасы боюнча 23 мамлекеттик стипендия бөлдү. Билим берүү жана илим министрлигинен билдиргендей, стипендиялык программага катышуу үчүн талапкерлер http://student.edu.gov.kg/ онлайн платформасындагы “КЭР Өкмөтүнүн стипендиялары” программасына катталып, керектүү талааларды толтуруп, талап… Кененирээк…

Ошто экинчи троллейбус линиясынын иши убактылуу токтотулду

Ошто экинчи троллейбус линиясынын иши убактылуу токтотулду. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, авариялык оңдоо иштерине байланыштуу экинчи троллейбус линиясынын иши убактылуу токтотулду. «Жагдайды түшүнүү менен кабыл алууңуздарды суранабыз», — деп айтылат маалыматта.

Билим берүү министрлигине жаңы орун басары болуп дайындалды

Токтобүбү Ашимбаева Билим берүү жана илим министринин орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, министрдин жаңы орун басарын жамаатка министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов тааныштырды. Буга чейин Токтобүбү Ашимбаева Кыргыз билим берүү академиясынын вице-президенти болуп эмгектенген.