Сузак районунда жаңы бала бакча пайда болду

Сузак районунда жаңы бала бакча пайда болду. Президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, Таш-Булак айылындагы мектепке чейинки билим берүү мекемеси 75 бөбөккө чакталат.   Бакча бардык шарттар менен камсыздалган. Анын курулушуна 24 миллион сом жергиликтүү бюджет жана облустун өнүктүрүү фондунан бөлүнгөн.

“Сосновка” өткөрүү түйүнүндө жүк ташуучу унааларга кайрадан чектөөлөр киргизилди

“Сосновка” өткөрүү түйүнүндө жүк ташуучу унааларга кайрадан чектөөлөр киргизилди. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришкендей, коопсуздук чаралары Төө-Ашууда жолдордо муз тоңгонуна байланыштуу кабыл алынды.   Жолчулар Бишкек – Ош трассасында тынбай иштеп, кардан тазалоо жана инерттик материалдарды себүү иштерин жүргүзүүдө.

“Каракол” аэропортунда курулуш иштери уланууда

“Каракол” аэропортунда курулуш иштери уланууда. Объектте учурда жаңы аэробекеттин  имараты тургузулуп жатат. Ошондой эле учуп-конуу тилкесин узартуу жана жарык-сигналдык жабдууларды орнотуу иштери жүрүүдө.   Аба майданы кийинки жылдын аягында колдонууга берилет. Күтүлгөндөй, жаңыланган “Каракол” аэропорту саатына 250 жүргүнчүнү тейлей алат.

Кыргызстанга коронавируска каршы Moderna вакцинасы жеткирилди

Кыргызстанга коронавируска каршы Moderna вакцинасы жеткирилди. Бул тууралуу Республикалык иммунопрофилактика борборунан билдиришти. Жалпысынан өлкөгө 10 миң 800 доза келди.   Жарандар аны менен Бишкектин каалаган үй-бүлөлүк медициналык борборлорунда же аймактарда эмделе алат. Белгилеп кетсек, препарат COVID-19га каршы бардык вакцинадан кийин бустердик доза катары дагы колдонулат.

Кемпир-Абад суу сактагычынын суу ресурстарын кыргыз-өзбек тараптын биргелешип башкаруусу жөнүндө келишим Жогорку Кеңеште колдоо тапты

Кемпир-Абад суу сактагычынын суу ресурстарын кыргыз-өзбек тараптын биргелешип башкаруусу жөнүндө келишим Жогорку Кеңеште колдоо тапты. Депутаттар мыйзам долбоорду 3 окууда жактырды. Эл өкүлдөрүнүң 65и “макул”, 18и “каршы” добушун берди.   Келишимге ылайык, Кемпир-Абад суу сактагычынын суусун Кыргызстан менен Өзбекстандан 12ден адам  кирген биргелешкен комиссия башкарат.… Кененирээк…

Ушул жумада чоң футбол майрамы башталат — дүйнө чемпионаты

Ушул жумада чоң футбол майрамы башталат — дүйнө чемпионаты.  Мундиаль биринчи ирет араб өлкөсүндө – Катарда өтөт. Биринчилик 3 күндөн кийин,  20-ноябрда Катар-Эквадор курамаларынын беттеши менен старт алат.   Ал эми финалдык оюн 18-декабрга белгиленди. Дал ошол күнү Дүйнөнүн футбол боюнча жаңы чемпиону аныкталат. Чемпионаттын… Кененирээк…

Кыргызстанда абитуриенттердин көбү билим берүү, саламаттыкты сактоо жана экономика тармактарын тандайт

Кыргызстанда абитуриенттердин көбү билим берүү, саламаттыкты сактоо жана экономика тармактарын тандайт.   Билим берүү министрлигигинин маалыматына ылайык, учурга карата кесиптик лицейлерде 32 миң 794 студент, орто кесиптик окуу жайларда 92 миң 870 жана жогорку окуу жайларда 213 миңден ашык студент билим алат. Ошондой эле компьютердик… Кененирээк…

“Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасынын генералдык директору болуп Марат Орозбаев дайындалды

“Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасынын генералдык директору болуп Марат Орозбаев дайындалды. Тиешелүү буйрукка министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.   Орозбаев буга чейин ишкананын директорунун орун басары болуп эмгектенген. Ал эми компанияны мурда жетектеп келген Мирлан Жакыпов Энергетика министринин орун басары болуп дайындалды.

Ошто ири текстиль фабрикасы ишке кирди

Ошто ири текстиль фабрикасы ишке кирди. Анда учурда 500дөн ашык кызматкер эмгектенип, ишкана жылына даяр 1 миллион буюм өндүрүү кубаттуулугуна ээ. Продукциянын 90 пайызын чет өлкөлөргө эскпорттоо пландалууда.   Фабрикага жалпысынан 153 миллион инвестиция салынат, ал эми учурга карата 25 миллион доллары өздөштүрүлдү.

Англиянын футбол боюнча командасы дүйнө чемпионатынын алкагында эң кымбат курамга ээ

Англиянын футбол боюнча командасы дүйнө чемпионатынын алкагында эң кымбат курамга ээ. Анда жарыяланган футболчулардын жалпы баасы 1,5 миллиард еврону түзөт. Экинчи орунда Бразиялия курамасы турат.   Анын курамындагы оюнчулардын жалпы баасы 1 миллиард 450 миллион еврого теңелет. Үчүнчүдө 1 миллиард 330 миллион еврого бааланган –… Кененирээк…