Бишкекте транспорт түйүндөрү жана эстакадаларды куруу пландалууда

Бишкекте маршруттук каттамдардын өткөрүү жөндөмдүүлүгүн арттыра турган айрым жол курулуштарын куруу пландалууда. Мэриянын маалыматына караганда, кеп транспорт түйүндөрү жана эстакадалар жөнүндө болуп жатат. Шаар бийлиги курулуш иштерин Кытайдан келген эксперттер тобу менен талкуулады. Декабрдын аягына чейин кытай тарап долбоордун техникалык-экономикалык негиздемесин иштеп чыгат. Мэрия кытайлык… Кененирээк…

Эртең Бишкектин бир бөлүгүндө суу болбойт

Эртең Бишкектин бир бөлүгүндө суу болбойт. “Бишкексууканал” билдиргендей, Панфилов – Түгөлбай ата – Логвиненко – Бөкөнбаев көчөлөрү менен чектешкен аймактарда эртең мененки саат 9дан кечки 6га чейин суу өчүрүлөт. Мунун себеби ремонт иштерине байланыштуу.

Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан т/ж курулушу кийинки күздө башталышы мүмкүн

Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолунун курулушу кийинки күздө башталышы мүмкүн. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди. Анын айтымында, долбоордун техникалык-экономикалык негиздемеси апрель айында бүткөрүлүүгө тийиш. Эске салсак, темир жол куруу долбоору боюнча кызматташуу тууралуу үч тараптуу келишимге ушул… Кененирээк…

Сауд Арабия инвестицияны өнүктүрүү боюнча Кыргызстан менен иштөөгө даяр

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев Эр-Рияд шаарына жумушчу сапарынын алкагында Сауд Арабиянын инвестициялар министри Халид Аль-Фалих менен жолугушту. Бул тууралуу министрлер кабинетинин маалымат кызматынан билдиришти. Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар инвестициялык кызматташтыкты өнүктүрүүнүн келечегин, атап айтканда, энергетика, туризм, айыл чарба, жер казынасын пайдалануу жана… Кененирээк…

Ош шаарында үчүнчү троллейбус линиясы курулушу мүмкүн

Ош шаарында үчүнчү троллейбус линиясы курулушу мүмкүн. Бул тууралуу түштүк калаа мэриясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, кийинки жылы жүргүнчүлөрдү ташуу боюнча бир катар комплекстүү иш-чаралар пландалып жатат. Алсак, Ош шаарына заманбап экологиялык транспорт – электробустарды алып келүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Мындан тышкары, жеке кичи автобустарды кыскартуу… Кененирээк…

Корея Бишкекке кайтарымсыз негизде 22 миллион сомдон ашык каражат берет

Корея Бишкекке кайтарымсыз негизде 22 миллион сомдон ашык каражат берет. Бул боюнча калаа мэри Эмилбек Абдыкадыров менен Кореянын Кыргызстандагы элчиси Ли Вон Джэнин жолугушуусунда белгилүү болду. Маалыматка ылайык, каражатка шаардык саламаттык сактоо мекемелерине медициналык жабдуулар сатып алынат.

Жалал-Абад шаарынын кире беришине стелла курулду

Жалал-Абад шаарынын түндүк тарабынан кире беришине «Жалал-Абад шаары» деген стелла курулду. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти. Маалыматка ылайык, стелланын айланасы жарыктандырылып, брусчатка төшөө жана газон себүү жумуштары аткарылган. Анын курулушуна жергиликтүү бюджеттен 1 млн 858 миң сом акча каражат сарпталды.  

Маданият министрлигинин түзүмүндөгү 12 миңден ашуун кызматкер аттестациядан өтөт

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрликтин түзүмүндөгү билим берүү, театр-оюн-зоок мекемелеринин, клуб, музей, китепкана, маданият уйлөрүнүн кызматкерлерин аттестациялоодон өтөт. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, аттестациялоо министрликтин 2022-жылдын 21-октябрындагы №581 буйругу менен бекитилген жобого ылайык жүргүзүлөт. Аттестациядан өтүү боюнча тийиштүү кызматкерлерге… Кененирээк…

Баткенде чек ара жаңжалында жабыркагандарга АКШдан жардам келди

Баткенде чек ара жаңжалында жабыркагандарга АКШдан жардам келди. Кошмо Штаттардын элчилигинен билдиришкендей, учактагы жүктө керебет, жууркан жана кышкы кийим өңдүү керектүү буюмдар бар. Бул колдоо АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги тарабынан берилген 8 миллион сомго жана гигиеналык комплексттерине кошумча болуп саналат, алар Кыргызстандагы эл… Кененирээк…

Эртең Бишкекте биринчи Элдик Курултай ишин баштайт

Эртең Бишкекте биринчи Элдик Курултай ишин баштайт. Иш-чарага президент, парламент депутаттары, министрлер кабинетинин мүчөлөрү, мамлекеттик органдардын жетекчилери, ошондой эле өлкөнүн аймактарынан келген 1 миңден ашык делегат катышат. Курултай эки күн — 25 жана 26-ноябрда болот. Жыйынтыгында биринчи Элдик Курултайдын резолюциясы кабыл алынат.