Мирзиёев Кыргызстанга декабрда келет

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Кыргызстанга декабрь айында келет. Бул тууралуу өзбек мамлекет башчысынын сайтында жазылды. 24-ноябрда чет өлкөлөрдүн жаңы дайындалган элчилери Шавкат Мирзиёевге ишеним грамоталарын тапшырган учурда анын Бишкекке сапары тууралуу сөз болду. Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси Муса Жаманбаев менен Мирзиёев алдыдагы сапарды талкуулашты. Өзбек президенти… Кененирээк…

Талас жана Нарындан 250 мугалим квалификациясын жогорулатат

Ушул жылдын 28-ноябрынан 2-декабрына чейин “Россия-Кыргызстан: тил, предмет, билим” долбоорунун алкагында Нарын жана Талас облустарынын мугалимдери үчүн квалификация жогорулатуу курстары өткөрүлөт. Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришкендей, катышуучулар окутуунун жүрүшүндө функционалдык сабаттуулукту калыптандыруу жана баалоо, анын ичинде окуу, математикалык, табигый илимдер, мектептерде STEM билим берүүнү… Кененирээк…

Ырчы Рианна тууралуу даректүү тасма тартылат

Apple TV+ платформасы ырчы Рианна тууралуу даректүү тасма тартат. Учурда тараптар тасманы чыгаруу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатышат. Анда аткаруучунун жашоосу, ошондой эле анын кийинки жылы сахнага кайтып келиши тууралуу баяндалат. Лентада артисттин Супербоулдун алдындагы репетициясы учурундагы кадрлар камтылат. Анда Рианна 12-февралда АКШнын Аризона штатында концерт… Кененирээк…

Германиядагы музейде каракчылар жүздөгөн эски тыйындарды уурдап кетишти

Германиядагы музейде каракчылар жүздөгөн эски тыйындарды уурдап кетишти. Келтирилген зыян 1 жарым миллион евродон ашты. Полициянын белгилешинче, жеринде профессионалдар иштеген, анткени кол салгандарга тоноо үчүн болгону 9 мүнөт кеткен. Ал эми алдын ала бузулган байланыш каналдары аларга байкалбай калууга жардам берген. Ошентип түнкү саат 1:26да… Кененирээк…

Жалпы республика боюнча аба ырайы кескин өзгөрөт

Синоптиктер Бишкекте жана жалпы республика боюнча аба ырайы кескин өзгөрөрүн эскертишүүдө. Маалыматка ылайык, 26-ноябрдан тарта ордо калааны муздак атмосфера каптайт. Ал жаан жана кар менен коштолот. Ошондой эле катуу шамал болушу күтүлөт. Жекшембиде түнкүсүн 6 градуска чейин суук болот. Кийинки жумада кар жаайт жана күндүзгү… Кененирээк…

Футбол: Ришарлисон Сербия менен беттеште эң мыкты оюнчу деп табылды

Бразилиялык чабуулчу Ришарлисон футбол боюнча дүйнө чемпионатындагы Сербия менен беттеште эң мыкты оюнчу деп табылды. Ал киргизген эки голдун бири кооз ыкмалар менен жасалды. Бразилия менен Сербиянын командаларынын беттеши 2:0 эсебинде Түштүк Америка курамасынын пайдасына аяктаган. Кийинки турда Бразилия Швейцария, ал эми Сербия Камерун менен… Кененирээк…

“Коопсуз шаар” долбоорунун экинчи этабын ишке ашыруу убактылуу токтотулду

“Коопсуз шаар” долбоорунун экинчи этабын ишке ашыруу убактылуу токтотулду. Санариптик өнүктүрүү министри Талантбек Имановдун айтымында, подрядчы өз милдеттерин убагында аткарган эмес. Азыр иш сотто каралууда. Бийлик подрядчы менен келишимди бузуу механизмдерин да карап жатат. Эске салсак, “Коопсуз шаар” долбоорун ишке ашыруу 2019-жылдын февраль айында башталган.… Кененирээк…

Экономика министрлиги ишкерлер үчүн бизнес-пландын шаблондорун иштеп чыкты

Экономика министрлиги ишкерлер үчүн бизнес-пландын шаблондорун иштеп чыкты. Үлгүлөр долбоордун техникалык-экономикалык негиздемесинин мисалы болуп саналат. Бул инвестиция тартуу үчүн өзүнүн долбоорун же бизнес-идеясын иштеп чыгууда ишкерге жардам бериши керек. Калыптар долбоорду, уюштуруучулук, өндүрүштүк жана каржылык пландарды, сатуу планын, маркетинг стратегиясын жана долбоордун тобокелдигин талдоочу деталдуу… Кененирээк…

Резидент эмес компаниялар бюджетке 100 млн сомдон ашык каражат которду

Жыл башынан бери Кыргызстандын бюджетине резидент эмес компаниялар тарабынан 100 миллион сомдон ашык каражат которулду. Бул тууралуу министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров билдирди. Анын айтымында, кеп санариптик кызматтарды көрсөткөн жана “Google салыгын” төлөгөн чет элдик IT-компаниялар жөнүндө болуп жатат. Эске салсак, Кыргызстанда ушул жылдын 1-январынан… Кененирээк…

Баткенди өнүктүрүүгө 3,3 млрд сом инвестиция тартылды

Жыл башынан бери Баткен облусун өнүктүрүүгө 3 миллиард 330 миллион сомдон ашык инвестиция тартылды. Президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, бул суммага жалпы 69 долбоор ишке ашты. Жалпысынан 6 кичи ГЭСти курууга инвестор тартылган. Мындан тышкары, 12 кичи цех, анын ичинде 3 тигүүчү цех инвесторлор тарабынан каржыланып… Кененирээк…