Чаткалда жаңы бала бакча ачылды

Чаткал районунун Чакмак-Суу айылына жаңы бала бакча курулду. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абаддагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Маалыматка ылайык, мектепке чейинки билим берүү мекемесинин курулушуна жергиликтүү бюджеттен 17 млн 700 миң сом жумшалган.

Филиппин быйыл романтикалык эс алуу үчүн эң мыкты өлкө деп табылды

Филиппин быйыл романтикалык эс алуу үчүн эң мыкты өлкө деп табылды. Адистердин айтымында, бул жер сүйүшкөндөр жана келечектеги жубайлар үчүн эң ылайыктуу. Алсак, ар бир адам өзүнө жаккан көңүл ачууну таба алат: экстремалдык эс алууну каалагандар үчүн көптөгөн пляждарда серфинг жеткиликтүү, ал эми табият менен… Кененирээк…

Бишкекте биринчи муниципалдык көп кабаттуу унаа токтотуучу жай курулат

Бишкекте биринчи муниципалдык көп кабаттуу унаа токтотуучу жай курулат. Мэриядан билдиришкендей, объект Жукеев-Пудовкин көчөсүндө пайда болот. Ошондой эле бул жерге футбол талаасын, воркаут аянтчасын, сквер жана балдар аянтын куруу пландалууда. Маалым болгондой, учурда унаа токтотуучу жайдын ордунда гараждык кооператив жайгашкан. Октябрь айында шаар бийлиги тиешелүү… Кененирээк…

Индия саякатка коюлган бардык чектөөлөрдү алып салды

Индия бийлиги коронавирус пандемиясынан улам киргизилген бардык чектөөлөрдү алып салды. Эми өлкөгө баруу үчүн паспорт жана виза жетиштүү. Мындан ары эмөө сертификаттарын жана ПЦР тесттерин көрсөтүүнүн кажети жок. Бирок саякатчыларга беткап тагынуу жана социалдык аралыкты сактоо сунушталат.

Баткен облусунун 800дөн ашуун тургуну жаңы документтерге ээ болушту

Баткен облусунун 800дөн ашуун тургуну жаңы документтерге ээ болушту. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлиги билдирди. Мекемеден белгилешкендей, кеп тажик аскерлеринин кол салуусунун натыйжасында документтери жараксыз болгон же жоголуп кеткен жарандар тууралуу болуп жатат. Паспортторду калыбына келтирүү иштери атайын мобилдик топтор тарабынан жүргүзүлүүдө.

Кыргызстанда гендердик зомбулукка каршы 16 күндүк кампания башталат

Ушул жылдын 25-ноябрында республика боюнча «Коркпо! Токтот! Жаша!» девизи астында гендердик зомбулукка каршы 16 күндүк кампания старт алат. Кампаниянын башталышы тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов министрлер кабинетине караштуу Гендердик өнүгүү боюнча улуттук кеңештин жыйынында билдирди. «Бул глобалдык демилге, ошондой эле гендердик зомбулукка… Кененирээк…

Кытайдын тургуну картадан 50 кабаттуу үй куруп, дүйнөлүк рекордду жаңылады

Кытайдын тургуну картадан 50 кабаттуу үй куруп, дүйнөлүк рекордду жаңылады. Бул иш үчүн ага беш саат беш мүнөт талап кылынган. Ал курулушка 12 саат жумшаган мурунку рекордсмендин жетишкендигин ашып өттү. Картадан жасалган үйдүн бийиктиги үч метрден ашты. Мындан тышкары, жасалга эң аз дегенде 10 мүнөт… Кененирээк…

Кыргызстанда жылына орто эсеп менен 50-51 миңдей түгөй баш кошот

Кыргызстанда жылына орто эсеп менен 50-51 миңдей түгөй баш кошуп, 10-12 миңдей жуп ажырашат. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлигинин өкүлү Калый Жунусова билдирди. Маалыматка ылайык, өлкөдө ар жылы 145 миңден ашык ымыркай төрөлөт. Ошондой эле 35-36 миңдей адам көз жумат.

Мектеп окуучуларынын тамак-ашына бөлүнгөн каражат көбөйүшү күтүлүүдө

Кыргызстанда мектеп окуучуларынын тамак-ашына бөлүнгөн каражат көбөйүшү күтүлүүдө. Долбоорду Билим берүү министрлиги демилгелеп жатат. Мекеме буга чейин башталгыч класстын окуучулары үчүн булочка жана суусундук гана берилип келгенин белгилейт. Кийинчерээк донорлордун колдоосу менен мектептерде ысык тамак киргизиле баштаган. Бирок азык-түлүктүн баасынын кескин жогорулашына байланыштуу көптөгөн мекемелер… Кененирээк…

Кыргызстанда электрондук ачык маалымат порталы ишке кириши мүмкүн

Кыргызстанда электрондук ачык маалымат порталы ишке кириши мүмкүн. Токтом долбоорун Санариптик өнүктүрүү министрлиги сунуштады. Ага ылайык, ар бир жаран электрондук арыз толтуруп, өзүнө керектүү маалыматтарды ала турган система түзүлөрү күтүлүүдө. Ведомство мындай ресурсту түзүү менен мамлекеттик органдардын ишмердүүлүгү тууралуу маалымат алууга мүмкүн болорун белгилейт. Документ… Кененирээк…