Ошто жол чырактар үчүн акылдуу система орнотуу пландалууда

Ошто жол чырактар үчүн акылдуу система орнотуу пландалууда. Мэриядан билдиришкендей, бул шаардагы тыгын маселесин чечүүгө жардам берет. Системага ылайык, светофор унаалардын агымына жараша жол кыймылын жөнгө салат. Долбоорду ишке ашыруу маселеси учурда япониялык компаниялардын бири менен талкууланууда.    

Шахмат тактасындагы Месси менен Роналдунун сүрөтү фотошоп

Шахмат тактасындагы Месси менен Роналдунун сүрөтү фотошоп. Испаниянын “Marka” гезити футболчулардын биргелешкен сүрөтү боюнча видео жарыялады. Анда оюнчулар съемка талаасына ар башка күндөрү келишкени, ал эми чогуу түшкөндүгү көрсөтүлгөн сүрөт атайын программа менен монтаждалганы белгилүү болду. Эске салсак, Месси менен Роналдунун биргелешкен сүрөтү Интернетке 19-ноябрда… Кененирээк…

Кыргызстандын аймактарында ишкерликти тейлөө борборлорун ачуу пландалууда

Кыргызстандын аймактарында ишкерликти тейлөө борборлорун ачуу пландалууда. Каржы министрлигинен билдиришкендей, бул маселе Экономика министрлиги менен талкууланып жатат. Бул борборлор эң мыкты стартаптарды, бизнес-долбоорлорду карап, тандап алып, анын авторлоруна укуктук маселелер боюнча кеңеш берип, финансылык сабаттуулукка үйрөтүп, ал тургай долбоорлорду каржылайт деп болжолдонууда. Ошондой эле, мындай… Кененирээк…

Бишкекте Жогорку Экономикалык Евразиялык кеңештин жыйыны өтөт

Бишкекте Жогорку Экономикалык Евразиялык кеңештин жыйыны 9-декабрда өтөт. Дипломатиялык каналдар кабарлагандай, учурда ЕАЭБ кеңешине президенттердин кимиси катышаары такталууда. Буга чейинки жыйын ушул жылдын май айында президент Садыр Жапаровдун төрагалыгы алдында өткөн. Жыйын видеоконференция аркылуу уюштурулган.

Кумар оюндарына кызыккан чет элдиктерге визасыз режим киргизүү сунушталды

Кыргызстанда кумар оюндарына кызыккан чет элдиктер үчүн 15 күнгө визасыз режим киргизүү сунушталды. Мыйзам долбоорун Экономика министрлиги иштеп чыккан. Анда туристтердин паспорттук көзөмөлдөн өтүүдө өздүк күбөлүгүн көрсөтсө эле жетиштүү болору айтылат. Ошол эле учурда кумар оюн зонасынын чек арасын мыйзамсыз кесип өткөндүгү үчүн кылмыш жоопкерчилиги… Кененирээк…

Камбар-Ата-2 ГЭСинин экинчи агрегатын иштетүү үчүн сынак жарыяланды

Камбар-Ата-2 ГЭСинин экинчи агрегатын иштетүү үчүн сынак жарыяланды. Бул тууралуу маалымат “Электр станциялары” ишканасынын сайтында жарыяланды. Сынакка ылайык, агрегатты ишке киргизүү үчүн долбоорлоо, жабдууну жеткирүү жана орнотуу керек. Белгиленгендей, Камбар-Ата-2 ГЭСинин экинчи агрегатын эксплуатацияга берүү үчүн Кыргызстан Евразия өнүктүрүү жана турукташтыруу фондунан каражат алган. Аталган… Кененирээк…

УКМКнын башкы башкармалыгынын Кара-Буура райондук жаңы имараты ачылды

УКМКнын башкы башкармалыгынын Кара-Буура райондук жаңы имараты ачылды. Novosti.kgге Талас облусунун жергиликтүү бийлигинен билдиришкендей, мекеме заманбап жабдуулар менен толук камсыздалган. Кызматкерлердин иштөө шарттары үчүн керектүү талапка жооп берет, — деп айтылат маалыматта. Белгилеп кетсек, Кара-Буурадагы Улуттук коопсуздук комитетинин буга чейинки имараты эскилиги жетип калган.

Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун ТЭОсу кийинки жылы даяр болот

Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун техникалык-экономикалык негиздемеси кийинки жылы даяр болот. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди. Анын айтымында, ишти Кытай темир жол курулуш корпорациясынын Долбоорлоо-изилдөө институту жүргүзүүдө. Буга чейин Кыргызстанга 160 адис келгени маалымдалган. Алар Нарын жана Жалал-Абад облустарында топографиялык… Кененирээк…

Ноокатта 200 млн долларга жер семирткич өндүргөн ишкана курулат

Ош облусунун Ноокат районунда 200 миллион долларга жер семирткич өндүргөн ишкана курулат. Жергиликтүү бийликтин маалыматына караганда, 100 гектар жерди ээлей турган завод жылына 1 миллион тонна, күнүнө 200 тонна минералдык жер семирткич өндүрөт. Ишканада 800дөн ашык киши жумуш менен камсыз болот. Учурда жерди трансформациялоо иштери… Кененирээк…

Бишкектин Тунгуч кичи районунда №73 жаңы мектеп ачылды

Бишкектин Тунгуч кичи районунда №73 жаңы мектеп ачылды. Президенттин маалымат кызматынан билдиришкендей, үч кабаттуу имарат 550 окуучуга чакталган. Белгиленгендей, мектеп республикалык бюджеттин каражатына курулду. Бирок суммасы такталган жок. Кошумчаласак, быйыл ордо калаада 15 мектептин курулушу башталган.