Келерки жылы 20 миңге жакын кыргызстандык жумушка орношо алат

Келерки жылы 20 миңге жакын кыргызстандык жаңы ишканаларга жумушка орношо алат. Экономика министрлигинин маалыматы боюнча, 2022-жылы 80 жеке фирма мамлекеттик колдоого ээ болду. Тактап айтканда, өзгөрүлмө пайыздар менен насыялар берилип, продукцияны экспорттоого, өндүрүштү кеңейтүүгө, долбоорлорду түзүүгө жардамдар көрсөтүлдү. Мунун баары мүмкүн болушунча жарандарды жумуш менен… Кененирээк…

Мессинин командасы Сауд Арабияга утулуп калды

Күтүүсүз жеңилүү. Мессинин командасы Сауд Арабиянын курамасына утулуп калды. Катарда өтүп жаткан футбол боюнча дүйнө чемпионатынын тайпалык оюндарында Аргентина менен Сауд Арабиянын курама командалары беттешти. Беттеш башталган алгачкы 10 мүнөттө арабдардын дарбазасына карата 11 метрлик сокку белгиленип, аны Лионель Месси ишке ашырды. Экинчи таймдын башында… Кененирээк…

Бишкекте троллейбустардын кышка даярдыгы текшерилди

Бишкекте троллейбустардын кышка даярдыгы текшерилди. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Маалыматка ылайык, рейддин жүрүшүндө айдоочулардын жүрүм-турумуна, унаалардын кышка даярдыгына, жол эрежесин сактоого өзгөчө көңүл бурулду. Жыйынтыгында жол эрежесин сактабаган троллейбус айдоочуларына жана салондо мүмкүнчүлүгү чектелгендер үчүн пандус пайдаланбагандарга эскертүүлөр берилди.

Кыргыз бийлиги эки ири долбоорду ишке ашырууну көздөп жатат

Кыргыз бийлиги эки ири долбоорду ишке ашырууну көздөп жатат. Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаровдун айтымында, бул Камбар-Ата ГЭСинин жана Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолунун курулушу. Чиновник ГЭС боюнча бардык курулуш жана даярдык иштери келерки жылы бүтөт деп ишенет. Ал эми темир жолго келсек,… Кененирээк…

Жеке менчик бала бакча же мектеп кургандарга муниципалдык аймак акысыз берилет

Бишкек жана Ош шаарларында жеке менчик бала бакча же мектеп курууну каалагандарга муниципалдык аймак акысыз берилет. Бул тууралуу өкмөттөн билдиришти. Маалыматка ылайык, участоктор канализация, электр энергиясы жана суу менен камсыздалат. Территория жерлерди инвентаризациялоо иштери аяктагандан кийин сынак аркылуу бериле турганы белгиленди.

Токаевдин ант берүү аземи 26-ноябрда болот

Казакстандын Борбордук шайлоо комиссиясы президенттик шайлоонун акыркы жыйынтыгын 22-ноябрда жарыялап, азыркы президент Касым-Жомарт Токаев 81%дан көбүрөөк добуш менен жеңип чыкканы маалымдалды. Эл аралык байкоочулар Токаевди «атаандашсыз утканын» айтып жатышат. Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Нурлан Абдиров Токаевдин ант берүү аземи 26-ноябрда өтө турганын маалымдады. Жекшембидеги шайлоого… Кененирээк…

Бишкекте кошумча таштанды челектери орнотулууда

Бишкекте кошумча таштанды челектери орнотулууда. Муниципалитеттен билдиришкендей, Октябрь районуна буга чейин 36 таштанды контейнери орнотулган. Дагы 30 контейнер орнотуу пландалууда. Ошондой эле шаардын төрт районунда тең таштанды контейнерлерин оңдоо иштери уланууда. Белгилеп кетсек, таштанды челектери «Тазалык» муниципалдык ишканасы тарабынан орнотулуп жатат.

Кыргызстанда сатыкка чыкчу 30дай ишкананын тизмеси бекиди

Кыргызстанда сатыкка чыкчу 30дай ишкананын тизмеси бекиди. Бул тууралуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун жетекчиси Мирлан Бакиров Жогорку Кеңештин комитет жыйынында билдирди. Маалыматка ылайык, сатыла турган компаниялардын арасында банк, фонд, акционердик коомдор бар. Эске салсак, былтыр президент Садыр Жапаров мамлекетке караштуу мүлктөрдүн көбүн сатууну сунуштаган жана… Кененирээк…

Альп тоолорунда лыжа тебүүчү жайларды буза башташты

Франциянын Альп тоолорундагы Сен-Фирмен кыштагында лыжа тебүүчү жайларды буза башташты. База 1964-жылы курулган. Кышкысын бул жерде кар үзгүлтүксүз жаай турган, бирок акыркы 10 жылда абал начарлап кеткен. Климаттык кризис лыжа тебүү мезгилинин кыскарышына жана тоодогу кар менен муздун калың катмарынын азайышына алып келди. Акыркы жолу… Кененирээк…

Чет элдиктер билим алып жаткан медициналык окуу жайларда эрежелер катаалдады

Кыргызстанда медициналык жогорку окуу жайлардан билим алууну каалаган чет элдиктер мындан ары эл аралык программалык аккредитациядан өткөн гана университеттерге кабыл алынат. Тиешелүү токтомду Министрлер кабинети жарыялады. Документте жазылгандай, мындай чара медициналык кадрларды даярдоо сапатын жогорулатуу, өлкөдөгү жогорку окуу жайлардын деңгээлин жакшыртуу жана Кыргызстандын мамлекеттик дипломдорун… Кененирээк…