Кытайда өрттөрдү эми жаңы муундагы дрондор өчүрөт

Кытайда өрттөрдү эми жаңы муундагы дрондор өчүрөт. Ал мурунку версияларга караганда көбүрөөк иштейт. Машыгуулардын алкагында жаңы учкучсуз учактын алгачкы иши болду. Аппарат өрттү чоң бийиктиктен көбүк менен өчүрөт. Андан кийин жер үстүндөгү өрт өчүрүү кызматы өчүрө баштайт. Дрондун учуу бийиктиги 100 метрге жете алат.

Бишкекте көмүрдүн баасы жана запасы көзөмөлдөнүүдө

Бишкектин отун базаларындагы көмүрдүн баасы жана запасы көзөмөлдөнүүдө. Бул тууралуу шаардык мэриядан кабарлашты. Маалыматка ылайык, Ленин районунун акимиаты Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын инспекторлору, Ленин райондук ички иштер башкармалыгы жана Мамлекеттик салык кызматынын Ленин району боюнча башкармалыгы менен биргеликте Ленин районундагы отун базаларында көмүрдүн баасына… Кененирээк…

Алмаз Имангазиев тышкы иштер министринин орун басары болуп дайындалды

«Кыргыз Республикасынын министрлер кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамынын 18-беренесине ылайык, Имангазиев Алмаз Кулубекович КР тышкы иштер министринин орун басары болуп дайындалды. Тиешелүү чечимге КР министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.

Жалал-Абадда орус тилин акысыз үйрөтүүчү борбор ачылды

Жалал-Абад шаарындагы Славян диаспорасынын имаратында орус тилин үйрөнүү борбору ачылды. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти. Борборду ачуу аземине Жалал-Абад шаардык мэриясынын уюштуруу иштери боюнча бөлүм башчысы Малика Мустапакулова, Оштогу Россиянын илим жана маданият борборунун өкүлдөрү, Славян диаспорасынын өкүлү Виктор Малюженко, жогорку окуу жайлардын мугалимдери жана… Кененирээк…

Касым-Жомарт Токаев ант берди

Казакстандын кайрадан шайланган президенти Касым-Жомарт Токаев салтанаттуу түрдө кызматына киришти. Бул тууралуу «Казинформ» эл аралык маалымат агенттиги билдирди. Маалыматка ылайык, инаугурация аземи Астанадагы Эгемендүүлүк сарайында өтүүдө. Ошентип, Казакстан Республикасынын Конституциясынын 42-беренесине ылайык, жаңы шайланган мамлекет башчысы ант берди. Казакстандын шайланган президентинин инаугурациясынын урматына ант бергенден… Кененирээк…

Ибраимов атындагы Ош драма театры түзүлгөндүгүнүн 50 жылдыгын белгиледи

Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрында театрдын түзүлгөндүгүнүн 50 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара өттү. Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдиргендей, иш-чаранын алкагында көрүүчүлөргө мыкты спектаклдердин үзүндүлөрүнөн турган кеңири чыгармачылык программа тартууланды. Театрдын жамаатын Ош шаарынын вице-мэри Жасур Азимов куттуктап, бул маданий мурастын жаш… Кененирээк…