Караколдо жаңы жылдык балаты орнотулуп баштады

Караколдо жаңы жылдык балаты орнотулуп баштады. “Турмуш” басылмасынын маалыматына ылайык, иштерге “Тазалык” муниципалдык ишканасынын кызматкерлери тартылды.   Чыңгыз Айтматов атындагы аянтты кооздой турган токой сулуусунун бийиктиги  21 метрди түзөт. Ал жергиликтүү бюджеттин эсебинен 2017-жылы сатып алынган.

Кыргызстандык кыз-келиндердин көбү тейлөө тармагында иштейт

Кыргызстандык кыз-келиндердин көбү тейлөө тармагында иштейт. Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, өлкөдө аялдар менен эркектердин иш менен камсыз болуусу чоң айырмачылыкка ээ.   Бул физикалык мүмкүнчүлүктөргө жана салттарга байланыштуу.   Алсак, Кыргызстанда аялдардын көбү кыймылсыз мүлк, билим берүү, саламаттыкты сактоо жана калкты социалдык тейлөө тармактарында… Кененирээк…

Бишкектин үй-бүлөлүк медициналык борборлору бейтаптарды эс алуу күндөрү дагы кабыл алат

Бишкектин үй-бүлөлүк медициналык борборлору бейтаптарды эс алуу күндөрү дагы кабыл алат. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, бул балдар арасында курч респиратордук вирустар көбөйгөнүнө байланыштуу кабыл алынган чара.   Бейтапканалар дүйшөмбүдөн ишембиге чейин эртең мененки саат 8ден кечки 6га чейин иштесе, жекшемби күндөрү түшкө чейин ачык… Кененирээк…

Кыргызстанда учурда 8 гидроэлектр станция курулуп жатат

Кыргызстанда учурда 8 гидроэлектр станция курулуп жатат. Улуттук энерго холдингдин маалыматына ылайык, тизмеде Үч-Коргон ГЭСи, Камбар-Ата ГЭСи, Жалал-Абад облусундагы чакан станция, Таластагы Бала-Саруу жана Нарындагы Куланак ГЭСтери бар.   Компаниядан белгилешкендей, буга чейин президент энергетикалык тармакка салым кошкон инвесторлорго жеңилдиктер бериле турганын убадалаган.   Андан… Кененирээк…

Венгриянын ЖОЖдоруна гранттык негизде кабыл алуу башталды

Билим берүү жана илим министрлиги кыргызстандык абитуриенттерди Венгриянын жогорку окуу жайларына 2023-2024-окуу жылына гранттык негизде кабыл алуу башталганын кабарлады.   Аталган министрликтин интернет сайтындагы маалыматта Stipendium Hungaricum программасы боюнча жашы 18ге толгон, жалпы билим берүү боюнча аттестаты, англис тилин билгенин тастыктаган документи (TOEFL, IELTS) бар кыргызстандык жарандар… Кененирээк…

Кыргызстанда 2023-жылы доллардын курсу төмөндөйт

Кийинки жылы Кыргызстанда доллардын орточо курсу бир аз төмөндөйт. Бул туурасында Евразия өнүктүрүү банкынын 2023-жылга карата макроэкономикалык божомолунда камтылган. Божомолдор төмөндөгүдөй: 2022-жыл — 83,7 сом; 2023 — 83,3 сом; 2024 — 85,2 сом. «Сомдун курсу 2023-жылы 82-84 сомдун деңгээлинде болуп, орто мөөнөттү келечекте акырындык менен… Кененирээк…

Франция курамасынын чабуулчусу Карим Бензема дүйнө чемпионатына кайтып келиши мүмкүн

Франция курамасынын чабуулчусу Карим Бензема дүйнө чемпионатына кайтып келиши мүмкүн. Буга чейин “Алтын топтун” ээси алган жараатынан улам ойной албай турганы жарыяланган.   Бирок ал тез арада калыбына келип жатканы айтылууда. Андыктан, Бензема ушул жумада машыгууларга кайтып баштайт, ал эми анын оюн талаасына чыгышы боюнча… Кененирээк…

Мэрия Бишкекке алып келине турган 120 автобуска айдоочу издеп жатат

Борбор калаанын мэриясы жакында Кытайдан 120 автобус алып келинерине байланыштуу айдоочуларды жумушка чыкырып жатат. Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасы D категориясындагы айдоочуларды кабыл алат. Документтердин стандарттык топтомунан тышкары, талапкерлер газ менен жүргөн транспортту башкарууга уруксат берген күбөлүктү көрсөтүшү керек. Эскерте кетсек, автобустар 15-декабрга чейин алып келинери айтылган.… Кененирээк…

Бүгүн футбол боюнча дүйнө чемпионатынын тайпа ичиндеги турдун үчүнчү айлампасы старт алат

Бүгүн футбол боюнча дүйнө чемпионатынын тайпа ичиндеги турдун үчүнчү айлампасы старт алат. Бишкек убактысы боюнча кечки саат 9да “А” тайпасындагы Нидерланды курамасы менен Катар беттешет.   Дагы бир оюнда Сенегал – Эквадор футболчулары топ талашат. “В” тобундагы бардык курамаларда плей-оффко чыгууга мүмкүнчүлүктөр бар.   Ал… Кененирээк…

Бишкекте 3 эм төрөлдү

Бишкекте 3 эм төрөлдү. Эне-баланы коргоо улуттук борборунун маалыматына ылайык, наристелер  Ысык-Көл облусунун Кара-Ой айылынын тургундарынын үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келди.   Буга чейин алардын эки уул, эки кызы бар болчу. Ымыркайларга Садырбек, Камчыбек жана Ынтымак ысымдары коюлду.