“Сосновка” түйүнүндө жүк ташуучу унааларга чектөөлөр киргизилди

“Сосновка” түйүнүндө жүк ташуучу унааларга чектөөлөр киргизилди. Унаа жана жолдор министрлигинин маалыматына ылайык, мындай чара аба-ырайынын катаал шарттарына байланыштуу киргизилди.   Жүк ташуучу унаалар абал жакшырганча өткөрүлбөйт. Ал эми жеңил машинелер тоскоолдуксуз өтүп жатат, болгону айдоочулар жол эрежелерин сактап жүрүшү керек.

Чүй облусунун бир катар айылдарында таза суу менен камсыздоо жакшыртылат

Чүй облусунун бир катар айылдарында таза суу менен камсыздоо жакшыртылат. Курулуш иштерине тендерди аймактык капиталдык курулуш башкармалыгы жарыялады. Долбоорлорду ишке ашырууга 180 миллион сом бөлүнөт.   Аткаруучу компания бул суммага Москва районундагы Мураке, Ак-Торпок, Чоң-Арык айылдарын тазаа суу менен камсыздайт. Экинчи этап менен Жайыл районунун… Кененирээк…

Бишкектин борбордук бөлүгү маршруттук таксилерден кийинки жылдын ортосунда тазаланат

Бишкектин борбордук бөлүгү маршруттук таксилерден кийинки жылдын ортосунда тазаланат. Бул тууралуу Транспорт департаментинин директору Максат Нусувалиев билдирди.   Анын айтымында, алардын ордуна жүргүнчүлөрдү газ менен жүрүүчү автобустар, электробустар жана троллейбустар ташыйт. Маршруттук таксилердин айдоочулары жумушсуз калбайт, алар үчүн жаңы конуштарга барчу каттамдарды түзүү пландалууда, —… Кененирээк…

Бишкекте кийинки жумадан тарта мектеп автобустары иштеп баштайт

Бишкекте кийинки жумадан тарта мектеп автобустары иштеп баштайт. Транспорт департаментинин директору Максат Нусувалиевдин айтымында, долбоор сыноо иретинде ишке ашып жаткандыктан, азырынча эки гана автобус линияга чыгат.   Тестирлөө 2-3 айга созулат, андан кийин мэрия тиешелүү чечим кабыл алат.  Нусувалиев белгилегендей, шаар бийлиги жаңычылдыктын пайдалуулугун караштырып… Кененирээк…

“Айыл-чарбачылыгын каржылоо — 10” долбоорунун алкагында фермерлерге   8 миң жеңилдетилген насыя берилди

“Айыл-чарбачылыгын каржылоо — 10” долбоорунун алкагында фермерлерге   8 миң жеңилдетилген насыя берилди. Министрлер кабинетинин маалыматына ылайык, жалпы берилген сумма 4,5 миллиард сомго жетти.   Каражат мал чарбачылыгына жана өсүмдүк өстүрүүгө берилет. Андан тышкары, агро өнөр жай тармагындагы кайра иштетүү ишканалары дагы жеңилдетилген насыя ала алат.

Android системасындагы WhatsApp тиркемесинде жаңы функция

Android системасындагы WhatsApp тиркемесинде жаңы функция. Жакынкы арада бир нече смартфондо бир эле аккаунтту колдонууга болот.   Жаңы режимди активдештирүү үчүн настройкиден “Жабдууну байланыштырууну” тандап, экинчи телефон менен экрандагы QR-кодду сканерден өткөрүү керек.   Ошондо бир эле аккаунтту дароо 4 смартфондон ачып, толук кандуу түрдө… Кененирээк…

Баткен шаарында жаңы мектеп имараты пайда болот

Баткен шаарында жаңы мектеп имараты пайда болот. Базар-Башы аймагында жайгашкан билим берүү мекемеси 500 окуучуга чакталат. Эски имарат авариялык абалга келгендиктен, жаңы мектепти куруу чечими кабыл алынган.   Белгилеп кетсек, учурга карата Баткенде медицина академиясынын, Улуттук банктын, УКМКнын бөлүмдөрүнүн жана бир катар башка социалдык объектилердин… Кененирээк…

Бишкектин коомдук транспортунда жол кире жакынкы арада кымбаттабайт

Бишкектин коомдук транспортунда жол кире жакынкы арада кымбаттабайт. Буга ордо калаанын транспорт департаментинин жетекчиси Максат Нусувалиев ишендирүүдө.   Анын айтымында, тарифтерди көтөрүү боюнча токтом долбоору гана демилгеленген. Ал алдыда тиешелүү органдардан көптөгөн кароо этаптарынан өтүшү керек.   Андыктан, жол кирени жогорулатуу тууралуу сөз кылуу эрте,… Кененирээк…

Маданият министрлиги “фейктер” жөнүндө мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуштады

Маданият министрлиги “фейктер” жөнүндө мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуштады. Ведомстводон белгилешкендей, айрым пуктарда кемчиликтер бар болгондуктан, иш жүзүндө аны ишке ашырууда кыйынчылыктар жаралууда.   Алсак, демилгечилер блокко салуу чечими тууралуу сайт же баракчанын ээсин маалымдоону сунуштап жатат. Учурда мындай талап жок.   Ошондой эле фейкке арызданган… Кененирээк…

Сауд өнүктүрүү фонду Кыргызстанга 100 миллион доллар бөлүп берүү ниетинде

Сауд өнүктүрүү фонду Кыргызстанга 100 миллион доллар бөлүп берүү ниетинде. Каражатты өлкөдө жеткиликтүү турак-жайларды курууга багыттоо пландалууда, — деп маалымдайт Мамлекеттик ипотекалык компания.   Андан такташкандай, бул маселе боюнча сүйлөшүүлөр уланууда. Уюмдан белгилешкендей, өлкөдө үйлөрдү куруу максатында чет элдик инвесторлор менен туруктуу түрдө баарлашуу жүргүзүлүп… Кененирээк…